Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Оштогу көпүрө башкача салынганы калды


Ош шаарындагы курулушу токтоп калган көпүрө. 10-март, 2014.
Ош шаарындагы курулушу токтоп калган көпүрө. 10-март, 2014.

Көпүрөнүн курулушу менен таанышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарына мынчалык чоң көпүрө куруунун кажети жоктугун билдирди.

10-мартта Ошто иш сапары менен болгон өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү тез арада бүтүрүү керектигин курулуштун абалы менен таанышып жатып билдирди. Анын пикиринче, иш мурдагы долбоор менен жүрсө курулуш 15 жылга чейин созулуп кетет. Ошол себептүү ал жергиликтүү бийликке альтернативдүү долбоор даярдоону тапшырды. Ал эми шаардык кеңештин айрым депутаттары жаңы долбоор иштеп чыгуунун зарылчылыгы жоктугун айтууда.

Ошко чоң көпүрөнүн кереги жокпу?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушун бир сыйра карап чыккан бул жерге чогулган журналисттерге үн катпады. Өкмөт башчы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун окутуучулары менен жолугушкан учурда гана көпүрө жөнүндө ойлорун ортого салды:

Өкмөт башчы көпүрөнүн курулушу менен таанышууда, 10-март.
Өкмөт башчы көпүрөнүн курулушу менен таанышууда, 10-март.
- Былтыр 40 млн. сом менен башташыптыр. Быйыл да 40 млн бөлүнүптүр. Эгерде жылына ушунча суммадан каражат жумшап турсак, бул көпүрө 15 жылда араң бүтөт. Ошол себептүү башка бир инженердик чечимди издеп, азыр адистерге тапшырма берели деп атабыз. Эми анчалык чоң көпүрө куруунун кажети деле жок да. Ош шаарынын өзүнүн ылайыктуу ландшафты бар, биз ошол ландшафтты колдонушубуз керек. Аны бузсак болбойт да.

Өкмөт башчы көпүрөнү баштапкы долбоору менен бүткөрүүгө Кыргызстандын каражаты жетпестигин да кошумчалады:

- Биз эмне Он-Адыр менен Бир-Адырды, Ак-Бууранын эки өйүзүн, эки кырын бириктире турган көпүрө курмак белек. Андай болбойт го. Идеясы жакшыдыр, бирок бул курулуштун долбоорун бүгүнкү күнү Кыргызстандын экономикасы көтөрө албайт. Ага 500-600 млн. сом, аркы-берки жолдорду кошкондо 1 млрд. кетет экен, бул өтө эле көп да. Бирок биз курулуштун бүтпөй калышына жол бербейбиз. Азыр болгону курулуштун каражатын жеңилдетели деген оюбуз бар.

Премьер-министр ушул эле күнү түштөн кийин Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда көпүрө маселесин жабык талкуулады.

Оштун жаңы мэри Кадырбаев көпүрө курулушу менен таанышууда. 22-февраль, 2014.
Оштун жаңы мэри Кадырбаев көпүрө курулушу менен таанышууда. 22-февраль, 2014.
Бирок жаңы долбоор кандай болоору азырынча белгисиз. Ал долбоордун суммасы, көпүрөнүн узун-туурасы канча болоору да беймаалым. Жергиликтүү бийликтегилер көпүрө ашып кетсе 200 млн. сомдун тегерегинде гана болоорун болжошууда.

Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов буларга токтолду:

- Азыр биз Ош шаардык мэриясы, өкмөт тарап, шаардык кеңештин депутаттары атайын адистер менен дагы бир сыйра кеңешип, элге зарыл болгон бир чечим кабыл алабыз. Балким жаңы долбоор экономикалык жактан пайдалуу, сарамжал долбоор болушу мүмкүн. Эң башкысы коомчулукка, элге пайда алып келе турган долбоор иштелип чыгат. Ал ошол көчөнүн айланасындагы тыгындарды азайтууга, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошушу шарт.

Калаа жетекчиси Айтмамат Кадырбаев да кызматка келген күндөн бери көпүрө боюнча башкача долбоор сунуштаарын айтып келатат. Жергиликтүү бийликтер ошондой эле көпүрөнү курууга шаардын бюджети жетпей турганын айтып, өкмөт курулушка жардам кылышы керектигин да бир канча жолу билдирген.

"Мырзакматов канча каражат болсо да тапмак"

Кантсе да айрымдар көпүрөнү жаңы долбоор менен куруунун зарылчылыгы жок деген пикирди карманууда. “Улуттар биримдиги” фракциясынын жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Рысбек Мирзаматов мурдагы мэр көпүрөгө канча каражат болсо да тапмак дейт:

Оштун мурдагы мэри Мырзакматов көпүрө курулушун баштоо салтанатында, 5-октябрь, 2013.
Оштун мурдагы мэри Мырзакматов көпүрө курулушун баштоо салтанатында, 5-октябрь, 2013.
- Ар бир жаран үй салып атканда дагы алгач пландаштырып туруп анан салат. Биринчи жылы фундаментин куят, кийинки жылы кышын курат, үчүнчү жылы шыйпырын жабат, анан ошентип план менен иш кылат. Бул көпүрөнүн курулушу деле ушул сыяктуу план менен башталган жана ошондой ишке ашыш керек. Биз Мелис Мырзакматов мэр болуп турган убагында да ошондой эле план менен иш кылып жүргөнбүз. Ош шаарынын өзүнүн бюджети жетпеген менен инвестиция тартуу, коомчулуктун колдоосу менен көпүрө бүтмөк. Көпүрөнүн мурдагы долбоору элдин колдоосу менен башталып, шаардын башкы планына киргизилген. Эми аны кантип өзгөртүп, кандай кылып башкача салышаарына мен эч түшүнбөйм жана таң калып турам.

Жыл башында Ош шаардык прокуратурасы эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Ошол себептүү иш учурда токтоп турат. Шаардык кеңеш жыл башында курулушка деп 60 млн. сомдой каражат бекитип берген.

Орто жолдо калган эстакадалык көпүрөнүн курулушун буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары да Оштогу көчмө жыйында талкуулап кетишкен. Анда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев курулушту бүткөрүүгө саясий эрк керек экенин айткан болчу:

- Бир нече айдан бери көпүрөнүн айланасында жаңжал болуп атат. Өкмөт дагы, башка чиновниктер дагы көпүрөнүн тагдырын ары же бери деп айтпай атат. Көпүрө керекби, керек эмесби? Курулабы, курулбайбы? Эч ким эч нерсе дебейт. Демек биз бул жерден түрткү берип, саясий эрк, саясий чечим менен ушул ишти жылдырышыбыз керек. Ал эми көпүрө керек экендиги бул шексиз, азыркы учурда Ош шаары үчүн өтө зарыл. Бул курулуш айрыкча ошол жерде кредит алып, соода кылып аткан ишкерлердин, миңдеген айдоочулардын, же жөн эле шаардыктардын проблемасын чечет. Ошол себептүү сөзсүз түрдө көпүрө курулушу керек. Муну өкмөт бир-эки айдын ичинде чечиши керек. Толук вариантында курулабы, же кыскартылган вариантында курулабы, анан финансылоо маселеси кандай болот, өкмөт буга тез арада тигил же бул чечимин чыгарышы зарыл.

Көпүрө курулмакчы болгон Навои көчөсү жабылгандыктан шаардыктар жарым жылдан бери автотыгындын курчоосунда олтурат. Бул жагы Масалиев проспектиси, тиги өйүз Ленин, Курманжан датка көчөлөрү эртели-кеч тыгын.

Токтоп калган курулуш, 22-февраль.
Токтоп калган курулуш, 22-февраль.
Шаардын бир тургуну Арафидин Абдрашитов жаңы курулуш тууралуу мындай пикирде:

- Бул башталып калган нерсени эми кайра жаап койгонго болбойт. Кадимкидей көпүрө курулушун биз, жашоочулар талап кылабыз. Анткени бул жер бир жыл же, эки жыл кызмат кылбайт, бул көпүрө көп жылдык курулуш болуп кала берет. Шаардын бюджети муну курууга жетпей калышы мүмкүн. Бирок эл бар, журт бар. Азыр калктын турмушу кудайга шүгүр жаман эмес, бизнесмендер бар. Уялбай этпей эле марафон уюштурсун, элден жардам сурасын. Биз мына 1000 сомдон болсо да жардам беребиз, а колунда барлар млн. сомдон болсо да жардам кылышаар. Ошентип аракет кылып бүткөрүп алсак болот. Колду жайып эле олтура берсек олтура беребиз, бизге ким кылып бермек элек. Мырзакматов балким толтура катачылыктары менен, шашып баштап жибергендир. Бирок бул келечек үчүн керек көпүрө. Анткени жол артериалдык жол, шаардын эки тарабын, Ак-Бууранын эки ныптасын бириктирген эки чоң көпүрөнүн бири. Көпүрө бүтсө тыгын да азаят, кыймыл да калыбына келет. Ансыз азыр шаардын көчөлөрүндө бут коёрго жер калбай калды.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, унаалар айланып каттай башташкан. Курулуш 539 млн. сомго бааланып, кытайлык ишкерлерге тапшырылган болчу.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG