Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

2025-жылга чейин Ош шаарында он төрт кичи райондон турган көп кабаттуу үйлөр курулушу мүмкүн. Бул үчүн шаардын борбордук бөлүктөрүндөгү жапыз жер тамдардын бузулушу күтүлөт. Бул боюнча Ош шаарынын башкы мерчемин жана аймактык өнүгүүсүн иштеп чыгуу боюнча төгөрөк үстөл жыйынында талкууланды.

Ош шаарынын иштелип чыгып жаткан башкы мерчемине ылайык, Рыспай, Ош-Ордо, Гүлчө, Алымбек датка, Алай жана Кыргызстан сыяктуу аталыштардагы он төрт кичи район тургузулат. Аталган кичи райондор шаардын борбордук бөлүгүнүн чыгыш жана батыш жактарынан орун алышы болжолдонууда. Аталган аймактарда курула турган көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы аянты үч миң алты жүз гектардан ашуун аянтты ээлейт.

Жаңы Ош шаарынын башкы планы
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров бул үчүн андагы жапыз жер тамдарды бузууга туура келерин белгиледи:

- Шаардагы кайсы бир райондорду же болбосо кандайдыр бир монокварталдарды бузуп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруш үчүн акча каражаты керек. Ошондуктан жакында каражат болуп ишти баштап жиберебиз дегенге али эрте. Каражат табылышына жараша баскыч-баскычы менен кичи райондорду кура баштайбыз. Анан ошол жердеги планга кирген жер тамдар бузулат. Андагы элди башка жакка көчүрөбүз.

Калктын өсүшү жана жердин тартыштыгы

Ош шаарында калктын саны статистика боюнча 250 миңден ашуун. Бирок акыркы он жылда шаарда каттоого турбаган калктын санын эске алганда жарым миллионго чамдаганы болжолдонуп жүрөт. Шаарда жекече турак-жай куруу үчүн жер алууга отуз беш миңге жакын адам кезекте турат.
Таалай Сабиров шаар бийлиги жерди үнөмдөө үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курууга муктаж экендигин кошумчалады:

- Жекече жер там курууга уруксат бере берсек бизге жер жетишпейт. Ошондуктан биз компакттуу түрдө бир мерчемделген жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү курсак экономикалык жагынан да утат элек. Биз баягы элүүнчү-алтымышынчы жылдары ылайдан курулган жер тамдарды бузуп, ошол эле жерлерге көп кабаттарды башташ керек болуп турат. Анткени алар жер титирөөгө туруштук бере албайт.

Көп улуттуу аймактар - заман талабыбы?

Ошондой эле бийлик бул кадам моноэтникалык кварталдардын кыскарышы менен улуттар ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө шарт түзөт деп бекемдешет. Анткени июндагы этностор аралык кагылышуу учурунда аралаш жашаган аймактар аз жабыркаганы мисалга алынды.

Жаңы Ош шаарынын башкы планы
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев шаардын борбордук бөлүктөрүндөгү бузула турган жер тамдардын ээлерине тандоо мүмкүнчүлүгү бериле тургандыгына токтолду:

- Компенсация аласыңбы, көп кабаттуу үйдөн батир аласыңбы же шаардын четинен жер аласыңбы деген үч түрдүү шарт менен тандоого мүмкүнчүлүк бергени жатабыз. Эч кандай мажбурлап көчүрүү болбойт. Мына ошондуктан эски тамдарды бузуп, андагы элди көчүрүү коңшу мамлекеттерге караганда бизде кымбатка түшүшү мүмкүн. Аларда бийлик башкача болгондуктан мындай маселени жөнөкөй жол менен чечип, түнү барып, бульдозер менен буздуруп туруп, анан көчүп кеткиле деп жатышпайбы. Бизде укуктук мамлекет курабыз деп жаткандыктан андайга жол бербейбиз.

Кырдаал кыраакылыкты талап кылат

Оштогу шаар курулушунун башкы мерчеминдеги жапыз жер тамдардагы үй-бүлөлөрдү көчүрүү маселесине эл аралык уюмдардын өкүлдөрү этият мамиле кылууну сунушташты. Айрыкча кайсы бир этникалык топ обочо жашаган аймактардагы үйлөрдү бузуу чечими оор кабыл алынышы мүмкүн экендиги эскертилди.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун өкүлү Гүлнара Журабаева мындай маселени чечүүдө жергиликтүү элдин пикири эске алынышы керектигин белгиледи:

- Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да ошол аймакта жашаган адамдардын күч менен көчүрүлүшүнөн абдан чочулашат. Анткени мындай алдын ала ойлонулбаган кадамдар кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн. Айрыкча башка этникалык топтун өкүлдөрү мындай чечимдерди өздөрүнө каршы багытталган иш-аракет катары баалашы мүмкүн. Албетте бир аралаш жашаган аймактардын болушу жакшы. Бирок этносаясий факторлор эске алынышы керек.

Чет элдик жардам күтүлөт

Ош шаарынын башкы мерчемине ылайык, он жыл ичинде анын жогору көздөй өсүшүн өнүктүрүүгө кеминде он миллиард доллар керектелет. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, жабыркаган аймакта үй курулушуна казынадан быйыл 140 миллион доллар бөлүнгөн.

Жантөрө Сатыбалдиев жакынкы мезгилде эл аралык донорлордун күчү менен Ошто турак-жай жана башка социалдык объектилердин курулушу болжолдонуп жаткандыгына токтолду:

- Шанхай кызматташтык уюму Ошко кичи район куруп берүү боюнча демилге көтөрдү. Биз болсо азыр беш, он же он беш миң батирлик көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча сунуштамаларды берип жатабыз. Бул демилге гранттык жана жеңилдетилген насыя түрүндө эмдиги жылдан башталат. Ошондой эле Иран, Түркия мамлекеттери да өздөрүнүн жардамдарын айтып жатышат. Ирандыктар маданий-социалдык имараттарды куруп беребиз дешсе, кытайлар саламаттыкты сактоо жана социалдык турак-жай курулушуна кызыгып жатышат. Бул боюнча долбоорлор иштелип чыгуу алдында турат.

Ош шаарынын башкы мерчемин иштеп чыгууга жергиликтүү архитекторлор жана шаар долбоорлоо адистери тартылган. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев учурда он төрт жумушчу тобу шаардын башкы мерчеминин негизги бөлүктөрүн иштеп чыгууну аяктап калгандыгын билдирди. Шаар курулушунун долбоору кийин чет элдик эксперттердин кароосуна сунуштала тургандыгы айтылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG