Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Ош: сапатсыз курулуштардын санаасы


Жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы чөгүп кеткен аянтча. Ош, 1-август, 2012
Жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы чөгүп кеткен аянтча. Ош, 1-август, 2012

Ошто жаңы түшкөн үйлөрдүн тургундары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы салган үйлөр сапатсыздыгына нааразы болууда.

Үйлөрдүн ичинде газ жана суу түтүктөрү эмитен эле жараксыз абалга кептелсе, имарат алдындагы аянтчалар чөгүп кеткен. Ал эми дирекция муну жакын арада оңдоп бере турганын убада кылууда.

Утуру ар кайсы жеринен көйгөй чыгып, жашоочулардын мазесин кетирген 64 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенине араң бир жыл аяк басты. Батирлеринен суу акканы менен мындагылар эч кимге айтпай, өткөн кышты эптеп өткөрүштү. Бирок дагы деле оңдоо иштери колго алынбай жаткандыктан аргасыз коомчулукка кулак кагыш кылып коюуну чечишкен.

Жашоочулардын бири Асылбек бул үйдү куруучулар “колдон өтөр, үйгө жетер” кылып курушканына нааразы:

- Бул жерге тепкич курулуп, тиги жакка унаа коюучу жай болуш керек эле, бирок баары курулбай калып кеткен. А курулган асфальттары болсо, минтип көчүп түшүп, андан чыккан суу жертөлөгө кирип атат. Бөлмөлөрдөгү суу түтүктөрүнүн баары кыркылып, суу чыкса ал дагы үйдүн ичин каптайт. Көпчүлүк батарейкалар кесилип жаткандыктан кышында аябай кыйалдык. Материалдары, арматуралары бүт эле Кытайдан келген сапатсыз курулуш материалдар. Кармасаң сынып калат. Суу бурагычтары болсо, бурасаң суу чыкпайт, чыккандай кийин кайра жабылбайт. Келип көрүшүп оңдойбуз деп кетишкен, алигиче бирөө жарым жок.

Анар кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары арыз-муңун айтуудан деле коркуп калышкандай. Аты-жөнүн айтып коюшса, эртеси дирекциянын өкүлдөрү келип аларды бир сыйра опузалап кетет имиш. Жашыруун калгысы келгендердин бири “Азаттыкка” мындай деди:

- Алгач үйдүн жарымын жабыр тарткандарга берген дагы, 16 батир белгисиз себептерден улам берилбей туруп калган. Ошондо сууну коё беришкенде суу түтүктөрү жарылып кетип үйлөрдүн ичин каптап, дубалдары көчүп кеткен. Бир сыйра оңдомуш болгон менен ошол 16 батирдин газ шаймандарын, суу шаймандарын, ажаткана, ванна, жарык ж.б. эмеректерин бүт уурдап кетишкен. Мен ошол батирлердин бирине киргениме 20 күндөй болду. Бизге берген учурда батирлердин эшиктери ачык, ичи аябай начар эле. Жадагалса ток сайгыч, эшиктин кармагычтарынан бери алып кетишкен.

Жашагандарына жыл айланса да бул жердегилер көгүлтүр отунсуз отурушат экен:

- Эми баарын айтып чыкканда не. Үйлөрдүн арткы терезелери да талкаланып калган. Дубалдары көчүп түшүп атат. Абалы өтө коркунучтуу болгондуктан шаардык ЖЭК комитети жараксыз деп кабыл алган эмес. Башкача айтканда бул жердегилердин коопсуздугуна эч ким жооп бербейт. Кудуктардын оозу ачык болгондуктан балдар 2-3 жолу түшүп кетип өлүп кала жаздады. Газ жок болгондуктан бир жылдан бери электр энергиясы менен гана жашап чыгып жатабыз, - деди аталган үйдүн комитет жетекчиси Роза Касымова.

2010-жылкы июнь окуясынан жабыркагандар үчүн Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан салынган мындан башка үйлөрдө да ушул сыяктуу маселелер бар экенин ошол үйлөрдө жашагандар ачыкка чыгарууда. Дирекция болсо буга негизинен үйлөрдү салган курулуш фирмалары айыптуу экенин айтып келет. Бирок алар түзүлгөн келишим боюнча бузулган жерлерди оңдоп-түзөп берээрин убада кылууда.

Дирекциянын техникалык бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Карабаев буларга токтолду:

- Бул үйлөр каркастык формада курулгандыктан мында Кытайдан келген материалдар, арматуралар иштетилген эмес. Үйлөр негизинен сапаттуу эле, анча-мынча проблемалары эле болбосо. А сапатсыз болсо, же бир жери бузулган болсо аны ошо курган фирмалар өз эсебинен оңдоп беришет. Мамлекетке бир тыйын да зыян келбейт бул иште. Эми булардын сапаты негизинен биздин техникалык бөлүм, мамлекеттик көзөмөл бөлүмү жана лабораториялык кызматтар тарабынан текшерилген.

Деген менен Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы менен үй курган фирмалардын ортосундагы кепилдик келишимдери аягына чыгып калганы да ачыкка чыгууда. 64 батирлүү көп кабаттуу үйдү “Интер-Планета” жана “Керме-Тоо” жеке менчик курулуш фирмалары салган. Дирекция тарабынан Ош шаарында курулган көп кабаттуу 11 үй бар.

Жаңы үйлөрдөгү кемчиликтерден сүрөтбаян

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG