Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Оппозицияга каршы "эски ыкма"


Оппозициядагы депутат Равшан Жээнбеков жыйындын үзгүлтүккө учурашын бийлик кысымы катары баалады.
Оппозициядагы депутат Равшан Жээнбеков жыйындын үзгүлтүккө учурашын бийлик кысымы катары баалады.

Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн Ош шаарында өткөргөн жыйыны үзгүлтүккө учурады.

Элүүдөй аял жана жигит “Аристократ” ресторанындагы чогулуштун уюштуруучуларына жумуртка ыргытып, “Кыргызстанды бөлүп жатасыңар!” деп кууп чыгышты. Мындан улам кыймыл лидери Равшан Жээнбеков жана депутат Өмүрбек Абдырахманов чогулушту токтотуп, унаага түшүп кетүүгө аргасыз болду. Бирок кийин чайханага түштөнүүгө барган жеринен, аларды белгисиз аялдар дагы айдап чыгышты.

“Аристократ” ресторанындагы улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн жыйыны башталбай жатып эле аяктады. Он мүнөтчө сөз сүйлөгөндөн кийин эле сырттан кирип келген 30-40тай аял ар нерсени айтып, ызы-чуу чыгарып жиберишти. Аздан кийин аларга дагы 20-30дай чымыр денелүү жигиттер кошулуп, чатак ырбады. Алар жыйын өткөрүп жаткандарга “Тополоң чыгарганы келдиңер!”, “Кыргызстанды бөлүп жатасыңар!” деген дооматтарды коюп, кыйкырышты. Эки тарап кызуу талаш-тартыш үстүндө, анча-мынчасы уюштуруучуларды бир-эки жолу жумуртка менен уруп жиберүүгө да үлгүрдү. Окуяга милиция көз салып турду. Бир топ жаңжалдан кийин оппозиция өкүлдөрү жыйынды таркатып жиберүүгө аргасыз болду.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов бул боюнча мындай деди:

- Биз Исмаил Исаков жана Равшан Жээнбеков болуп, Кыргызстанды башкаруунун, өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыкканбыз. Аны ММКлардан жайылтып, аны өкмөткө, президентке сунуштаганбыз. Ал документ жашыруун сыр эмес. Анан Оштон жаштар бизди чакырып, ошол концепцияны түшүндүрүп бергиле дегенинен атайын келгенбиз. Эми эле чогулуп, сүйлөп баштаганда ызы-чуу салып, жыйынды үзгүлтүккө учуратышты. Бул биринчиден, бийликтин алсыздыгынан кабар берет. Азыркы бийлиги демократия жолу менен Кыргызстанды өнүктүрүүгө каршы экендигин көрсөтүп жатат. Бакиевдин, Акаевдин бийлигинен айырмасы жок, минтип жөнөкөй эле жолугушууларга тоскоолдук кылышууда.

Ошто оппозиция жыйыны үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Чогулуш мурда облустук китепкананын имаратында өтөрү маалымдалган. Бирок китепкана түтүгүнөн суу агып, ыңгайсыздык жаралгандан улам жыйын “Аристократ” ресторанында өтмөй болгон. Ага болжол менен 50дөн ашык жаштар өкүлү чогулган эле. Аялдардын ызы-чуусунан кийин уюштуруучулар бул жерден кетип, түштөнүү үчүн “Дархан” чайханасына барышкан. Бирок нааразы болгон аялдар атайын кичиавтобус менен барып, депутаттарды чайханадан да кууп салышты.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков аларга болгон каршылык аракеттеринде милициянын аралашып жатканын сынга алды:

- Бийлик мамлекетте өзгөрүүлөрдү жасай албаса, реформаларды киргизе албаса, башка идея сунуш кылган адамдарды, башка көз караштагы адамдарды ушинтип, күч менен басым жасап, коркутуп, эл менен жолугушууга тыюу сала баштайт. Тилекке каршы мунун баары милициянын коштоосу менен болуп жатканы өкүнүчтүү. Кадимкидей жолугушуулардан коркуп, ага тоскоолдук кылып жатканы эки нерсе менен байланыштуу. Биринчиден, президент Атамбаевдин бийликти күч менен кармап туруу аракети. Экинчиден, аябагандай агрессивдүү, бардыгын күч менен чечем деген Мелис Турганбаевди ички иштер министри кылып дайындап койду. Ушул киши келгенден кийин Ички иштер министрлигинде бирөөлөрдү себепсиз камап салмай, кысмакка алуу, коркутуу, бут тосуу, тоскоолдук кылуу сыяктуу саясат жүрө баштады.

Жогорку Кеңештин депутаттарын Ошко чакырган жаштардын өкүлү Сонунбек Жунусбаев да бул иш-чара жөн гана студенттерге лекция форматындагы эле жолугушуу экенин белгилейт:

- Ошто атайын “Лидерлер мектеби” деген курс бар. Ошонун негизинде биз түрдүү саясатчыларды, ректорлорду, таанымал кишилерди чакырып, курста окуган жаштар менен жолуктуруп турабыз. Бул деле ошонун алкагында жасалган иш болчу. Бийликчил депутаттар менен буга чейин жолуктурганбыз, оппозициячыл депутаттар менен жолугушуу ушундай нерсеге туш болду. Жөн эле бир сабакты, тренингди саясатка айлантып, жаштардан коркуп жатканы менимче бийлик үчүн уят нерсе. Бул узакка барбайт. Бул жерде бирөөнү кетсин деген сөз жок, эч ким революция даярданып жаткан жок. Анан эмнеге аялдарды, орой айтканда “ОБОНчуларды” жөнөтүп, жыйынды токтотуш керек эле, ушуга түшүнө албай турам.

"Украинадагы кырдаалды каалабайбыз"

Ал эми жыйынды өткөрүүгө каршы болгон тараптар өздөрүнүн нааразылыктарын минтип түшүндүрүштү:

- Чындыгында биз аябай тажадык. Тынч жашайлычы, эч нерсе уюштурбагылачы деп ушул жыйынды өткөрүп жаткандарга айтканы келдик. Украинадагыдай жарандык согушту баштагыбыз келбейт, энелер ошонун алдын алып калалы деп жатабыз. Азыр булар оппозиция деген атты жамынып алып, жаштарды уюштуруп, анан тополоң уюштурабыз деп жатат окшойт. Мен деле анча түшүнгөн жокмун, жөн эле уктум. Биз жөн гана ынтымакты каалаган аялдарбыз. Эл бар экен угуп келдик. “Айткыла, дегиле” дешти эле, болуптур, кези келсе айталы, дейли, түшүндүрөлү, тополоңду каалабайбыз деп келдик. Бирок “Кууп салгыла!” деп эч ким айткан эмес, - деди өзүн Марипа Осмоналиева деп тааныштырган Ош шаарынын тургуну.

Ал арада чогулушка катышкан онго жакын жигитти милиция кармап кеткени маалым болду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков милиция тараптардын ортосунда чыр-чатактын алдын алып калганын билдирди:

- Бизге саат 10:00дөрдө телефон чалуу болгон. Чалган адам “Ош шаарында “Аристократ” ресторанынын алдында агрессивдүү маанайдагы адамдар жүрөт, келгиле, уруш болуп кетиши мүмкүн” деп айткан. Анан биздин оперативдүү топ дароо жетип барган. Барган учурда чындыгында эле ал жерде оппозиция өкүлдөрүнүн тарапкерлери менен аларга каршы келген жарандардын ортосунда кагылышуу болоюн деп калган экен. Милициянын күч-аракети менен тиреш токтотулду. Андан кийин эки тараптан тең бир нече адамды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кайра кое бердик. Милиция нааразы тарап менен бир деген жалган сөз, жеңил пиардын тегерегиндеги каралоо. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бирок тергөө иштери уланып жатат.

Ошентсе да кыймыл лидери Равшан Жээнбеков чогулуш тынч маанайда уюштурулганын айтып, аны үзгүлтүккө учуратууну бийлик тарабынан жасалган бут тосуу катары сыпаттады.

Буга чейин Таласка курултай өткөрүү максатында бараткан жаш активисттерди укук коргоо органдары жолдон кармап, баракчаларын тартып алган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG