Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Ооганстан боюнча Москвада өтө турган жыйынга АКШ катышпайт


Гилменд провинциясында талибдерге каршы күрөшүп жаткан ооган аскерлери.
Гилменд провинциясында талибдерге каршы күрөшүп жаткан ооган аскерлери.

Кошмо Штаттар 14-апрелге белгиленген Ооганстан боюнча ар тараптуу жыйынга катышуудан баш тартты.

Associated Press агенттиги Мамлекеттик департаменттин өкүлүнө шилтеме жасаганына караганда Москва алдын ала жыйындын максаты тууралуу Вашингтон менен сүйлөшпгөндүктөн дал ушундай чечим кабыл алынды.

Москвадагы жыйынга Ооганстандын, Пакистандын, Ирандын, Индиянын жана Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Буга чейин Орусия "Кремль Ооганстандын түштүгүндөгү талибдерди курал менен камсыздайт" деген АКШнын билдирүүсүн четке каккан.

23-мартта мындай божомолун НАТО күчтөрүнүн Европадагы башчысы, генерал Кертис Скапарротти билдирген. Ошол эле күнү талибдер Ооганстандын Гилменд провинциясындагы стратегиялык районду басып алышканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG