Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Оштогу “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнөн 5-6 жыл ичинде 3 бала жашы жеткендиктен улам чыгып кеткен. Дагы экөө үй-бүлө куруп, кайра эле ошол жерде жашап атышат.

Алар өздөрү да наристелүү болуп калышты. Балдар үй жетекчилиги аларды ушундай абалда сыртка чыгарып койо албаганын айтат.

Кристина “Алтын уя” балдар үйүнө 7 жашында келген. Барар-көрөрү жок болгондуктан эми минтип жыйырмага толсо да, бул жерден кете алган жок. Ушул жердеги балдардын бири менен баш кошуп, азыр ымыркайлуу да болуп калышкан экен:

- Менде да, күйөөмдө үй жок. Ата-энемди көргөн эмесмин, кайнене-кайнатам каякта экенин билбейбиз. Айласыз жашыбыз жетсе да ушул жерде жашап калдык. Бул жерде калгандан кийин үйлөнүп да алдык. Анүстүнө балдарга да каралашып атабыз. Азыр эми тамак-ашыбыз жакшы. Төрт маал тамак ичебиз.

Кристинанын баласын карашканга бул жердеги апасы жана жолдошу да жардам берет:

- Балабыз көп деле ыйлабайт. Балдарды мурдатан карап жүргөнүм үчүн кыйналган деле жокмун. Эми азыр бир жерде иштесекпи деп, күйөөм экөөбүз максат кылып жатабыз. Иш чыгып калса, апам өзү иш таап, өзү камсыз кылып койот. Ал бизге өтө чоң жардам берип келатат. Биздин тоюбузду, бешик тоюбузду өткөрүп берди. Бөлмөбүздү да балага, бизге ылайыктап жасап берди. Бешигибизди да, коляскабызды да апам сатып берди.

Жолдошу экөөнүн тең өз алдынча иштеп, үй-жай күтүп, жашап кетүү кыялы бар. Биринин ата-энеси такыр эле жок болсо, бирисин таштап кетишкен. Кристинанын күйөөсү Назар:

- Эми азыр жашообуз жаман эмес. Бойдок кезде анча билген эмес экем. Үйлөнгөндөн кийин көп нерсени түшүнүп калгансыдым. Баягы “балам, балалуу болгондо билесиң” дегендей болуп атат. Азыр айла жок баламды кучактап коюп эле отурам. Көп максаттар бар, иштеп, үй алып, бул жерден бөлүнүп чыгып кетип жашасам деген. Байып кетсем кайра бул жерге келип жардам бербейт белем.

Тамара Токтомамбетова

Тамара Токтомамбетова

Алар бул жерге кичинекей кезинен келгендиктен өзү менен өзү болуп калышкан. Тарбиячысын “апа” деп аташып, баары бир үй-бүлө сыяктуу. Атүгүл бул жердеги 12 бала тең балдар үй жетекчисинин фамилиясын алып жүрүшөт. Ачылган 5-6 жыл ичинде бул жерден болгону 3 бала гана чыгып кеткен. “Алар да окуп кетишкен” дейт директор Тамара Токтомамбетова:

​- Биздеги кыздардын сойкулугу каяктан чыгып атат, балдардын бузулуп кетип, башкесерликке, бейбаштыкка кетип аткандары каяктан чыгып атат? Жаман ишке баргандары ушундан чыгат да. 18 жашка чейин балдар үйүндө тарбияланат, андан айдап жиберет. Анан ал каякка барат? Бирок мен эч чыгаргым келбейт. Мен эгер бул экөөнү чыгарып койсом, көчөдө калат, баласы нташтап койот, үй-бүлөсү бузулат. Булар ушул жерде гана үй-бүлө болуп кармалып турат. Бул жерде турса, буйруса, тизмеге жаздырып жер алып берем, анан ал жерге үй салып өз алдынча чыгып кетишээр. Үй-бүлөлүк балдар үйү болгондон кийин бардык жактан жардам берем. Энелик милдетимди аткарып, багып карайм.

Бул жерде ар бир балага күнүнө 85 сомдон акча каралган. Мындан башка ремонт жагын мамлекет каржылап берет. Калган каражаттын баарын балдар үйү эл аралык уюмдар менен иштешип табат. Ошентсе да “жашы жеткен балдарды мында кармап турууга болбойт” деп бийликтерден эскертүү келүүдө дешет мындагылар:

- Бул эми бир эле маселе. Бир эле кыз менен баланын тагдыры болуп атат. Мындан башка балдардын тагдыры кандай болот? Алардын баарын ушул жерде карай берүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок да. Башка балдар үйлөрүндөгү канча бала жатат! Ошон үчүн бул жагынан өкмөт атайын токтом чыгарып, кам көрүү жагын ойлонуш керек. Болбосо ушуларды эптеп караш керек. Азыр эми билбейм кандай болуп калды. Абдан кыйын болуп атат. Документтерин бүткөрүшүп, жардам бергендин ордуна, омбудсмен менен мэриядан келип алышып, “бул балдардын жашы бүтүп калса деле неге бул жерде жашап атат” деп текшерүүгө алып кетишти. Андан башка нерсени билишпейт.

Бирок бийликтер кароосуз калган балдар атайын жайлардан чыккандан кийин да камкордукка алынып жатканына ишендиришет. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыкалык Акжолов “Азаттыкка” мындай деди:

- Балдар ал жерлерде тарбиялануу менен бирге жалпы шаардагы мектептерде окуй беришет. Эгерде жашы жетип, 11-классты бүткөн болсо, ошол каалаган окуу жайына барып, каалаган кесибине тапшырууга акысы бар. Окуу жайларга алар колдоо иретинде бюджеттик негизде өтөт. Эгерде кесипчилик жагын тандап, же өздөрү жактырып, маселен чач тарач, же ширеткичтикти үйрөнөм десе, аларды да ошондой жерге киргизиүүгө аракет кылабыз. Балдарды жөн эле тарбиялап чыгарып койбой, даяр бир кесиптин ээси кылып койсок балким, өзүнүн жашоосун өзүнүн оюндагыдай кылып кетет деген ой. Бул жагынан мамлекеттик атайын программалар бар, алар мындан ары дагы иштей бермекчи.

Шаарда жетим жана кароосуз калган балдар үйлөрдүн саны төртөө. Анын экөө шаардык билим берүү башкармалыкка, бирөө медициналык мекемеге жана дагы бирөө түз эле мэрияга баш ийет. Ошого карабай жылына ондогон балдар жашы жеткенден кийин көчөдө калып жатканын адистер айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG