Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Воллебек улуттук азчылыктардын абалына кызыкты


ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кнут Воллебек 3 күндүк иш сапарынын алкагында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстандагы улуттук саясат боюнча мамлекеттик концепция, өзбек тектүүлөрдүн укуктары жана өзбек тилдүү мектептердин кыргыз тилине өтүү абалы тууралуу сөз болду.

Жолугушуу деп аталганы менен, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кнут Воллебек жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадовдун учурашуусу байкаган кишиге кенен маекке, же отчет берүүгө эле окшошту. Жогорку комиссардын катар-катар берилген суроолоруна жергиликтүү бийлик өкүлү жооп кайтарып турду.

Воллебек алгач эле Оштогу өзбектерге байланыштуу саясат тууралуу собол узатты:

- Менин угушумча, Ош шаарынын жакасында массивдер уюшулуп, анда жер тилкелери негизинен кыргыз калкына гана берилип жатыптыр. Муну менен эми Ошто өзбектер менен кыргыздардын балансы бузулуп, кыргыздар көп болуп калып жатат. Ошол себептүү, көбү бул жерде өзбектердин таасири да азайып кетет деп жатышат. Сиз мындан кандайдыр бир проблема көрө аласызбы?

Ахмаджан Махаммадов Оштогу массалык жер берүүнү ички миграция менен байланыштырып, мында эч кандай азчылыкка карата ыдык жоктугун айтты:

- Союз бузулгандан кийин биз каражат жетишсиздигинен жумушка орноштуруу, иш берүү маселесин чече албай калдык. Азыр Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда, анын айланасында гана өндүрүш, кызмат, баары өнүгүп атат. Ошол себептүү райондордон келип, бул жакта жашаган ички мигранттар көбөйүүдө. Жер алып аткандар да негизинен кыргыз улутундагылар болуп калууда. Бирок мындан эч кандай көйгөй чыкпайт, болбойт дагы. Эки эл бири-бирин котормочусуз түшүнөт, дини да, көрү да бир. Экинчи жагынан алганда ошол эле жер берилип жаткан Кең-Сай, Ачы массивдеринен өзбектер деле тилке алып жатышат.

Комиссар Воллебек Ноокат районундагы өзбек тилдүү мектептердин мамлекеттик тилге өтүү маселесине да кызыкты:

- Көп тилдүү билим берүү ынтымакты чыңдоонун бир механизми деп жатасыз. Бирок биз билебиз, Ноокатта 9 өзбек мектеби жабылып, кыргызчаланды, өзбек тилдүү мектептерде кыргыз класстары ачылып жатат. Ушул жагдайда президенттин тил жөнүндөгү жардыкка кол коюшу, өзбектердин өз тилинде билим алуусун камсыз кылып бере алабы? Сиз кандай ойлойсуз?

ЕККУнун комиссарынын суроосуна өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадовдун жообу мындай болду:

- Мына, мен деле өзбек тектүүмүн жана бул нерсеге каршы эмесмин. Биз балдарды муктаждыктан улам кыргызча окутуп жатабыз. Өзбекче окуган балдар Өзбекстанда ЖОЖго тапшыра албайт, Кыргызстанда окуюн десе тил билбейт. Өзбек тилдүү мектептер кыргыз тилине өтөр алдында ата-энелердин макулдугу алынган. Ноокатта эле эмес, Кара-Суу, Өзгөн жана Араван райондорунда деле ата-энелер балдарын кыргыз тилинде, орус тилинде окутууга кызыкдар болуп, ошого аракет кылып атышат. Каалабагандарды мажбурлоо жок.

Махаммадов улуттар аралык маселе боюнча Ош облусунда 2016-жылга чейин стратегиялык план түзүлүп, иш ырааттуу жүрүп жатканын белгиледи. Жолугушууда ошондой эле, өкмөт жаңыдан ишке киргизгени турган улуттук саясат боюнча мамлекеттик концепция да сөз болду.

Ал ортодо Оштогу өзбек коомчулугу да аз улуттарга карата басмырлоолор учурда дээрлик жок болуп калганын айтышууда. Шаардагы өзбек улуттук борборунун президенти Рашид Ходжаев мындай дейт:

- Бүгүн күндө Кыргызстанда, анын ичинде Ошто бардык эл бир болуп калды. Кыргыз, орус, тажик, өзбек - ким болсо да тең укуктуу жана ошол укуктары тепселенген жок. Шаарда, облус аймагында мамлекеттик иштерде өзбектер мурда кандай иштеген болсо, азыр да ошондой иштеп атат. Алардын укугун эч ким бузган жери жок. Мектептерде дагы бир топ эркин болуп калышты. Өзбек ата-энелери каалаган тилинде балдарын окута алышат.

Ал эми байкоочу Керим Калыкулов улуттук азчылыктардын укугу деп отуруп, кээде ашыкча эле даттануулар орун алып жатканына токтолду:

- Улуттук азчылыктын өкүлдөрү кээ бир учурда ушундай бир нерсени кетирип атышат. Маселен, өзбектер жөн эле бир банкта да, же дагы бир ишканда узакка кезекке туруп калса да “бизди антип атышат, минтип атышат, муну ала албайбыз, тигини ала албайбыз, атайылап ушинтип атышат” дей беришет. Негизи ошол эле банктарда, же адамдар көбүрөөк кайрыла турган жерлердин баарында бир эле өзбектер эмес, башка улуттун өкүлдөрү деле, түпкүлүктүү эл деле кезекке туруп, ошондой эле кыйналып атат. Анан ушундай нерселерди эле кээде чуу кылып чыгарып жибермейи бар. Ал эмес кээде артыкчылык берилишин талап кылып жиберишкен учурлары да жок эмес.

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кнут Волобек Кыргызстанга бир нече жолу келген. Ал бул жолку 3 күндүк иш сапарында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана билим берүү министри Канат Сыдыков менен да жолукту. Башкы комиссардын Оштогу жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушары айтылып, бирок анысы тастыкталган жок.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG