Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Нарын ТВга Улан Бакиров жетекчи болду


Улан Бакиров
Улан Бакиров

Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясына Улан Бакиров жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри чыгарып, жаңы башчы жамаат менен 20-февралда таныштырылганын мекеменин өзүнөн кабарлашты.

Буга чейин КТРК жана ОшТВда иштеген Бакиров Бейшенбек Калыковдун ордуна келди.

Нарын ТВда кыркка чамалуу кызматкер бар. Канал 24 саат эфирге чыгат. Кечки саат жетиден түн жарымга чейин негизги берүүлөр, калган убакытта кино көрсөтүлөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG