Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында чек арада жайгашкан, көп улут жашаган айылдарда кошумча милиция бөлүмдөр ачылганы жатат.

Бул Ички иштер министрлигинин түштүктө коопсуздукту бекемдөө планына ылайык ишке ашууда.

Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбековдун билдиришинче, ушул тушта Баткенде эки милиция бөлүмүнүн имаратын куруу башталды:

- Түштүктү чыңдоо деген программа иштеп чыкканбыз. Азыр Баткенде Андарак менен Марказ айылдарында эки милиция бөлүмү курула баштады. Жалпысынан Баткен Ош жана Жалал-Абадда 12 милиция бөлүмү ачылат.

Баткенде былтыр жыл этегинде кыргыз-тажик жаштары арасында жаңжал чыккан. Аталган облустун губернатору Жеңиш Раззаков аймакта улут аралык араздашуу чыгышы ыктымал деген очоктор көп экенин билдирип, жалпысынан кошумча төрт милиция бөлүмүн ачуу каралып жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул Андарак, Лейлек районундагы Бешкент, Кадамжай районунун Марказ айылында жана Кызыл-Кыяда борбордук базардын жанында шаардык бөлүм ачуу боюнча сунуш берилген. Бардык нерсе каражатка барып такалат да, азыр эки аймакта курулушту баштадык. Андаракта улут аралык ынтымакты чыңдоо биринчи маселе турат. Марказда болсо чек араны бекемдөө, чек арадагы кылмыштуулукту токтотуу багытында иштер жасалышы керек.

Расмий маалымат боюнча, былтыр Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында 50дөн ашуун чыр-чатак тутанган. Айрыкча Жалал-Абадда Өзбекстандан өтө келип, короодон мал уурдаган көрүнүш күч алган.

Аталган облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов “Азаттыкка” чек арада жайгашкан айылдарда коопсуздукту коргоону жергиликтүү эл өзү көтөрүп жатканын билдирди:

- Эл, айыл өкмөттөр да жер бөлүп берели, башкысы штат берип, чек арада милиция кызматкерлери коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу үчүн да керек деп суранып жатышат. Азыр ушул демилге боюнча иш жүрүп жатат. Биз азыр Сузактагы, Ноокендеги Сакалды жана Достуктагы эки чек ара, Базар-Коргондо Сейди-Кум деген чек ара бар экен, ошол жерлерге бөлүм ачуу максат болуп жатат. Алардын ичинде Ала-Бука, Аксы, Чаткалдын чек арада жайгашкан айылдарында милиция бөлүмдөрүн күчтөндүрүү боюнча да иш жүргүзгөнү жатабыз. Мисалы, беш кызматкер иштесе, алардын санын онго жеткирип, имаратын оңдоп милиция кызматкерлерине шарт түзүп берүү жагы да каралууда.

Өзгөчө макам маселени чечеби?

Азыр өкмөт чек арадагы маселелерди чечкенге аракет кылып жатат. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев 16-апрелде парламентте атайын программа даярдалып жатканын айткан:

- Чек арадагы калктуу конуштар, айыл пункттар боюнча иш-чаралар иштелип чыгып, аларга өзгөчө макам берип, колдоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Чек арадагы конуштарга өзгөчө макам деген иштелип бүтүп калды.

Антсе да чек арадагы аймактарда коопсуздукка эң ириде Чек ара кызматы жооп бериш керек деген пикир айткандар бар. Мурунку чек ара кызматкери, эксперт Кубанычбек Сарыбаев Кыргызстанда чек араны кайтарууга каражат да, күч да аздык кыларына токтолду:

- Чек ара аскерлеринин материалдык-техникалык камсыздоосу жетишпейт, аскерлери жетишпейт. Проблемалардын баары ушундан чыгып жатпайбы. Мына, былтыр 500 жоокер кошподубу, анысы деле жетпейт. Аскерлерге техника, күйүүчү май бериш керек. Өзбекстанда чек арачылардын ар бир машинасына бир айга 3-5 тонна бензин беришет. Бизде болсо 100 эле литр. Мунусу эмнеге жетмек эле?

Оштогу “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков улут аралык мамилени чыңдоону маселесин күч органдары менен толук чечүүгө мүмкүн эмес деген ойдо:

- Улуттарды жакындаштыруу боюнча, андан сырткары эки улуттун бири-бирине болгон көз карашы, бири-бирине болгон мамилеси өзгөрө турган иш-чараларды жасоо менен гана улуттар аралык чыр-чатактын алдын алууга болот. Себеби көптөгөн улуттар аралык чыр-чатактан коркунучу болгон башка деле өлкөлөр бар. Бирок алар деле күч колдонуу менен, же укук коргоо органдарынын күчү менен тыйып келе жатат. Бирок маселени толук, биротоло чечип койо алышкан жок.

Ошто 2010-жылы ири улат аралык араздашуу болгон. Чек арадагы чыр-чатактардын дээрлик баары Ош, Жалал-Абад жана Баткенде өзбек-тажик айылдарына коңшу турган аймактарда орун алууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG