Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Көп улуттуу милиция куру кыялбы?


Абактардагы кыйноолорду азайтуу үчүн Кыргызстандын күч стуруктураларына ар улуттун өкүлдөрүн көбүрөөк тартуу керек. Мындай демилгени президент Роза Отунбаева Ошто жүргөн иш сапарында көтөрдү.

Президент бул үчүн милициянын орто мектептерин аймактарда да ачуу керектигин белгиледи. Бирок милиция жетекчилери күч тармагына башка улут өкүлдөрү иштегиси келбей турганын ырасташат. Ал эми айрымдар башка улуттун өкүлдөрү, анын ичинде өзбек тектүүлөр бул тармакка атайылап кабыл алынбай келгенин айтууда.

Соңку мезгилдеги абактардагы кыйноолор жөнүндөгү фактылар коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Бир даары камактагыларды кыйноону азайтуу үчүн күч тармагында реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгилешсе, айрымдары айыпкерлерди катуу жазалоо керектигин айтып чыгышты.

Өлкө башчысы Роза Отунбаева Оштогу иш сапарында бул маселени азайтуунун негизги жолу катары – күч органдарына түрдүү улуттардын өкүлдөрүн көбүрөөк ишке тартууну сунуштады:

- Мейли орус, мейли татар, мейли өзбек болсун, ошолордун баарын милицияга тартуу талабын коюп жатабыз. Муну биз алтын эрежебиз катары иштетишибиз керек. Айрыкча былтыркы жаңжалдардан кийин бул маселени олуттуу кароо зарылчылыгы чыкты. Жаңжалга чейин деле бул маселе оң жолго коюлбай келген. Акыркы жылдары милициянын курамында башка улуттар такыр эле азайып кетиптир. Бул болсо милицияга ишенимди кетирет экен. Мисалы, башка көздөр да карап турса, аралашса, уруп-сабоолор болбойт.

Президенттин айтымында, кызматкерлер аймактардагы элдин санына жараша кабыл алынышы керек. Маселен, Ош жана Жалал-Абадда тартип сактоо органдарынын тийиштүү курамы өзбектерден түзүлүшү шарт:

- Милициянын орто мектебин Ошто да ачышыбыз керек. Бул жакта бир окуу жайдын базасында ачабызбы же, Бишкектен которуп алып келебизби, кыскасы рекрутмент болуш керек да. Ошол жерде окуудан өткөрүп, түрдүү улуттарды ишке алсак болот. Ошондо калыс болот деп ойлойм.

Маалым болгондой, учурда Ош шаарында ички иштер кызматкерлеринин 10 пайызга жакынын башка улуттун өкүлдөрү түзөт. Анын ичинде 7% өзбек улутундагылар.

Шаардык милициянын жетекчиси Марат Орозбаевдин белгилешинче, бул тармакта иштөөгө өзбек тектүүлөрдүн өздөрүнүн кызыгуусу жок:

- Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгында 592 кызматкер болсо, анын 50гө жакыны өзбек улутундагылар. Башкача айтканда жалпы курамдын 7 пайызын өзбек тектүүлөр түзөт. Ар улуттан өкүлдөрдү көбөйтүү үчүн көп эле иштер жасалууда, ишке да чакырып атабыз. Бирок милицияга ишке киргиси келген өзбек тектүүлөр аз.

Журналист Салтанат Файзуллаева күч органдарынын мындай пикирлерин четке кагат. Анын пикиринче, өзбек тектүүлөрдүн аракеттерине карабастан алардын ишке кириши кыйынчылык жаратып келген:

- Өзбектер милицияда да, прокуратурада да, сотто да иштегенди каалайт, эгер жумушка алса... Бирок кеп каалоодо да эмес, ишке албаганда да эмес. Ал жакта өзбек иштеш керек, кыргыз иштеш керек деген деле ой жок. Болгону милицияда иштегендердин арасында бардык улутка бирдей карашы керек. Ошондо бул маселе көтөрүлбөйт эле.

Файзуллаеванын белгилешинче, Ошто өзбек жаштарынынын аскерге баруусунда да тоскоолдуктар көп:

- Өзбек жаштарынын арасында аскерге барууну каалагандардын саны да көп. Бирок канча келишсе да аскер комиссариаттан “сен барбай эле кой, акча берип кой” деп жөнөтүп жатышат. Барайын десе болбой койгон учурлар бар.

Бир чети мунун башка жагы да бар. Буга чейин аскерде 1-2 өзбекти уруп-тепкилеп койгон үчүн айрымдар “өзбектердин аскерге барбай койгону деле тынчыраак, жакшы” деп коюшу мүмкүн. Бирок өзбектер аскерге барса, аларда да Кыргызстанды коргоо сезими пайда болот.


Кантсе да өткөн жылкы Ош жана Жалал-Абадда болгон тополоң-тоз окуяларга кыргыз армиясынын жоокерлери кошо аралашып, калыс турбай, бир улутка жан тартты деген сын-дооматтан кийин күч тармагы бир улуттуу курамдан көп улуттуу курамга өтүү керектиги байма-бай айтылып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG