Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Сирия: Ал-Бабдын четиндеги жардыруудан 40 киши набыт болду


Ал-Баб шаарындагы Түркия колдогон оппозициянын жоокерлери.
Ал-Баб шаарындагы Түркия колдогон оппозициянын жоокерлери.

24-февралда Сириянын Ал-Баб шаарынын четиндеги кыштакта жанкечтинин чабуулунан кеминде 40 киши набыт болду. Алардын бешөө Түркия колдогон оппозициянын тартип сакчылары, 35и карапайым адамдар.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы жанкечти Соусиан кыштагындагы көзөмөл пунктуна келип унаасын жардырганын кабарлайт.

Азырынча чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок, кечээ Түркия колдогон оппозиция Ал-Баб шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотконун билдирген болчу.

Түркия террорчуларды Сирия чегинен сүрүп чыгуу максатында Евфрат калканы операциясын өткөн жылдын августунда баштаган.

Түркиялык "Анадолу" агенттиги операция башталгандан бери Сириянын чек ара боюндагы 1900 чарчы чакырым аймагы “Ислам мамлекети” террор тобунан бошотулганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG