Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Ош: экстремизмге жол жок


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаардык мэриясына караштуу Коопсуздук жана укук тартиби боюнча координациялык кеңеш күч органдары менен биргеликте чагымчыл аракеттерге каршы туруу чечимин кабыл алды.

Ага ылайык, уюшкан кылмыш топтун мүчөлөрүн кармоо, коррупция, диний экстремизм жана ашынган улутчулдук, жикчилдик менен күрөш жанданат. Калаадагы коомдук-саясий абалды курчутууга аракет жасагандар кармалып, мыйзам чегинде жазаланат. Бирок Кеңешменин шаарда коопсуздук чараларын күчөтүүгө жасаган бул аракетин калаа тургундары бир беткей кабыл алган жок.

Чечимди ишке ашыруу чаралары 1-июлга чейин бекитилет. Мэриянын Коргонуу жана укук-тартип иштери боюнча бөлүм башчысы, Юстициянын генерал-майору Турсунай Айтматованын айтымында, соңку учурда диний-экстремисттик кыймылдардын кеңири кулач жайышы ушундай кадам жасоого себеп болгон:

- Диний-экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө түрдүү террордук иштерди жасап жатпайбы. Ошолордун алдын алуу үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Соңку учурларда динди жамынып, туура эмес жолго үгүттөөлөр күчөп баратат. Андан сырткары 2010-жылы болгон каргашалуу окуялардын кайталанбашы үчүн да ушундай профилактикалык жумуштарды жасап туруу керек. Июнь калабасы деле ошондой чагымдардын кесепетинен келип чыккан. Болор иш болгондон кийин аны ким жасаганын издебей, ошол окуяны болтурбай коюуга аракет жасоо туура деп ойлойм.

Айтматованын оюнча, Кыргызстандагы этностор арасына чагым таштоого негиз бергидей кайрылуулар менен макалалардын ар кайсы булактар аркылуу тарап жатышы, үч жыл мурун улут аралык жаңжалды башынан өткөргөн калаа тургундарынын тынчын кетирүүдө. Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, жакынкы арада чагымчылдык менен алектенип жүргөндөрдү кармоонун механизми да иштелип чыгышы керек:

- Чын эле Оштогу азыркы жагдайда коркунуч бар десек болот. Муну менен дагы эле улуттар аралык келишпестик уланып жатат деп айтайын деген жокмун. Эки кошуна урушуп кетет же дагы бир майда нерсенин айынан эки адам талашып, жаңжалдашып калат экен. Ага саясий боёк сүртүп, күчөтүп, жазып жаткандар бар. Ошол нерсени пайдаланып, дагы бир шумдукту уюштурайын деген күчтөр бар экени талашсыз.

Коомдук тартиптин күчөтүлүшүнө багытталган бул чечим кооганын 3 жылдыгы алдында ар кандай жаңжалдарды алдын алуу боюнча бийликтин аракети катары кабыл алынып жатат. Ошол эле учурда коомчулук арасында бул чечим жагдайды ырбатып жиберет деп баалагандар да аз эмес. Алардын бири шаар жашоочусу Хамида Разакулова:

- Коомдук тартипти күчөтүү менен жогоруда отургандар тынч жашап жаткан элди кооптондуруп алышы ыктымал. Карапайым калк дагы эмне болуп кетет экен деп ойлойт да. Ошондуктан ашыкча иш-аракеттердин кереги жок деп ойлойм.

“Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Руслан Ташановдун пикиринде, чыр-чатактар көп орун алган Фергана өрөөнүндө мындай иш-чаралардын болуп турушу мезгил талабы:

- Чыр-чатак же ар түрдүү талаштардын алдын алууга багытталган профилактика жакшы нерсе. Ошондуктан мен Коопсуздук кеңешинин бул чечимин кубаттайм. Фергана өрөөнү түрдүү жаңжалдардын очогуна айланып баратканы баарына маалым. Бул өңүттөн алып караганда ошол чөлкөмдө жайгашкан шаар катары, Ошто коопсуздук чараларын улам-улам күчөтүп туруу туура көрүнүш. Анткени сырткы ар кандай күчтөр жаштарды диний экстремизмге же башка чатактарга үгүттөп, аймакта көйгөй жаратпайт деп айта албайбыз.

Ошол эле учурда Руслан Ташанов Коопсуздук кеңешинин чечими адам укуктарынын бузулушун шарттабашы керек деген пикирде:

- Коопсуздук чараларын күчөтүү, чагымчыл күчтөргө каршы күрөшүүнү жандантуу менен тартип коргоо органдары карапайым адамдарды туш келди жерде текшерүүгө албашы керек.

Ош шаардык мэриясына караштуу Коопсуздук жана укук тартиби боюнча координациялык кеңештин чагымчыл аракеттерге каршы туруу чечимин ишке ашырууга Улуттук коопсуздук кызматы, шаардык Ички иштер башкармалыгы, прокуратура жана жергиликтүү бийлик чогуу аракеттерди көрмөкчү.

XS
SM
MD
LG