Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

Акыркы кезде дин өкүлдөрү райондорду байма-бай кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Ош облус казысы Ниязалы Арипов “Азаттыкка” маек курду.

- Акыркы кезде райондорду байма-бай кыдырып калдыңыздар. Эл кооптонгондой мечиттерде тескери иштер жүрүп жаткан жокпу? Дегеле коопсуздук маселеси кантти экен?

- Ош облусуна казы катары ишке киришкенимден бери үч максаттын негизинде иштеп жатам. Биринчиси, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөдө диний баалуулуктарга таянып жатабыз. Экинчиси, диний жамааттар арасында алака күчөтүлдү. Ошол эле учурда радикалдашкан айрым түшүнүктөрдү жана агымдарды туура нукка салганга аракетибиз күч. Үчүнчүсү, медреселерде жана Ислам иниститутунда бирдиктүү план-программаны иштеп чыгып, ошого тегиз өтүүнү көздөп атабыз.

Буга чейин Өзгөн районундагы чоң мечитте момун мусулмандар чогулуп, маселелерибизди орой-чарай талкууладык. Ушундай эле максатта облусубуздун булуң-бурчун да тынбай кыдырып атабыз. Мына жакында Кара-Суу районунун борбордук мечитинде элге үгүт-насаат иштерин айтып, ыйман-нысапка чакырдык.

Эң башкысы карапайым калкты жамандыктан адашууга, жалаң жакшылыкка жанашууга үндөп жаткан чагыбыз. Акыркы кездешүүгө 4,5 миңдей адам катышты. Өткөн аптада ушул эле районго караштуу Табалды медресесинде төгөрөк үстөл өткөрдүк. Анда Ош облусундагы медреселердин, Ислам институнун жана башка окуу жайлардын чоң-кичине маселелери кенен талкууланды.

- Жергиликтүү калк экстремисттик жана башка арам ойлуу маанайдагы агымдар Ош жергесинде көбөйүп бараткандыгын айтууда. Сиз буга кошуласызбы?

- Ар бир нерсени эки тараптуу караган оң. Биринчиден, кудайым буйруп, дин эркиндигине ээбиз. Ошол эле учурда өлкөбүздө диний бейпилчилик бар. Мечиттерибиз көбөйүп, жума намазга каттагандар арбып баратат. Экинчиден, айрыкча жаштарыбыз ыйманга кайтып атат.

Бирок кемчиликтерден да кур эмеспиз. Динди колдонуп, андагы улуу баалуулуктарды пайдаланып, ошол аркылуу карамүртөз максаттарын жүзөгө ашырууга далалаттангандар жок эмес. Мусулмандар арасында бузукулук жана чагымчылык жасоодон кайтпаган диний агымдар жана жарандар бар. Биз боордошторубузга исламдын идеясын бурмалабай жеткирип, ошону өнүктүрүүнүн үстүндө тынбай иштегенибиз оң.

- Айрым маалыматтарга караганда дааватчылар Ош жергесинде арбыныраак. Сиз ушул дааватчылыкты тыюу зарыл дегендерге макулсузбу?

- Дааватка тыюу салуу дегеле мүмкүн эмес. Себеби даават деген Исламга чакыруу жана анын туууралыгына үгүттөө. Ошондой эле намазды окуп-үйрөнүүгө көндүрүү. Пайгамбарыбыздын деле максаты ошол – динди элге жеткирүү жана жайылтуу. Бирок азыркы дааватчыларда, албетте, мүчүлүштүктөр толтура. Андыктан аларды тартипке чакырып, эл арасында туруктуу иштегенге көндүрүү абзел. Алар барган жеринин менталитетин, үрп-адатын бекем эске алууга тийиш. Эң башкысы улуттук кийим-кечеси элди өзүнө тартып турганы оң. Биз азыр ушул талаптарды катуу коюп жатабыз.
XS
SM
MD
LG