Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Оштун Масалиев көчөсүнүн айрым тургундары калаадагы мечиттерде азан айтуу тартипке салынсын деген өтүнүч менен шаардык казыятка кайрылды.

Алар азандын бир убакытта айтылбай жатканына нааразы. Андан сырткары кайрылуу жолдогондор азан чакыруучунун милдети үнү уккулуктуу адамга тапшырылсын деген талапты да коюп жатышат.

Алар ушул эле өтүнүчтү тийиштүү органдарга жеткирүүнү өтүнүп, шаардык “Ош шамы” гезитине да жолдошкон. Ага 34 киши кол койгон.

Ош шаарында 60 мечит бар. Алардын баарында күнүгө беш маал намазга чакыруу ишараты катары азан жаңырат.

Кайрылуу жазгандар азан бир мечитте жаңырып бүткөн соң, кийинки мечитте айтыла башташы намаз убактысы башаламандык менен ченелип жатат деген ойду карманышууда. Алар айрыкча бул абал эртең менен Багымдат намазына чакырылган азан учурунда көп байкалаарын айтышат.

Кайрылуу жолдогондордун бири Аксана Абдуллаева:

- Биз азан чакырылышына каршы эмеспиз. Бирок анын бирдиктүү убактысы болсун, жагымдуу үнү бар адам чакырсын деген талапты коюп жатабыз. Кээде азан чакыргандардын үнүнөн балдарыбыз чочуп кетишет. Андай учурларда адамдын кыжыры келет. Азан адамдын кыжырын кайнатпашы керек. Мен азандын үнүн укканда андан таасирленүүнү каалайм. Ошондуктан азан чакыруучу – сопу атайын конкурс менен тандалса деген ойду билдиргим келет.

Бирок азан айтууну тартипке салуу боюнча кайрылуу жасагандардын аракетин колдобогон шаар тургундары да бар. Калаанын Насирдин Исанов көчөсүндө жашаган Дастан Үмөтбай уулу:

- Биздин өлкө диний мамлекет болбогону менен, 80 пайыз эл ислам динин тутунат. Мусулмандар жашаган өлкөдө азан чакырылышы туура эле көрүнүш. Аны калыпка салуу, азан чакыргандардын үнүнө нааразы болууну туура эмес деп эсептейм. Азан ашып кетсе 5 мүнөт айтылат. Ал мен үчүн тоскоолдук болбойт. Азанга тийишпей эле койсок болот. Анын ордуна оңдой турган башка жагдайларга көңүл бурсак. Мисалы, түнкү клубдар кечки саат 11ден кийин иштебесин деген талаптар коюлуп, тийиштүү токтомдор чыкканы менен, уланып эле жатат. Менимче, азанга караганда, ошолор элдин жай турмушуна көбүрөөк тоскоолдук жаратат.

Азан чакырууга байланыштуу нааразы пикирлер негиздүү экенин шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев четке какпайт. Бирок адамдар даттанып жатканчалык чекилик жок экендигин белгилейт:

- Ооба, азан чакырууда мечиттерде бир-эки мүнөттүк айырмачылыктар бар. Аны өзүбүз да байкаганбыз. Бирок өтө эле чоң башаламандык бар деп айта албайм. Азыр абал акырындык менен ордуна келип жатат.

Дин таануучу айрым адистер да азан чакыруу тартипке салынсын деген пикирди колдошууда. Серепчи Искандер Субанкуловдун айтымында, казыят тараптан азан айтуунун убактысы бирдей белгиленгени менен, мечиттерде ага амал кылуу жадыбалда көрсөтүлгөндөй жүрбөйт.

- Биздеги мечиттерде чын эле азан айтууда бирдиктүү тартип колдонулбайт. Ар кайсы мечитте ар кандай убакытта азан жаңырып калып жаткан учурлар бар. Айрым мечиттерде сопусу кечигип калып, анысы башкалардан бир аз кечирээк азан чакырып койот. Кээде, мечитте намаз окуп отурсаң, башка мечиттен азан үнү угулат. Мындай абал, намаз окуп отургандарга тоскоолдук жаратат. Эгер ушул абал бир тартипке салынса, ислам динине карата туура эмес ойдо жүргөн айрым адамдардын пикирлери да өзгөрмөк.

Искандер Субанкуловдун оюнча, азан айтуучу сопу үнүнүн уккулуктуулугуна жараша казыят тарабынан тандалса, коомчулук арасында нааразылыктар азаймак:

- Азанды жакшы үнү бар адам айтышы керек. Бизде көбүнчө «жашы улуу экен, ушул адам азан чакырсын» же «бул киши мечитке көп убакыттан бери келип жүрөт, азанды ушул адам айтсын» деген түшүнүк бар.

Шаар казысы Убайдулла Сарыбаев сопулукка үнү уккулуктуу жана азанды жагымдуу айта турган адистер азырынча шаарда жетишсиз экенин айтты:

- Учурда Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдөгү диний жогорку билим мекемелеринде жаштар окуп жатат. Алардан үмүтүбүз чоң. Менимче ошол жаштардын арасынан үнү уккулуктуу азанчылар чыгат. Бирок азыр азан чакырып жаткан сопуларыбыздын арасында да аябай мыктылары бар.

Азан айтууну тартипке салуу ыкмасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан алгач Өзбекстанда киргизилген. Учурда кошуна өлкөнүн борбордук мечиттеринен башка диний мекемелерде азан үнү жаңырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG