Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Мурзахалилов: Камаловго коюлган оор айыптар далилденген жок


Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

Кара-Суу райондук соту "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду 5 жылга жатак абакка кести. Сот диниятчыны диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу деп тапты. Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес.

Имамга чыккан өкүм боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы төрага орун басары Канатбек Мурзахалиловди сөзгө тарттык.

"Азаттык": Сот Камаловду имамдыкка дайындоо тууралуу муфтияттын буйругу жок экенин аныктаптыр. Ал уруксатсыз же мыйзамсыз иштеген дегенге жатабы?

Мурзахалилов: Бул жерде маселе эки жактуу болуп калган. Рашод Камаловдун атасы Рафик Камалов көп жылдар бою "Ас-Сарахси" мечитинде имам болчу. 2006-жылы террордук актынын негизинде ал жок кылынгандан баштап династия катары мечит баласына өтүп калган. Мен муфтияттын бир эле катасын көрүп турам. Камаловго буйрукту райондун баш имам хатиби чыгарып, казыят бекитип, муфтият расмий документ кылып койсо болот эле. Ошону булар көз жаздымда калтырып койгон. 1990-жылдардан бери вахабиттик уюмдардын Кыргызстанда калыптанышына Рашод Камалов менен анжияндык Абдували Мирзоев деген диний кызматкердин байланышы бар деп массалык маалымат каражаттарында өтө көп айтылып келген. Ошонун негизинде булар чочуладыбы же башка бир себеп болдубу, расмий түрдө дайындалбаганын муфтияттын катасы деп эсептейм.

"Азаттык": Буга чейин ушундай айыптын негизинде соттолгон имамдар болду беле? Аттарын атай кетесиңерби?

Мурзахалилов: Расмий диний кызматкерлердин ичинен Камалов биринчи болуп соттолду. Имамдардын сот жообуна тартылганы менин эсимде жок. Камаловдун феномени биринчи болуп калды окшойт.

"Азаттык": Камаловго адегенде оорураак айыптар тагылган эле. Сот аны диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу деп тапты. Демек, териштирүүдө анын халифат курууга аракеттенген жана Сирияга адамдарды жөнөтүп турган деген башка айыптары далилденген жок?

Мурзахалилов: Мен бул соттук териштирүүгө жакындан байкоо салып, массалык маалымат каражаттары, анын ичинде "Фергана. ру" жана жергиликтүү сайттардан тынбай, карап, окуп турдум. Чындыгында тергөө органдарынын ага биринчи койгон айыптары оор болду. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө алардын көпчүлүгү далилденбей калды. Камаловдун өзүнүн келтирген аргументтери, ошол эле чакырылган диний эксперттердин аргументтери, расмий диний уюмдар, молдолор, имамдар, Оштун мурдагы казысынын келтирген далилдери диний тараптан Камаловдун айыбын жеңилдетти деп эсептейм. Себеби диний жактан халифат түзүүнүн, аны түшүндүрүү жоболорун Камалов исламдын көз карашынан алганда туура эле интерпретация кылгандай таасир калтырды мага. Ал эми китептерди таркатканы, үйүндө сактаганы факт катары аныкталган деп эсептейм.

Чындыгында эле Жакынкы Чыгышка, өзгөчө Сирияга кетип жаткан жаштардын саны түштүк аймактан, айрыкча ошол Кара-Суу районунда өзбек тектүү жарандарыбыз арасында көп учурагандыктан, укук коргоо органдары муну фактылар менен далилдеп бергенден кийин ар бир адам өзүнүн кылган ишине жооп берип, укуктарынан тышкары милдеттерин да билиши керек. Расмий диний адамдардын мындай иштерге аралашуусу бул коом үчүн терс көрүнүш деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG