Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Ош: Имамдардын 30 пайызы атайын билим алган эмес


Ош облустук борбордук мечити
Ош облустук борбордук мечити

Ош облусунда имамдардын 30 пайыздан ашыгы атайын диний билим албаганын облус казысы Сүйүн Ажы Калыков билдирди.

Анафия Досанов Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде техникалык адистикке окуп жатат. Ошону менен катар ал шаардагы “Ыйык Сулайман тоо” медресесинде диний билим алууда. Азырынча анын имам болоюн деген максаты жок:

- Бул жерде азыр куран тереңдетип, анан өзүнчө фикихый илимдерди да үйрөнүп жатабыз. Эми азыр имам болбосок да, намазыбызды туура окушту үйрөнүшүбүз керек. Мен азыр айта албайм имам боломбу же жокпу? Имам болбосом да 5 парзды толук аткарып жүрөм.

Ошол эле учурда аталган медресенин бүтүрүүчүлөрү имам болуп кетип жатканын окутуучулар белгилешти. Ушул тапта мында окуган 100 чамалуу студенттин 20дан ашыгы даяр адис болуп чыгат экен. “Ыйык Сулайман тоо” медресесинин директору Немат Набиев:
Ош шаарындагы “Ыйык Сулайман тоо” медресеси

- Биздин негизги максат мечиттерге имам даярдоо эмес. Биздин бул жерде окугандар, ушул жогорку окуу жайында окуп, ыймандуу доктор, ыймандуу мугалим, ыймандуу инженер, ыймандуу архитектор чыгат. Бардык студенттер сабагы менен кошо эле, бизден келип окуп кете алышат. Эгерде имамдык кесип берилсе ал кызматты аркалап кете алышат. Ошончолук билим деңгээли бар.

Ош облусунда диний билим берген 16 медресе, бир теологиялык факультет бар. Аларды жылына жүздөгөн диний адистер бүтүп чыгат. Бирок алардын көпчүлүгү мечиттерге имам болуп барышпайт экен. Ош облусунун казысы Сүйүн Ажы Калыков муну мындай себептер менен түшүндүрөт:

Сүйүн Ажы Калыков
- Азыр медреседен, жогорку окуу жайларынан диний билим алып чыккандардын баары айылдардагы мечиттерге барып иштебей жатат. Четинен баары сыртка чыгып кетүүдө. Эң эле орчундуу маселе биз айлык бере албайт экенбиз. Жаштардын көпчүлүгү үй-бүлөсүн кантип багам деп барбайт экен.

Расмий маалымат боюнча, Ош облусунда 720 мечит бар. Анын 30 пайызында атайын диний билими жок адамдар имамдык милдет өтөп жатканын облустук казы билдирди:

- Бизде азыр 720 мечит болсо, ошонун 70 пайызында атайын билим алган адистер имамдык кылышат. Калган 30% мечитте мурда мугалим болуп жүргөн, башка тармактарда иштеген адамдар, шартка байланыштуу имам болуп иштеп атышат. Эми аларды иштен кетирсек, тоонун ары жагындагы мечиттерге ким барат. Мисалы 100 түтүн, же 150 түтүн эл болсо, ал жерге ким барып намазын окуп берет, ким барып жаназасын түшүрүп берет, ким барып никесин окуп берет?

Оштогу Мажурум тал мечити
Кырдаалга байланыштуу облустук казыят имамдарды кайрадан окутуу маселесин көтөрүүдө. Жайдагы этностор аралык кагылыштарга имамдардын аралашып кеткени ошол чала сабаттуулуктун натыйжасы экенин жергиликтүү серепчилер белгилөөдө.

Июндагы кан төгүүлөргө тикелей катышы бар деген айып менен төрт динаятчы эркинен ажыратылган. Ал эми шаардагы мечиттердин биринин имамы жакында өкмөттүк күчтөрдүн атайын операциясы маалында набыт болгон.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG