Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Ош шаарында 16-кылымда курулуп, азыркыга чейин пайдаланып келаткан мечит бар.

Рават Абдуллахан атындагы бул ибадаткана чет өлкөлүктөрдүн да көңүлүн өзүнө буруп тургандыктан Сулайман Тоону көргөнү келген туристтер сөзсүз баш багып өтүшөт. Тарыхчылардын айтымында, алты кылымга күбө намазкана бир кездери коомчулуктун маданий иш-чаралары, элдик жыйындар өтүп турган эс алуу комплексинин бир бөлүгү болгон экен.

Сынынан кетпей турат

Сулайман Тоонун чыгыш тарабынын дал этегинде Асаф ибн Бухриянын күмбөзү жана бир катар тарыхый эстеликтер менен кошо Рават Абдуллахан мечитин көрүүгө болот. 16-кылымда курулган бул тарыхый имарат Курманжан Датка көчөсү менен шаардын түштүгүнө карай баратканда Ош мамлекеттик университетинин тушунда, жолдун батыш жагында 50 метрдей ичкериде жайгашкан.

Мечитке кире бериште чоң дарбазанын өйдөсүнөн кирилл жана араб тамгалары менен "Рават Абдуллахан мечити" деген жазуу көзгө урунат. Мечиттин карт тарыхый тагдыры анын дарбазасынан эле билинип турат.

Жыгачтан жасалган баш каалгада чыгышка таандык оймо-чиймелер тартылган. Ар кыл гүлдөрдөн оюлган бул чыгарманы үңүлүп карап отуруп, канаттуунун элесин байкоого болот.

Дубалга кыналган кыштары азыркылардан айырмаланып жалпак жана кичирээк келип, кире бериште "Рават Абдуллахан мечити. XVI кылым. Мамлекет тарабынан корголот" деп кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.

Имарат жамааттарга бөлүнүп намаз окууга ылайыкталган. Үч чоң бөлмөдөн турган мечиттин ичине кирчү эшиктердин саны алтоо. Алар да чыгыш усулунда жасалган.

Мечиттин ичи көп деле кооздолгон эмес. Көгүлтүр жана кызгылт түстө боёлгон дубалдын бир-эки жеринде араб тилиндеги сөздөрдү көрөсүз. Полго төшөлгөн килемдерге тегиз кылып жакендос салынып, анын үстүнө жайнамаздар жайылган. Төрдө имам дарс окуй турган атайын супара бар. Текчелерден диний китептерди көрүүгө болот. Бир сөз менен айтканда, мечиттин ичине баш баксаңыз, жүз жыл артка кайткандай эле таасир аласыз. Ички жасалга өткөн доорлордон элес берип турат.

Музейге айланган мечит

Тарыхый имараттын чоо-жайы тууралуу мечит имамынын жардамчысы Сиражиддин Шамсуддинов кеп салып отурду. Ал Рават Абдуллахан мечити кезинде өзүнчө бир чоң комплекс болуп тургандыгын айтып берди:

- Бул имарат Ош шаарындагы эң эски мечит болуп саналат. Он алтынчы кылымда жашап өткөн Абдуллахан II деген падыша тарабынан курулган. “Рават” дегени орусчага которгондо резиденция деген маанини берет. Башкача айтканда, бул Самарканддагы Регистан сыяктуу бир ансамбль болгон.

Молдо кошумчалагандай, убагында бул жерде элдик жыйындар жана эс алуу кечелери уюштурулуп турган. Анын курамына кирген мейманканалар өткөн кылымдын башында бузулуп кеткен:

- 1943-жылы Сталин диний иш-чараларга уруксат бергенде бул жерди эл мечит кылып пайдалана баштаган. 1963-жылга чейин мечит кызмат көрсөтүп келген. Кийин атеисттердин үстөмдүгүнөн бул мечит музейге айланган. Имарат каралбай, бузулуу коркунучу алдында турганда Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишет. Ошондо Ош шаарынын аксакалдары жана тургундары башкаруу өкүлдөрүнө кайрылып, имаратты оңдоп түзөшкөн.

Күнү-түнү зыяратка ачык болгон бул ибадаткананы Ошко келген чет өлкөлүктөр көрмөйүн кетпейт. Алардын бири, Башкортстан Республикасынан келген Луиза Нигматулина мечиттин дубалдарын кармалап, таң калып жүрөт:

- Бул мечит мага аябай жакты. Бир көргөндө эле анын бир топ кылымдан бери тургандыгын байкайт экенсиң. Курулуш материалдары, айрыкча кыштары анын беш-алты кылым мурда курулгандыгын көрсөтүп турат. Жалпысынан алганда Ош мага жакты.

Маданият министрлигинин карамагына өткөн бул тарыхый эстелик мамлекеттин каражаты менен эки жолу – 1981-82 жылдары жана 2000-жылы Оштун 3000 жылдыгына карата реставрацияланган.

Тарыхый мечит Оштун элине 2089-жылга чейин колдонууга берилген. Маданият министрлигинин карамагындагы бул имарат андан ары тарыхый эстелик катары гана сакталат.

Беш маал намаз окулган мечит үч жүз адамга ылайыкталганы менен жума күндөрү эки миңден ашуун киши келет. Ал эми Айт намаздарында болсо беш миңге чукул момун-мусулман ибадат кылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG