Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

ИМАМ КАМАЛОВДУН ЖАКТООЧУЛАРЫ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


11-август күнү Карасуу райондук акимчилигинин алдында маркум имам Мухамедрафик Камаловдун жактоочуларынын нааразылык акциясы болуп өттү. Анын катышуучулары М. Камаловдун түшүнүксүз кырдаалда атылышына жана ага карата жоочу деген жарлыктын тагылышына нааразы экендиктерин билдиришти.

Жума намазы окулуп бүткөн соң колдоруна “Рафиккары террорист болгон эмес. Биз чындык үчүн. Ислам бул таза дин. Акыйкат бийлик болсун” деген сыяктуу өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде жазылган ураандарды көтөрүшүп миңге жакын адам райондук акимчиликтин алдына чогулду. Маркум имамдын жактоочулары анын түшүнүксүз абалда окко учкандыгын жана ага ар түрдүү жарлык тагылып жаткандыгына нааразылыгын билдиришти:

- Cүннөт менен адамдар жашаш керек десе, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан кысым болуп атат. Имамыбызды атып коюшту. Экинчи имамды алып келсек, ал кудайдын дининен сүйлөсө аны да атып койе берсе эмне болот. Кыскасы элге тынчтык керек - деген ойлорун айтышты митингдин айрым катышуучулары.

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков болсо митингчилердин алдына чыгып, Улуттук коопсуздук кызматынын имам Мухамедрафик Камалов жоочулардын колунда барымтага түшүп, анан алар менен бирге окко учушу мүмкүн деген маалыматын окуп берди. Анын сөзүнө караганда жаңкечтилер имамды кырдаалды курчутуу үчүн пайдаланууга аракеттенишкен:

- Органдардын билдирүүсү массалык маалымат каражаттарына тарап кетти. Ошон үчүн мен ойлойм, эгер биз Кыргызстанда өзүбүздүн динибизди исламды кармап кала турган болсок, эл журтака уят болбой турган болсок биз официалдуу органдарга баш ийишибиз керек. Бул жерде туруп кыйкырып, абалды курчутуштун кереги жок.

Митингдин уюштуруучулары бул божомолго ишенбей тургандыктарын айтышып, маркум имам Камаловдун өлүмүнүн себептерин түшүндүрүп берүү үчүн чакыртылган бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келбегендигин белгилешти. Мухамедрафик Камаловдун уулу Рашуд Камалов митинг өз максатына жеткен жок деп билдирди:

- Биз чакырткан тиешелүү бийлик өкүлдөрү келбей калышты. Биз алардан окуянын чындыгын сурап алалы деген элек. Ошондуктан биз митингди токтотуп, аны башка күнгө жылдырууну сурайбыз. Биз атабыздын түшүнүксүз абалда атылышы жана ага далилденбеген жарлык тагылышынын себептерин билгибиз келет.

Бир канча убакыттан соң митингдин катышуучулары жыйындын калган бөлүгү башка күнү улантыла турганын айтышып, таркап кетишти.

Кубаныч Жолдошов, Карасуу

XS
SM
MD
LG