Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Ош мэриясы 9 кабаттуу үйдүн курулушуна уруксат бербегендиктен 100дөн ашык тургун турак-жайсыз калды.

Алар үй-бүлөлүк жатаканасынын ордуна жаңы үй салуу боюнча жеке инвестор менен келишип, үйлөрүн таштап, батирлерге чыгып кетишкен эле. Калаа бийлиги ар кандай шылтоолор менен курулушту токтотуп койгондуктан алар эми же жаңы үйдөн жок, же эски үйдөн жок көчөдө калышты.

Оштун Черемушка кичирайонунда жайгашкан №128 үй-бүлөлүк жатакана 5 жыл мурда болгон зилзаладан кийин жараксыз абалга жеткен. Андан бери жатакана жашоочулары же жаңы үй сала албай, же башка жакка чыгып кете албай күн кечирип келген. Аягында инвестор табылып, жатакананын ордуна 9 кабаттуу үй түшмөкчү болгон.

Бир ай мурун эле жашоочулар инвестор менен макулдашып, баары батирлерге чыгып кетишкен. Бирок эски имаратты бузуу ортолоп калганда шаардык мэрия курулушту токтотуп койгонун жатакананын комитет жетекчиси Зина Манасова билдирди:

- Бул үй да, бул жерлер да бизге караштуу, биздин менчигибизге өткөнүнө 20 жыл болду. Анан жер титирөөдөн кийин жашоого мүмкүн болбой калып, ӨКМ “авариялык абалда, мында жашоого болбойт” деп жыйынтык чыгарып кеткен. Эми көчүп түшүп бир күнү таштын астында калбайлы деп, көрүнгөн бийликке, көрүнгөн кызматка кайрылып жардам ала албай келгенбиз. Өзүбүз курганга чамабыз жетпейт. Ошол эле мэрияга барсак “инвестор таап, үй салдырып алгыла” дегенинен бир жеке ишкер менен сүйлөшүп, ал 9 кабаттуу үй салмак болгон. Андан ар бирибиз батир алмакпыз. Азыркы бөлмөлөрүбүздөн сырткары квадрат метрине акча төлөйбүз деп макулдашкан элек. Анан эле үй сала баштаганда, келип алышып “үйдүн формасы туура эмес, бала бакча менен спорттук аянтча эске алынбай калган, башка бир үйгө көлөкө түшөт, курулуш иштери башка жашоочуларга тоскоол болот” деп уруксат бербей атышат.

Үй-бүлөлүк жатакананын имараты учурда жарым-жартылай бузулган боюнча турат. Ара жолдо калган жашоочулар азыр батирлерде, туугандарынын үйлөрүндө тыгылып турушкан экен:

- Мэрия, тагыраак айтканда анын кызматкери Таирбек Муратов аттуу адам бизди кысмакка алып жатат. Ошол себептүү бул иш кармалып калды. Биз болсо көрүнгөн батирде айында 7-8 миңден төлөп жашап атабыз. Тургундардын алды 2-3, арты 4-5 балалуу. Туугандардын үйүнө баргандар азыр батпай, айласы түгөнүп турган кези. Көчөдө калдык ушинтип. 5 жыл мэриядан тынбай үй сураганбыз. Жардам бербегенден кийин өзүбүз аракет кылсак бут тосушат. Мындай шаардык бийликтин кимге кереги бар? Папандыктаргабы? Мырзакматов Папан айылындагылар үчүн гана кызмат кылабы?

Үй-бүлөлүк жатакананын дагы бир тургуну Зыягүл Дооронбекова калаа бийлиги жаңы курула турган көп кабаттуу үйдөн 10 квартира сурап атканын айтууда:

- Мэриядагылар биздин үйдү кура турган фирмадан 10 квартира бересиңер деп тымызын сурап атышкан экен. Үй кура турган неме, аларга “5 эле квартира берели” десе болбой атышат. Жердин баары биздин менчигибиз болсо, биз ээлик кылсак анан эмне үчүн шаар башчысы Мелис Мырзакматов бул жерден квартира алышы керек?

Деген менен Ош шаардык бийлиги бул айыптоолордун бирине да макул эмес. Шаардын мэриясынын шаар куруу, муниципиалдык менчик жана туризмди башкаруу бөлүмүнүн башчысы Таирбек Муратов мындай дейт:

- Көп кабаттуу үй курулганга мэрия эч каршы эмес. Бирок алардын азыркы долбоору мыйзам чегинде болбой жатат. Алардын иши атайын жобонун 4-5-пунктуна ылайык келбей жатат. Үйдүн алдындагы жерге спорт жана балдар аянтчасы курулушу керек. Алар аны такыр эле эске албай атышат. Биз жарандарды “батирден чыгып кеткиле” деп айткан эмеспиз, ошол себептүү алардын азыр квартирада жашап атканына жоопкер эмеспиз.

Муратов ошондой эле мэрия жеке менчик жерлерге курула турган үйлөрдөн батир алууга укугу жоктугун жана калаа бийлигинин бул жерден эч кандай батир өндүрүп алуу максаты болбогонун билдирди.

“Курулуш иштерин мен алып барам” деп өзүн тааныштырган жеке ишкер Мамасали Козуев бул талашка тиешеси жоктугун айтууда. Эки тарап макулдашса эле, ал шаардагы бир курулуш компаниясы менен мында үй салууну баштамакчы:

- Биз жашоочулар менен 3 жолу жолукканбыз, макулдашканбыз. Алар өздөрү чыгып кетмекчи болуп, анан үйдү өздөрүнүн үйүнүн квадрат метринен ашыкча жерди сатып алабыз дешкен. Экинчи жагы жанагы үйдүн алдындагы жер боюнча документин жашоочулар (ПЗУ) өздөрү даярдап беребиз дешкен. Алар мэриядан тиешелүү эле жердин документин чийип бергиле деп атышат, ашыкчасына эч ким тийбейт. Мэрия менен талашабы, башка менен талашабы ал жашоочулардын жеке иши. Биз алардын талашына аралаша албайбыз, ага укугубуз да жок. Эгер алар келишип, документтерди даярдап, келгиле десин биз барабыз дагы ишти баштайбыз. Бүгүн дешсе, бүгүн барып иш баштайбыз. Анан жанагы балдар аянтчасы, андай-мындай деп айтып жатышпайбы, биз үй курсак, балдар аянтчасы дагы, спорт аянтчасы дагы кошо курулат. Ал жердеги башка жашоочуларга тоскоол болбойт.

Үй-бүлөлүк жатаканада 43 батир болсо, аларда жалпы жонунан 100дөн ашык адам жашачу.

Маалым болгондой, шаарда мындан башка 10 чакты көп кабаттуу үй авариялык абалда. Алардын ээлери шаар мэриясына кайрылып, бирок эч кандай жардам алышкан эмес. Бийликтер аларга жеке ишкерлерге кайрылуу сунушун айтып келишет. Бирок инвесторлор минтип иш баштаганда ошол эле мэриянын өзүнөн кайра тоскоолдук болуп жатканын көптөрү түшүнбөй турушат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG