Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

«Ош университетинин жатаканасында кыздарды зордуктаптыр!» деген кабар июнь коогасына май чачкан башкы шыкакчы болгон.

Кыргыз өкмөтү: Зордуктоо болгон эмес!

10-июндун түнүндөгү бул кабар туш-тарапка чагылгандай тарап, эртеси Ошко коңшу райондордон миңдеген адамдар каптап кирген. Прокуратура да, айрым күбөлөр да мындай зордуктоо болбогонун айтышууда, бирок жатаканадагы зөөкүрдүктүн айланасында көп суроолор жоопсуз калууда.

Рыскул Бактыбаев - Кыргызстандын Баш прокурорунун Түштүктөгү кырдаалга жооп берген биринчи орун басары:

Рыскул Бактыбаев


– Ош университетинин жатаканасында өзбектер кирип алып, 20дан ашык кызды зордуктап, өлтүрүп кетти, ал жерде азыр 13 кыздын өлүгү жатат» деген маалымат түшкөн.

Бактыбаевдын айтымында, жатаканадагы эркек балдар уюшуп, сүрмө топту короого киргизбей кармак калышкан:

Башында эле 200дөн ашык кыргыз студент балдар кайтаруу уюштуруп, сүрмө топко каршы турган. Өзбектер жатакананын терезелерин чагып, мушташ болуп кеткен. Ал жерде чынында да (тополоң болгон, бирок) жатакананын жанында пакистандык бир студент гана өлгөн.

10-июндун түнүндө алгачкы толкундоолор «Алай» мейманканасынын жанындагы ушул жатакананын айланасында башталган. Түнкү саат ондордо эки бала Навои көчөсүндөгү аялдамадан мушташа кетип, алардын бири жатакананы айланып өтүп, ага катарлаш казиного кирип кеткен. Тез эле жүздөгөн киши топтолот. Алардын бир катары казиного кирип барып, кайра мушташ чыгат. Казино өрттөлүп, Курманжан-Датка-Навои көчөлөрүнүн кесилишине кылкылдаган эл толуп чыгат. Жарык өчүп калгандыктан, караңгыда ким биринчи ок атканы да белгисиз, бирок ал ок менен Оштогу ансыз да бычактын мизиндеги бейкуттуктун бырын-чырыны чыгып, беш күнгө созулган кыргыз-өзбек кыргыны башталат.

Баш прокурордун Түштүк боюнча баш өкүлүнүн айтымында, анын кесиптештери жатаканадагы зордуктоо тууралуу кабарды изи сууй электе иликтеп, «мындай зомбулук болгон эмес» деген жыйынтык чыгарышкан:

- Кийин жатакананын вахтерлорун сурадык, алар бардыгы кыргыз-өзбек чоң аялдар. Бир да кызга эч ким тийген эмес. Эртеси, түнү менен ошол кыздардын баарын эвакуациялап, борбордук аянтка алып келип, кийин автобуска салып, үйлөрүнө жибергенбиз.

Бактыбаевдин ишениминде, бул зомбулук тууралуу миш-миш сөздөр бир гана максатта – кыргыздарды өзбектер менен кайраштырыш үчүн атайын таркатылган:

– Бул айылдардагы, Оштун чет-жакасындагы кыргыздарды алып келиш үчүн атайын чыгарган ушак. Мындай ушак-айың көп болду.

Жатаканадагы зордуктоонун болбогонун убактылуу өкмөттүн вице-премьери Азимбек Бекназаров да кесе айткан. Жаңжалдан бир айдан кийин, июлдун 12синдеги "Коммерсант" гезитине маегинде ал «бул ушакты кыргыздар Ошко келип, өч алсын үчүн атайын таркатышкан», - деп ырастаган.

Кооганын алгачкы сааттары: бийлик баарын билеби?

Жатакананын жанындагы оюн клубу өрттөлгөн бойдон турат.

Бирок жагдай баш прокурордун орун басары, же вице-премьер айтканчалык, жөнөкөй эмес.

Биринчиден, прокуратура өзү андан кийин «жатаканада өрттөлдү» деп жазган, экинчиден ал жерде зордук көргөн кыздар менен өзүм сүйлөшкөм деген укук коргоочу чыгууда.

Бекназаровдун билдирүүсүнөн көп өтпөй, Кыргызстандын прокуратурасы жатакана өрттөнгөн деп ырастаган. "Азаттыктын" карамагындагы документтен үзүндүгө көңүл бурсак:

"Өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдын апрел-июн айларындагы улуттар аралык негиздеги массалык тополоң, киши өлтүрүүлөр боюнча козголгон кылмыш иштеринин жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу. 10-июндан 11ине караган түнкү саат 11лерде Навои көчөсүндө, «Алай» мейманканасына жакын жайгашкан «Кристалл» деген оюн клубунда шышкактоонун кесепетинен кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кагылыш башталганы аныкталган."

Баш прокуратуранын 2-2-10 деген номерлүү билдирүүсүндө андан ары жатаканага байланыштуу бул маалымат келтирилет:

"Алай" мейманканасы, ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин жатаканасы өзбек улутундагылар тарабынан талкаланып, өрттөлгөн".

Сөз болуп жаткан казино бүгүн да өрттөлгөн бойдон, терезелери талкаланып, жабык турат. Ал эми "Алай" мейманканасы азыр ачык, жатаканада да кол салуунун эч кандай белгилери байкалбайт.

Прокуратуранын 24-июлдагы өкмөткө жана Түштүк коогасы боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эркебаевге жолдогон бул билдирмеде ошондой эле 10-июндун түнүндө жатакананын жанында 10 миңдей өзбек чогулганы жана милиция тарабынан ок атуучу курал колдонулуп, чогулгандар таркатылганы айтылат. Демек мында «Ким биринчи болуп ок аткан?», «Жаңжалды ким биринчи баштаган?» деген өтө маанилүү маселе да суроо астында калып жатат. Бирок бул өзүнчө тема.

"Кыздар чындыкты айткандан коркушат"


Ош университети өлкөдөгү эң ири жогорку окуу жайлардын катарына кирет. Мында жалпы жонунан 27 миңдей студент окуйт. Окуу жайдын алты жатаканасы бар. Алардын үчөө мына ушул июн жаңжалы башталган «Алай» мейманканасынын жанында, эки чоң жолдун кесишилинде жайгашкан. Анда негизинен элеттен келген жаштар, көбүнэсе кыздар жашайт.

Жергиликтүү журналист Максуда Айтиева: Кыздар чындыкты айткандан коркушат.

Бул жерге жергиликтүү журналист Максуда Айтиева менен чогуу барып, студент кыздарды сөзгө тарттык. Айрымдары микрофонду көргөндө эле тескери бурулуп кетишти. Дагы бир кыз жооп берип, бирок коштошпостон, кеткенге шашылды:

- Мен ал кезде Бишкекте элем, келгенден бери бул тууралуу сөз деле болгон жок.

Бир кыз гана көргөн-билгенин айтып берүүгө макул болду. Узун кара чачы белине түшкөн, кара кайыш курткачан кыз «сүрөткө тартпагыла» деп өтүндү. Ал 10-июндан 11ине караган түнү жатаканда болгонун, ыйлап, эси оогон кыздарды көргөн:

– Биз уктап жаткан болчубуз, эрте жатып алган экенбиз. Саат 12лерде бизди тургузушту. Биз чочуп кеттик. Төртүнчү кабатка чыксак, .баары жыйналып алышыптыр. Ошентип бизди чатырга алып чыгышты. Биз түнкү көйнөкчөн бойдон болчубуз.


Кыздар түнү менен чатырда отургандыктан, көчөдө эмне болуп жаткандыгын биле алышкан эмес, бирок бул күбө жатаканада эч ким зордук көрбөгөнүн билдирди :

- Чатырда түнөдүк. Ок жаап атты. Бирок эч ким кирген эмес. Чатырдан көрүнбөйт экен, бирок дарбазадан эч ким кирген эмес. Балдар кайтарып турушкан экен. Эс-учун жоготкондор болду, бирок эч ким зордукталган жок. Азыр ар-нерсени айтып жатышат. Кийин кийимдерибизди алып кеткени келгенде, ар бирибизди жазып алышкан, эч ким жоголгон жок.

Студент кыз жатаканадагы зордукчулук тууралуу сөз кыздарга оор тийип жаткандыгын кыйытты.

- Телевизордон да, айылга барганда да ар кандай сөздөр болду, бирок ким эмне десе да, өзүбүзгө ак болсок болду да.

Укук коргоочу: Зордук көргөн кыздар менен өзүм сүйлөшкөм

Дарига Асылбекова: Зордукталган 10 кыз менен өзүм сүйлөштүм.

Жатаканада гана эмес, июн окуяларында кордук көргөн башка кыз-келиндер да өз башына түшкөндү эмне үчүн жашырышат? Коомдо буга түшүнүүчүлүк жана сотко ишеним болгондо, балким алар ачыкка чыгып, кылмышкерлер жаза алса жапа тарткандардын көксөсү сууп, коом да ичинен тазаланмак. Бирок азырынча буга үмүт аз.

Дарига Асылбекова «Ак жүрөк» кризистик борборун жетектейт. Көпчүлүктөн айырмаланып, ал жатаканада зордук болгон деген ишенимде. Зомбулук көргөн аялдарга көмөк көрсөткөн борборду 10 жылдан бери башкарып келаткан активист жатаканадагы окуяларды билген жетекчилер менен жолуккан экен. Асылбекова алар жоопкерчиликтен качып, чындыкты айтпай жатышат деп эсептейт:

- Эч ким ойлогон эмес. 10-июндун кечинде уктап жаткам. Эртең менен бул тууралуу эртең мененки саат 7де уктум. Күбөлөргө жолуктум, «эмне үчүн болгонун айтпайсыңар?» десем, алар өздөрүнүн ишинен ажырап калгандан коркуп жаткандыгын түшүндүм.

Асылбекованын борбору Түштүктөгү зордуктоолор боюнча Бириккен Улуттар уюму менен иштешкен саналуу уюмдардын бири. Ал кесиптештери менен БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына июн коогасындагы 61 зордуктоо боюнча документ топтогон. Ардагер активисттин айтымында, тизмеде өзү көздөшкөн Оштогу жатаканада зордукталган кыздардын айрымдарынын ысымдары да бар:

– (Өзбектер) жер-жерлерден бөлүнүп чыгышкан, жатаканада атайын бөлүнгөн балдар өздөрү да мойнуна алышканын теледен көрдүм, ар бирине 5 миң сомдон берип, киргизген. Кыздарды сүйрөп чыгышкан, чатырда учуп өлгөндөр бар. Ошол күнү 20дан ашык кыз зордукталган. Мен 10дон ашыгы менен сүйлөштүм, Кара-Кулжадан, Баткенден, Аксыдан, Лейлектен «убагында айтканбыз, азыр эми айтсаңар, окууңардан ажырайсыңар, ариет-намысыңарды эмне кылышты өзүбүз билебиз деп айтышкан. 10 кыздын ысымдары бар, БУУнун атайын докладчысына «көк китебине» жазып жөнөттүк.

Жапа тарткан кыздар эмне себептен органдарга кайрылып, зордукчуларды сотко тарттырууга эмне үчүн барбайт? Укук коргоочулардын айтымында, зордук көргөн кыздар келсе, тартип коргоочулар аларды «алты саның аман, бар үйүнө» деп арызын кабыл албай койгон учурлар бар.

Дарига Асылбекованын сөзү боюнча, даттанып келген кыздарга сот органдарында орой болбосо да, өтө одоно мамиле жасалгандыктан да, алар адатта арызынан баш тартып кетишет.

Ал эми журналист Максуда Айтиеванын пикиринде, мындай оор кылмыштын курмандыктарына карата коомдогу түркөй мамиле бир көйгөй болсо, ал кыз-келиндер менен иштей ала турган адистер да жетишсиз:

- Ошондой тоз-тополоң маалда, андай зордукчулук болду, ал турган сөз, аны далилдештин да кереги жок. Эмне үчүн ал боюнча иш козголбойт дегенде, бизде алар менен иштей турган психологдор жетишсиз, анын үстүнө кыздын тууган, тааныштарынын мамилеси түз болбойт. Канча кыздар менен жолугушуп жүрөбвз, айтпаңыз деп суранышат.

Анын аралыгында, «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Оштогу жатаканада зордук көргөн дагы бир кыз ага жардам сурап кайрылганын билдирди.

Сөз соңу

Ошону менен, жатаканадагы зордукчулук болгон болсо, ал үчүн эч ким жооп бербей кала берүүдө. Эгер ал болбогон болсо, "Кандайча ушак сөз эки элди кырылыштырды? Ал ушак үчүн жоопкерчилик кимде? Мындай окуянын кайталанбашы үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?" деген суроолор ачык бойдон турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG