Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Мерт болгондор тизмесине эки ача пикир


Ош коогалаңы миңдеген адамды үй-жайсыз калтырды.
Ош коогалаңы миңдеген адамды үй-жайсыз калтырды.

17-декабрда “Кылым шамы” борбору июнь окуяларында набыт болгондордун тизмесин жарыялады. Аталган борбор өз жыйынтыгын “Июнь окуялары учурунда мерт болгондор: курман болгондорду коргоо боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн жоопкерчилиги” деген ат менен жарыялады.

Анда Ош жана Жалал-Абадда июнь айындагы окуяларда набыт болгондордун тизмесине 423 адамдын аты-жөнү кирген.

Суроолорго жооп бергендер:

Азиза Абдрасулова


“Кылым шамы” борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова





Турсунбек Акун



Акыйкатчы Турсунбек Акун







- Азиза айым, сиздер түштүк окуясында 423 киши каза тапканын жарыяладыңыздар. Бул акыркы саныңыздарбы, же дагы тактоолор барбы?

Азиза Абдрасулова: Албетте бул тизме дагы өзгөрөт. Себеби бүгүнкү күндө Баш прокуратуранын билдиргенине караганда, дайынсыз жоголгон 36 адам бар. Анын ичинде 35и Ош облусунан жана Ош шаарынан, ал эми Жалал-Абаддан болсо бир кишинин дайынсыз жоголгону боюнча бүгүн изилдөөлөр жүрүп атат. Бул тарабынан дагы тизме өзгөрөт деген оюбуз бар.

Андан башка Салматтыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө 43 тааныла элек, аныктала элек өлүктөр бар. Андан башка биринчи күндөрү эч кандай медициналык кароодон өтпөй эле көмүлгөн адамдар болгон. Алардын көпчүлүгү да бүгүнкү күндө биздин тизмеге кирбей калган болушу толук мүмкүн. Ошондуктан бул биздин алдын ала жарыяланган тизме жана бул түшкөн маалыматтар аркылуу толукталып турат.

- “Каза болгондордун улутун жарыялоо эки элдин мамилесине, туруктуулукка оң салым кошпойт” деген сындар айтылып жатат. Мындай сынга кандай жооп бересиз?

Азиза Абдрасулова: Менин оюмча, бул ачыкка чыгыш керек. Себеби эки тараптуу тең адамдар имиш-имиш, ушак-айың сөздөр аркылуу миңдеген адамдар каза болду деп бардык жерде айтылып атат. Мен түштүктөгү окуядан кийин беш мамлекетте болдум. Ошол беш мамлекетте дагы катышкандар, журналисттер тарабынан эл аралык деңгээлде ушул суроолор берилип, кеминде 2 миң адам каза болду деп айтылган сөздөр да көп болуп аткан. Ошондуктан биз ачык жарыялап атабыз. Кудайга шүгүр саны бүгүнкү күндө миңге жетпейт. Дайынсыз жоголгондор аныкталгандан кийин, аныктала элек өлүктөрдүн аты-жөнү билингенден кийин балким бул сан кандайдыр бир өзгөрөт. Бирок бул сан, мен ойлойм, 500дөн ашпаса керек деп. Кичинекей Кыргызстан үчүн бул өтө чоң сан, чоң жоготуу. Аны моюнга алыш керек.

Ал эми улутун жарыялагандан эч кооптонуунун кереги жок. Себеби ар бир улут мындан көбүрөк санды айтып аткан. Өзбек улутундагылар “2 миңден ашык өзбек өлдү” деп айтып аткан болсо, кыргыз жактагылар “бир эле райондон жүздөгөн адам өлдү” деп айтып атат. Ошондуктан бул жерде анын улутун жазбастан, жөн эле санын берип койсок, эки тарап тең ойлоп калышы мүмкүн эле “423 жалаң кыргыздар, же жалаң өзбектер” деп. Ошондуктан мен ойлойм, ачык айтканыбыздын эч бир зыяны тийбейт. Биздин элибиз муну туура кабыл алат деген ишеничтемин.

- Рахмат.


Турсунбек Акун: Эрте жарыялаганы чекилик болду

- “Кылым шамы” уюму жайкы коогалаңда каза болгондордун тизмесин жарыялады. Бийлик “бул туруктуулукка салым кошпойт” деп жатат. Сиз буга кандай карайсыз?

Турсунбек Акун: Бийликтики да туура эмес, анткени болгон чындыкты айтышыбыз керек. Канча киши өлдү, фамилияларын айтышыбыз керек, канчасы кыргыз, канчасы өзбек, булардын баары керек. Азизаны бул жагынан колдойм.

Бирок азыркы убакта абал оор болуп турат, жаранын баары бүтө элек, өлгөндөрдүн баары тактала элек, жаш токтой элек. Быйылкы жылды өткөрүп, окуяны кичине басаңдатып, бир топтон кийин статистиканы көрсөтүп коюш керек. Ал эми азыр бардык нерсе курчуп, түштүк маселеси улам-улам көтөрүлүп, адамдар дагы эле өлүп аткан маалда, “Кылым шамынын” тизмелерди жарыялашы атайын эле жасалган иш сыяктуу.

- Бирок ошол эле маалда “2 миңдей киши өлдү, мынча киши көп өлүп кетти” деп удургутканга караганда, ар кандай ушактарга караганда болгонун -болгондой айтуу туурадыр. Анын үстүнө расмий маалымат менен “Кылым шамы” жарыялаган маалыматтын ортосунда беш киши гана болуп атат?

Турсунбек Акун: Акыйкатчы катары айтайын, келечекте мунун баарын сөзсүз түрдө жарыялаш керек. Бирок азыр жарыялагандын өзү жакшы болбойт. Абалды курчутканга чейин алып барат. “Өзбектер көбүрөк өлдү, кыргыздар азырак өлдү, көрдүңөрбү менин айтканым чын” деп Азиза ошону далилдеш үчүн тизмени жарыялап ийип атат.

- Акыйкатчы институту да ошол окуяны иликтеген эле. “Кылым шамы” тарабынан жарыяланган тизме канчалык туура жана так?

Турсунбек Акун: Биринчи маалымат боюнча биз тизменин баарын ПРООНго бергенбиз. ПРООН менен кеңешип туруп анан чыгарабыз деп ойлонуп, азыр чыгаруу эртерээк, абалды куручутуп ийет деп кеңешип чыгарган жокпуз. Бизде да маалыматтар бар. Бирок Азиза Абдрасулованын берген маалыматтардын бир топ чындык жактары бар. Бирок белгисиз, табылбагандар бар, кээ бир тизмелер туура эмес. Ушуну дагы аябай такташ керек. Анткени биз “Кылым шамы” сыяктуу бейөкмөт уюм эмеспиз да. Бүт баарын тактап, көзүбүз жеткенде жарыялайлы деп азырынча ачыктабай турабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG