Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

"Бастырып кирип, балдарымды алып кетишти"


Фарход жана Жахонгирдир ата-энеси, бир туугандары
Фарход жана Жахонгирдир ата-энеси, бир туугандары

Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров шаар тургундары ага-ини Жахонгир менен Фарход Имадиновдорду милиция мыйзамсыз камакка алды деп билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, калаанын Мамажан көчөсүндөгү 49-үйдө жашаган эки бир тууганды милиция кызматкерлери 29-январда өз үйүндө зомбулук көрсөтүп, кармап кетишкен жана алардын туугандарын сабашкан. Шаардык милиция болсо бул эки жарандын кармалышын издөөдө жүргөндүгү менен негиздеп, дооматтар мыйзамсыз экенин билдирүүдө.

Орусияда иштеп жүргөн ага-ини Жахонгир менен Фарход Кыргызстанга 27-январда келишкен. Жахонгир 33, Фарход 31 жашта. Алардын апасы Мухабат Имадинованын айтымында, таң атпай короого жыйырмага чукул чымыр денелүү жигит дарбазадан ашып түшүп, кирип келишкен:

- 29-январь күнү эртең менен азан чакыргандан соң, саат 7лер чамасында көчөдөгү лампочканы өчүрүп, үйгө кирдим. Бир маал тарактаган үн угулду. Чакада сүт бар, мышык төгүп жиберди окшойт деп, сыртка чыксам беткапчан кишилер турган экен. Коркуп кеттим. Эмне болгонун билбей да калдым. "Кимсиң?" деп кыйкырсам, "үйгө кир" деп, бирөө желкеден ары түрткөндө жыгылып түштүм. Анан эле дарбазадан дагы автомат көтөргөн беткапчан кишилер кирип келишти. Дарбазанын кулпусун автоматтын арты менен бузуп салышты. Ар бир үйдү текшеришти. Кызым ойгонуп, ал деле кыйкырды эле колундагы баласы менен кошо түртүп салышты. Жолдошум чыкты эле, ага да кол көтөрүштү, ал оорукчан болчу, абалы оорлошуп калды. Анан эле үйдөн эки баламды сүйрөп чыгышты. Алар уктап жатышкан, жарым жылаңач бойдон сүйрөп, кыштын күнүндө буттарына эч нерсе кийгизбей алып кетишти. Милицияданбы, каяктан келди билбей деле калдык. Себеби бизге эч кандай күбөлүк көрсөтүшкөн жок.

Мухабат эже балдары милициянын атайын операциясынын негизинде камакка алынганын ошол күнү кечке жуук билгенин айтты. Жыгылганда бутун кокустатып алып, азыр гипс менен жүрөт. Ал беткапчан киргендер өзүнүн сөйкөсүн, кызы Шахзоданын алтын чынжырын, Жахонгир менен Фарходдун Орусиядан иштеп таап келген 107 миң рублин алып кетти деп шекшип жатыптыр. "Бирок бул боюнча эч жерге арыздана элекмин" дейт:

- Себеби балдарым ошолордун колунда. Арыз жазуудан коркуп жатам. Бутум кокустап, дарыгерге барып, гипстетип келдим (оң бутун жаңы эле гипске салганы тууралуу медициналык справканы көрсөттү - ред.). Бирок дарыгерлерге деле окуя жөнүдө айтпадым. "Балдар үйүмдүн жанында мушташып кетти эле, ошолорго аралашам деп жыгылдым" деп койдум. Ачыгын айткандан корком, балдарыма залал келбесин дейм. Бүгүн алардан кабар алганы барсам, бир уулум ич кийимчен жүрөт. Айтып коюшса болбойбу, балама шым алып барып бермекмин…

Кармалгандардын таламын жергиликтүү укук коргоочу Равшан Гапиров талашып жүрөт. Ал милициянын бул аракетин азчылыкты түзгөн этносторго карата кезектеги зомбулук жана мыйзам бузуу деп ырастоодо:

- Бирөөнүн үйүнө уруксатсыз бастырып кирүү - мыйзам бузуу. Бул ыкма качан гана адам оор кылмыш жасаган учурда пайдаланылат. Эгер кылмышкер качып, өзүнүн же бирөөнүн үйүнө кирип кетсе, артынан бастырып кириш керек. Башка учурда кызматтык күбөлүгүн, кармоо боюнча соттун санкциясын көрсөтүп, анан колго түшүрүш керек болчу. Мен муну баскынчылык деп эсептейм.

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков
Ага-инини камакка алган шаардык милициянын өкүлдөрү бул окуяда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун ырасташат. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, Жахонгир менен Фарход шаардык соттун атайын санкциясынын негизинде кармалган:

- Жахонгир 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу издөөдө жүргөн болчу. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин негизинде, башкача айтканда, адамдын денесине оор залал келтирүү боюнча изделип жаткан. Коогалаң учурунда бир адамды сабап коюп, ал киши кийин көз жумган. Ал эми иниси Фарход Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине ылайык, эл аралык издөөдө болчу. Ага карата сатып-өткөрүү максатында баңги затын сактоо боюнча кылмыш иши 2009-жылы эле козголгон. Ал эл аралык издөөдө эле. Ушуга байланыштуу ага-инилер милициянын атайын операциясынын негизинде кармалышкан.

Шаардык милициянын өкүлү ошондой эле Имадиновдордун үй-бүлөсүнүн баалуу буюмдары, акчасы милиция колдуу болду деген жоромолду четке какты. "Жергиликтүү укук коргоочу интернет аркылуу такталбаган маалыматтарды таратып жатат", - деп кошумчалады Сыдыков:

- Укук коргоочунун маалыматтарында "денесине залал келтирди, урду, сокту" деген маалыматтардын негизинде кармалгандар текшерүүдөн өттү. Алар өздөрү милиция өкүлдөрүнө эч кандай доосу жок экендигин тастыктаган түшүнүк каттарды жазып беришти. Күч колдонулган болушу мүмкүн. Колго түшүрүү маалында каршылык көрсөтүшкөн болсо, мыйзамдуу түрдө күч колдонулат. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук болсо, алар прокуратурага арыз берүүгө укуктуу. Анын негизинде иш каралат. Баалуу буюмдары менен акчасын алып кетти деген маалымат деле чындыкка жатпайт. Бул милицияны жаман көрсөтүү максатында ойлоп табылган болушу да ыктымал. Аны текшерип көрүп, анан бир сөз айта алабыз.

Бир туугандар азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта отурушат.

Укук коргоочу Гапиров болсо Имадиновдордун иши боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн шаардык прокуратурага арыз даярдап жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG