Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Шарипов: Батыровдун коогага тиешеси жок


Салижан Шарипов "Манас" аба майданында.
Салижан Шарипов "Манас" аба майданында.

Кыргыз эл баатыры, космонавт Салижан Шарипов өргүүгө чыгып, 9-декабрда Кыргызстанга келди.

Ошко жөнөп баратканда, "Манас" аба майданында "Азаттыктын" кабарчысына курган чакан маегинде коога боюнча айыпталган Кадыржан Батыровдун мүлкүнө тиешеси жоктугун билдирди.

- Сиз тууралуу акыркы кездери жалпыга маалымдоо каражаттарында түрдүү кеп-сөздөр жүрөт. Алардын бири Кадыржан Батыровдун университетин менчиктеп алганыңыз жөнүндө. Буга кандай комментарий бересиз?

- Ал айтылган сөздөр чындыкка туура келбейт. Батыровдун эч кандай мүлкүн сатып алган эмесмин. Мен болгону "Дустлик" акционердик коомунун акцияларынын бир бөлүгүн гана сатып алгам. Ал акционердик коомго миңден ашуун киши ээлик кылат.

- Айрым сөздөргө караганда, Салижан Шариповдун Кыргызстанга келип-кетүүсү бир топ кыйынчылык менен коштолуп жаткан экен. Бул канчалык чын?

- Эч кандай кыйынчылык жок. Мен тоскоолдуксуз эле келип-кетип жүрөм. Келгенде расмий өкүлдөр менен да жолугуп жатам. Мага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, мен кылмыш да жасаган эмесмин. Муну баары билет, түшүнөт. Тилекке каршы айрым журналисттер ошондой сөздөрдү чыгарып жатат.

- Сиз менен аэропорттон жолуктук. Кыргызстанга келген максатыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Эмгек өргүүсүнө чыгып, Өзгөнгө, туулуп-өскөн үйүмө баратам. Кыргызстанда үч күн болом.

- Сизди Кадыржан Батыров менен жакын мамиледе деген сөздөр бар, өз ара карым-катышыңар тууралуу айтылып жүрөт. Чынбы ушул?

- Ал киши менин досум. Жакын мамиледебиз.

- Батыров менин досум деп жатасыз, жолугуп калган учурда ага коюлуп жаткан айыптоолор жөнүндө сүйлөшөсүздөрбү?

- Июнь окуясы болгон учурда ал Кыргызстанда эмес болчу. Май айынын башында чет өлкөгө кеткен эле. Анын окуяга тиешеси жок деп эсептейм. Ушул темада сүйлөшпөй эле коёлучу…

- Орусияда кыргызстандык өзбектердин башын бириктирген уюм ачылып, ага Батыров президент болгону, сиз ардактуу президент болуп дайындалганыңыз тууралуу да маалыматтар тараган. Бул канчалык чын же төгүн?

- Жалган. Менин ардактуу президент болгонум, ал уюмду Батыров жетектеп жатканы чындыкка дал келбейт. Мен "Орусия менен Кыргызстандын достугу" коомунун негиздөөчүлөрүнүн биримин. Болгону ушул эле…
XS
SM
MD
LG