Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Ош: курула элек мектептин шектүү тендери


Оштогу мектеп курууга бөлүнгөн жер.
Оштогу мектеп курууга бөлүнгөн жер.

Билим уясын салууга каралган суммага төрт мектеп курса болорун айтып, тендер артында көз будамайлоо бар деп шектенүүдө.

Мектеп курууга алгач 147 млн сом каралса, тендердин мөөнөтү аяктарына аз калганда ал сумма 230 млн сомго өзгөртүлгөн.

Тендерге төрт күн калганда өзгөргөн сумма

Ош шаарынын Амир-Темир кичирайонуна түшө турган мектепти куруу боюнча тендер мындан бир жарым ай мурда жарыяланган. Алгач табыштамаларды берүү мөөнөтү 1-ноябрга белгиленип, ага аз калганда тендердин мөөнөтү 4-ноябрга жылдырылган. Аны менен кошо сырдуу жагдайда тендерге коюлган сумма да көбөйүп кеткен. Бирок ошол эле кезде долбоордо эч нерсе өзгөргөн эмес.

Эки башка суммага өзгөрүп кеткен тендер
Эки башка суммага өзгөрүп кеткен тендер

Жарандык активист Айбек Таалайбек уулу бул боюнча биринчилерден болуп маселе көтөрүп чыкты:

- 23-сентябрь күнкү тендерде “625 орундуу мектеп курууга 147 млн сом мерчемделет” деп жарыяланыптыр. Тендер мөөнөтү - 1-ноябрга беш күн калганда ошол эле “625 орундуу мектеп курууга 230 млн 433 миң сом мерчемделет” деп өзгөртүп салган. Ошол эле кезде долбоордун ичинде эч нерсе өзгөртүлгөн эмес. Талаптары да ошол эле бойдон калган, мурда да 625 орундуу деп саналса, сумма көбөйсө деле ошол боюнча калган. Бул жерде кандайдыр бир коррупциялык схема жаткансыйт. Мэрия өкүлдөрү сумманы көбөйтүү аркылуу анын кайсы бир бөлүгүн кымырып алгысы келип жатат окшойт. Муну күч кызматтары, коррупцияны териштирүү органдары тыкыр көзөмөлгө алып, текшериши зарыл деп эсептейм.

Активист Айбек Таалайбек уулу бул фактыны мамлекеттик сатып алуулар жайгашкан расмий порталды аңтарып жатып байкап калган. Анын айтымында, 230 млн сом Ош шаар бюджетинин бештен бир бөлүгүн түзөт. Эми ошончо чоң каражатка бир мектеп куруу шек туудурат дейт ал:

Айбек Таалайбек уулу
Айбек Таалайбек уулу

- “Кылым курулушу” деп Ошто Навои көчөсүнө көпүрө курганыбызда, 500 млн сомду таба албай канча айлабыз кеткен. Көпүрө орто жолдо эки жыл жатып, акыры жалдырап акча сурап жатып Орусиянын жардамы менен араң бүтүргөнбүз. Эми бул 230 млн сом, так ошол чоң көпүрөнүн эле жарым суммасы болуп жатпайбы? Ушундай чоң каражатка бир эмес, төрт мектеп курсак болмок да. Маселен, буга чейин калаада курулган Назарбаев мектеби болгону 88 млн сомго бүткөн. Башка мектептер деле ашып кетсе 100 млн сомдун тегерегинде бүтүп жатат. Бул жерде эмнеге 230 млн сом коюлуп жатат?

Мектепти куруу боюнча тендер жарыялаган Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан жагдай боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин жетекчиси Шүкүрбек Мадаминов Кытайда жүргөнүн айтса, анын орун басары Жоомарт Карабаев маек берүүдөн жаа бою качты.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү мектепти куруу кымбатка түшүп жатканын андагы айрым курулуш талаптары менен түшүндүрүүдө:

- Биз жер шартын иликтеп көргөнүбүздө, ошол мектеп түшө турган жердин кыртышы абдан борпоң экени аныкталды. Натыйжада курулуштун пайдубалы үчүн, ага темир казык кагып (свая), анан бекитүүгө туура келет экен. Башкача айтканда, ага кеминде 280 темир казык кагылат. Аны кагуу жаңы ыкма болгондуктан, абдан кымбат турат. Ошол себептүү мектепти куруунун наркы болжолдуу 230 млн сом деп бааланып жатат. Албетте, тендерде курулуш фирмалары мындан азыраак суммада долбоор тапшырат. Мен ачык айтып коеюн, бул мектепти курууда долбоорлоо иштери бардык органдар тарабынан текшерилген, мында эч кандай мыйзамсыз нерсе жок. Долбоор мамлекеттик экспертизадан өткөн, мамлекеттик курулуш агенттигинен бардык аныктамалар алынган. Бул долбоордо эч кандай акча кымырып алуу, көз будамайлоо жок, - дейт Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров.

Ошол эле кезде айрымдар Амир-Тимур аймактык кеңешинде жаңы мектеп салууга зарылчылык жоктугуна карабай, бийликтер кымбат мектепти атайын көздөн далдаа салууну мерчемдеп жатат деп боолгошууда.

Оштогу шектүү тендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:24 0:00

Ал эми мэриядагылар аталган райондо жаңы мектепке муктаждык күч экенин белгилешет. Мындай жүйөнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Жеңиш Байзаков да бекемдөөдө:

- Амир-Тимур аймактык кеңешинде бизде жалпы жети мектеп болсо, анын бирөө гана типтүү мектеп болуп саналат. Башкача айтканда, ошол бир эле мектепте спорт залы, актылык залы, аймагы нормага ылайык келет. Калган мектептер бири мурдагы бала бакчанын имаратында, биринин корпусу жетишсиз, кыскасы ушундай. Ошол себептүү ал аймакка жаңы мектептер курулса абдан жакшы болмок.

Тендерге коюлган өзгөчө талап
Тендерге коюлган өзгөчө талап

Деген менен жаңы мектепти куруу боюнча жарыяланган тендерде мындан башка да табышмактуу жагдайлар бар. Маселен, андагы талаптарда курулуш компаниясы 25 метрге чейин чуңкур каза ала турган аппаратка ээ болушу керектиги көрсөтүлгөн. Курулуш тармагындагы адистер белгилегендей, мындай жабдуу Ошто “ИЗОЕЛ” аттуу фирмада гана бар.

Ошол себептүү бул тендер ушул фирманын утушуна гана ылайыкташылган деген жоромолдор айтылып келет. Буга чейин“ИЗОЕЛ” фирмасын Ош шаардык мэриясындагы кээ бир аткаминерлер канатына калкалайт деген имиштер тараган. Сыягы, бул факты тендердин жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болчудай.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG