Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Имам Икрамжан: Эл арасы тынч


Өзгөн шаарынын тургундары тынчтыкты сактоо үчүн чыгышты, 2010-жылдын 15-июну.

Өзгөн шаарынын тургундары тынчтыкты сактоо үчүн чыгышты, 2010-жылдын 15-июну.

Өзгөн шаарынын имамы Икрамжан Хатамжан уулу түштүктөгү кырдаал тууралуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

“Азаттык” Оболу Өзгөндөгү азыркы абалды, элдин маанайын сүрөттөп айтып бересизби?

Икрамжан Хатамжан уулу: Өзгөндө кудайга шүгүр абал жакшы. Бизде былтыр июнь айында болгон окуяларда да эч кандай провокацияга алдыруу болгон эмес, бир дагы адамдын мурду канаган эмес. Элдин калың катмары жакшынакай жашап жатат. Бизде, билесизби, шаарда өзбек тектүү адамдар көбүрөөк жашайт. Айылдарда кыргыз тектүү адамдар жашайт. Бирок дыйканчылык кылган жерлер көбүнчө айылдарда болгондуктан өзбек туугандардын баары ушул айылдарга барып, кээ бирлери шалы эгет, башкалары дагы башка нерселереди айдап, азыр баары эле иш менен талаада жүрүшөт.

Ар кандай ушак сөздөр гезиттерде, элди буза турган сайттарда же телевизорлордо, кайсы бир саясатчы кишилер эч нерсени карабай, ойлонбой сүйлөп койгон сөздөрүнөн улам тарап калбаса, элде андай сөздөр жок. Мына биз имам болуп эл аралап иштеп жүрөбүз, андай сөздөр элдин арасында жок. Былтыр июнь окуясы болгондо дагы 18-июнда биздин базарлар иштеп турган. Оштон биздин базарга келип соода-сатык кылып турушкан. Мына биз кечээ Мырзаке айылында болдук. Ал жерде балдардын майрамын өткөрдүк. Ал жерде эч кандай сөз жок. Бүгүн дагы аксакалдар менен Мырзаке айылында отуруш болот.

“Азаттык”: Айыл-апаны кыдырып жаткан экенсиздер. Анда негизинен кандай маселелерди көтөрүп жатасыздар. Июнь коогасы боюнча эл аралык комиссиянын бүтүмүн эл кандай кабыл алууда?

Икрамжан Хатамжан уулу: Азирети муфтийдин түштүк боюнча орун басары Убайдулла ажы Сарбаевдин имамдарга дайындап айткан программасы бар. Биз имамдар айылдарга барып, алар мечиттерге келип элдин калың катмары менен жүрөбүз. Биз көбүнчө аксакалдар менен кеңешип, ар кандай провокацияларга алдырбоо тууралуу айтып, тынчтык тууралуу көп сүйлөшүп, талкууларды өткөрүп жатабыз. Жаштар менен учурашып, айрыкча спортчулар менен көрүшүп, сүйлөшүп жатабыз. Мына айланып-кыдырып жүрөбүз, бирок мен ушул күнгө чейин андай-мындай болуп жатыптыр деген эч бир сөздү укпадым.

“Азаттык”: Өзүңүз билесиз, түштүктө былтыркы коогалаң мечиттерде азан айтуу менен башталды деген сөздөр коомду кыйла дүрбөлөңгө салган болчу. Андан кийин Ош шаарында өзүн-өзү жардырып жиберген жоочу деп шектелген адам шаардагы борбордук мечиттердин биринин имамы болуп чыккан. Мунун баары эмнеден кабар берет?

Икрамжан Хатамжан уулу: Биз ушундай нерсени эшиткенбиз. Бирок көзүбүз менен көргөн эмеспиз. Муну азирети муфтий Чубак ажы Жалилов дагы бир канча жолу айткан. Булардын үстүндө көрүп турган бир дагы адам жок. Бул нерселерди өтө чоң факт болбогондон кийин сөз кылбаган эле жакшы. Мындай нерселер тынчтыкты көздөп аткан адамдардын сөзү эмес. Араптарда “өткөн нерсе, өлгөн нерсе” деген макал бар. Аны козутуунун кереги жок. Телевидениеден чыгып алып эле, азан айтыптыр, антиптир-минтиптир, өрттөп жибериптир деген сөздөр менен элдин ортосуна от коюп, биригүүгө тоскоол болуп жатат. Андай сөздөрдү көмүш керек.

Эми мына жаңы бийлик келди. Бул иштердин үстүндө кимдер болгонун эл өзү билип аныктады. Мына бизде былтыр кыргыз-өзбек деген, улутчулдук деген нерсе болду. Мына арап өлкөлөрүндө болуп аткан окуяларды алалы. Ал жерде эч кандай кыргыз дагы, өзбек дагы жок. Араптар араптарды, мусулман мусулманды, дини дагы, салты дагы бир, улуту дагы бир адамдар эки-үч айдан бери бири-бирин кырып жатат.

Азыркы күндө биздин эл чын-бышыгына, түбүнө жете билди : бул иштердин артында турган башка, үчүнчү бир күчтөр бар. Биз карапайым эл, муну кыргыз кылды, же өзбек кылды деген нерседен таптакыр эле алыспыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG