Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Тартип коргоо органдарынын жетекчилери Ош шаарындагы маалымат жыйында былтыркы июнь коогалаңынын жылдыгына карата акыбал тынч экендигин белгилешти. Ошондой эле кайрадан жаңжал уюштурууга аракеттенгендерге өз убагында айоосуз сокку урулаарын эскертишти.

Ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков былтыркы июнь коогалаңынын жылдыгына карата акыркы кезде элди чочулаткан ушак-айыңдар абдан күчөгөндүгүн, алардын бири дагы тастыкталбагандыгын ачыктады:

- Имиштердин көпчүлүгү аныкталган жок. Маселен, Карасуу районунун Отуз-Адыр кыштагынан чагымчыл маанайдагы баракчалар алынды. Мындан тышкары Жалал-Абад облусуна караштуу Алабука районундагы кээ бир үйлөрдүн дубалдарына да ушундай мүнөздөгү сөздөрдү жазып кетишкен. Буга улай Баткен облусундагы Кадамжай районунун Халмион айылында да чагымчыл маанайдагы баракчалар кимдир бирөөлөр тарабынан таратылган. Ушул тапта булар боюнча иликтөө иштери абдан күчөтүлдү.

Бакыт Алымбеков Ош коогалаңынын жылдыгында жалпы аймакта туруктуу коопсуздукту сактоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, антитеррордук борбордун жетекчиси Марат Иманкулов “июнь коогалаңынын бир жылдыгына карата террорчул жана экстремисттик топтор ар кандай жардырууларды жана башаламандыктарды уюштурушат экен” деген маалыматтарды четке какты:

- Албетте ар кандай сөздөр көп. Бирок артында эч кандай аракеттер жок. Эл да бүгүн ушак-айыңга ишенбеши зарыл. Эгерде ошондой кооптонуу туулса, ишеним телефонун уюштуруп койдук, чалышсын. Ар бир түшкөн маалыматты кенен иликтеп атабыз. Азырынча үрөй учурган кабарлар жокко эсе. Канткен күндө да стабилдүү нукка түшүп калбадыкпы. Кокус былтыркыдай арам ойлуу күчтөр аракеттенишсе, андайларга эми чындап сокку урабыз. Ага күчүбүз да, каражатыбыз да жетишет!

Баш прокурордун орун басары Марат Эшперовдун айтымында, былтыркы коогалаңды уюштургандар сөзсүз жазаланмакчы.

- Былтыркы коогалаңга байланыштуу 5500дөн ашык кылмыш иши козголгон. Анын 300дөн ашууну тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Дагы 200 чактысы соттордо каралып, чечим кабыл алынган. Алардын арасында жазага чегерилгендер да, акталгандар да жана иштери кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөндөр да бар.

Ооба, бардык эле учурда соттор акыйкат чечим чыгарды дегенден алыспыз. Биз айрым өкүмдөргө макул эмеспиз. Ошондуктан кээ бир чечимдерге жана өкүмдөргө жүйөлөрүбүздү жазып, алар учурда Жогорку Сотто каралып жаткан чагы.


Жергиликтүү серепчилер коомдо стабилдүүлүктү орнотуу тартип коргоо органдарынын гана иши эмес деп эсептешет. Серепчи Имамберди Жалилов:

- Коогалаңды алдын алуу тартип коргоо органдарынын гана иши эмес. Буга жалпы коомчулук жардамдашууга тийиш! Буга бүгүн эл психологиялык жактан даяр. Ошон үчүн коогалаң кайталанбашына кепилдик берчү шарт жаратканыбыз оң.

Албетте учурда кооптонууга негиз жок. Бирок кошуна болгондон кийин Өзбекстандагы абалдын бизге сөзсүз кесепети тийбей койбойт. Ошондуктан өкмөт байма-бай эл кыдырып, идеология иштерин чамдатып, улуттук маданий мурастарыбызды жайылтууну күчөтүшүбүз кажет. Ошол эле убакта маданий мурастарыбызды түрдүү этностордун арасында да өнүктүрүшүбүз кажет. Ушундай талыкпаган аракеттерди күчөткөнүбүздө гана былтыркыдай окуялар болушу кыйын.
XS
SM
MD
LG