Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Кооптонгон ата-эне, бош калган мектептер


Ош шаары.
Ош шаары.

29-ноябрда Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө террорчу деп шектелгендерди колго түшүрүү операциясындагы атышуулар жана жардыруулар шаардыктардын тынчсызданууларын жаратты.

Бир катар ата-эне балдарын мектепке жөнөтпөй, окуу жайлардагы студенттердин көпчүлүгү сабакка келген жок. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуянын улуттар аралык маселеге тиешеси жоктугун айтып, калкты дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда.

Жайдагы коогалаңдан улам чочулап калган Ош шаарынын тургундарын Мажүрүм-Тал көчөсүндө жүргүзүлгөн атайын операциясы маалындагы атышуулар дүрбөлөңгө салып койду. Шаар тургуну Казипа Бектемирова бүгүн балдарын мектепке жибербегенин айтат:



Мектептерде эле эмес, бул күнү шаардагы окуу жайларда да студенттердин саны аз экендигин байкоого болот. Ош мамлекеттик университетинин студенти Актилек Токтобековдун айтымында, ал окуган факультетте студенттер таптакыр аз келген экен:



Ал эми шаар бийлиги тургундарды кооптонбоого чакырып, атайын операцияны улуттар аралык маселелерге байланыштырбоо керек экендигин белгилөөдө. Калаа башчысы Мелис Мырзакматовдун айтымында, мындай операциялар мындан ары да улантыла бермекчи:

Ош шаарындагы жардыруу болгон Мажүрүм-Тал тарап
- Бул жерде эч кандай улуттар аралык кагылышуу жок. Андай нерсенин болушуна негиз да жок. Ошондуктан шаар тургундары эч кандай чагымга алдырбай, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч турушу керек. Кооптонууга эч кандай негиз жок. Мындай операциялар буга чейин да болуп келген, мындан ары да улантыла бермекчи.

Калаа башчысынын мындай пикирин шаардын тургундары да тастыктоодо. Базарда соода кылып жаткан Якутхан Рахимованын айтымында, элдин дүрбөлөңгө түшкөнү эле болбосо, улуттар аралык бөлүнүүлөр орун алган эмес:

- Атышуу болуптур имиш деп айтышты. Бирок биз көзүбүз менен көргөн жокпуз. Базардагылар бүт баарыбыз тынч эле иштеп жатабыз. Эч кандай кооптонуу деле жок. Керек болсо кечээ мен базарга неберелерим менен түшүп алган экем. Мына жатаканадагы студенттер да топтолуп качып жүрүшүптүр. Өзбеги да качып кетип атат, кыргызы да качып кетип атат. Бирөөнү бирөө урганын да көргөнүм жок, чатакташканын да көргөнүм жок. Бүгүн деле андай окуялар болбоду. Мына азыр саат беш болуп калды, бирөө келип "сен өзбексиң, сен кыргызсың" деген факты болгон жок.

Анткен менен бул күнү шаарда кыймылдардын, маршруттардын аздыгы байкалды. Айрым жерлерде дүкөндөрдүн жана ишканалардын жабык тургандыгын да көрүүгө болот. Ал эмес ар кандай сөздөрдөн улам облустун башка райондорунда кооптонуулар болуп жатканын укук коргоо органдары ачыкташууда. Ага карабай, шаарда абал толугу менен көзөмөлдө деп ишендиришет күч органдары.

Жок кылынган, террорчу деп шектелген төртөөнүн бири шаардагы Мажүрүм-Тал мечитинин имамы болгон. Алар жашырынган үйдө иликтөө иштери учурунда, кечээ жарылбай калып кеткен дагы бир граната күч органдары тарабынан жардырылды. Ошондой эле үйдөн жардыруучу заттар жана бир нече ок атуучу куралдар табылган. Учурда операция жүргүзүлгөн кварталды куралдуу аскерлер кайтарууга алышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG