Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Бетонду тешип, меш жагып...


Ош шаарында жылуулукка кошулбаган кабаттуу үйлөрдө үй ичине меш орноткондор көбөйүүдө.

Айрымдары бетонду тешип, башкалары терезелерден мор жасап жатышат. Айлананы ыш кылган менен, “үй жылытпасак тоңуп калабыз” дешет шаардыктар.

Каныкей Орозбаева үй муздаган сайын утур чыга калып, мешке көмүр салып турат. Үйү төртүнчү кабатта болгондуктан мешти балконго жайгаштырышкан. Түтүк аркылуу жылуулук батирдин башка бөлмөлөрүнө тарайт экен:

- Бул жерден күйгөн көмүр мештин үстүндөгү сууну ысытат. Анан суу түтүктөр аркылуу үйдүн бардык бөлмөлөрүнө тарап, аны кенен жылытат. Муну эми электр жарыгы менен иштетем десек, анда болчудай эмес экен. Суу жакшы айланбай, үй жылычудай эмес. Азыр эми күнүнө бир кап көмүр жагып жатабыз, ошондо айына бир тонна көмүр иштетебиз.

Бирок көмүр сатып алуу карапайым үй-бүлө үчүн оңойго турбайт. Тоннасын 6 жарым миң сомдон сатып алганда деле, алар кышы бою 20 миң сомдук көмүр жагып коюшат. “Тоңуп өлүп калгыча деп айла жок меш куруп алдык” дейт Каныкейдин жолдошу Шергазы Орозов:

- Жылуулук бизге чынында буйрубаптыр. Оштун башка райондорунда жылуулук да, электр да иштеп атат. Туран кичирайонунда эле эч нерсе иштебейт, унутта калган сыяктуу. Башка жакта жарык 2-3 саат өчсө, бизде суткасына 12 саат өчөт. Анан балдар үшүгөндө ким эле болбосун меш куруп жиберет да.

Оштун Туран кичирайонундагы Эшматов көчөсүнүн №1 көп кабаттуу үйдө жашаган Каныкей менен Шергазынын 4 баласы бар. Кичинекейи али бирге чыга элек. Үйдү жакшылап жылытпаса, кичинекейлер тез эле сыркоолоп калышы мүмкүн:

- Электр кечкисин саат 4тө өчүп, эртеси таңга маал күйүп жатты. Анан балдарым четинен ооруй баштады. Бири тумоолоп, экинчиси жөтөлүп, кайра-кайра ооруканага чуркайбыз. Мындай суукта жылуулуксуз чоңдор да ооруп калат. Ошонун айынан биз эле эмес, бул жерде бардыгы отун меш куруп атышат. Өзгөчө балдары барлар мешке өтө зарыл болуп атат.

Жылуулук системасы Эшматов көчөсүндө эле эмес, Туран кичирайонундагы дээрлик бардык көп кабаттуу үйлөрдө жок. Союз таркагандан кийин түтүктөрдүн баары уурдалып кетип, кайра оңдоого элдин чөнтөгү жукалык кылууда. “Бирок бийликтен жардам күткөнбүз күткөн” дейт Козубаева:

- Союз маалында жылуулук системасы кадимкидей эле иштеген. Анан кийин тирилик дешип, түтүктөрдү сатып жиберишкендер болуптур, уурдап кеткендер болуптур. Азыр эми калыбына келтирүүгө көп акча керек экен. Ага бардыгынын эле чөнтөгү жетиштүү эмес. Чогулталы деп бир сыйра демилге көтөрсөк айрым батирлерде квартиранттар жашайт экен, алар бербей коюшту. Ошону менен калып келүүдө. Жакында уктук, мэрия жарым пулун көтөрөт экен, жашоочулар жарым акчасын көтөрүп курат экен. Балким ошентип бизге да жылуулук келип калгысы бардыр.

Маалым болгондой, Ош шаарында 100дөн ашык көп кабаттуу үй борбордоштурулган жылуулук түйүнүнө туташтырылган эмес. Бийлик аларды келерки 2 жылда толук жылуулай турганын убада кылып келет.

Буга чейин алардын көпчүлүгү электр, же газ менен үй ысытып келсе, эми экинчи кабаттагысы экинчи кабаттан, бешинчи кабаттагысы бешинчи кабаттан мор чыгарып, көмүр меш курууга өтүштү.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG