Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Сулайман-Тоо ЮНЕСКО тизмесинен чыгып калабы?


Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучунда калды.

Археологиялык коруктун тегерегинде жеке менчик үйлөрдүн жана кафе-чайханалардын дагы деле курулуп жатышы эл аралык уюмду ушундай кадамга түртүшү мүмкүн.

Музей жетекчилиги курулуш ээлери менен соттошуп жатса, Оштун бийликтери бул маселеге мурунку чиновниктер айыптуу экенин билдирүүдө.

Маматибраим Жаныбеков
Маматибраим Жаныбеков
"Сулайман-Тоо" археологиялык музейинин директор орун басары Маматибраим Жаныбеков коруктун айланасындагы курулуштар тууралуу ЮНЕСКО өкүлчүлүгүнөн атайын эскертүү келгенин ачыктады.

"Тоонун табигый турпатын бузган жеке менчик имараттар жакын арада алынбаса, ыйык жай дүйнөлүк баалуу мурастардын катарынан чыгып калат" деп тынчсызданат ал:

- Сулайман-Тоонун түндүк-батыш жагында Кайып мазарга буга чейин каза болгон адамдардын сөөктөрүн жашырып келишкен. Дүйнөлүк баалуулуктардын катарына киргенден кийин бул токтош керек эле. Бирок дагы деле улантылып келе жатат.

Ал эми тонун түштүк жагын ала турган болсок, мындагы "Айдар-Ата" чайханасы курулгандан баштап эле ал жердеги Асаб-ин Бурхуя күмбөзүн тосуп калды.

Алар белгилүү бир мөөнөткө чейин эскертүү берет экен. "Токтоткула, болбосо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгасыңар" дейт. 2-3 жыл аралыгында ал иш аракеттер токтобой турган болсо, алар бул чечимин дароо кабыл алышат экен.


Жаныбековдун белгилешинче, айрым тургундар тоонун бир жагын казып топурак ташып кетет, же өз алдынча дарак тигип жиберишет. "Ошондой эле коруктун аймагында түшүп жаткан жаңы мечиттин бийиктиги да нормадан ашыкча болуп, тоонун бир өңүтүн тосуп калды" дейт ал:

- Менин колумда Жогорку Соттун 2010-жылдын 17-майында кабыл алынган "Сулайман-Тоонун айланасына турак-жай, имараттар салынууга уруксат берилбесин, ал жерлер коруктун карамагында калтырылсын" деген чечими турат. Мындан башка президенттин, өкмөттүн ушундай мазмундагы буйруктары бар. Булар ошону да аткарбай жаткандан кийин биз эмне кылышты деле билбей калдык.

Сулайман-Тоо атайын корукка алынганы менен ушул кезге чейин анын чөлкөмүн аныктаган акт ала элек. Калаа бийлиги Ош шаарынын башкы планы ишке киргенде гана жердин Кызыл китеби бериле турганын айтып келет. Музейдин шаарда жайгашып, бирок облустук бийликке баш ийгени да бул маселенин чечилишин кечеңдетип жаткандай.

Кудайберди Айылчиев
Кудайберди Айылчиев
Ош облусттук администрациясынын маданият иштер боюнча жетектөөчү адиси Камчыбек Досматов "Азаттыкка" мындай деди:

- Кеп болуп жаткан Кайып мазар облустун Кара-Суу районуна тиешелүү жер. Ошол жерге коюлуп жаткан сөөктөр тууралуу жергиликтүү жетекчилерге кат жөнөттүк. Бул боюнча биз керектүү чара көрөбүз. Бирок тоонун башка аймактары шаарга карагандыктан биз кирише албайбыз. Ош шаары, Ош облусуна бай ийбегендиктен бул маселелерди шаардык мэрия чечиши керек.

Ал эми Ош шаар бийлиги Сулайман-Тоонун тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштар өкмөттүк деңгээлде каралышы керек экендигин билдирүүдө.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Кудайберди Айылчиев жеке менчиктер мурдагы бийликтин тушунда курулганын моюндайт:

- Азыр мен билгенден коруктун ичинде 71 жеке менчик курулуш бар. Шаардык жетекчилик мунун баарын мыйзамсыз деп, каршы туруп, алып салууга аракет кылганбыз. Негизи аларга мэриянын мурдагы жетекчиликтери тарабынан уруксат берилип кеткен экен. Кадимкидей документтери, чечимдери, бардыгы бар. Бир нерсе кылайын десең эле "жеке менчик укугу бузулуп жатат" деп чыгып атышат. Ошол себептүү биз бул боюнча Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине кат жолдогонбуз. Бирок ошого карабай кафе-ресторан, чайханалар иштеп жатат.

"Сулайман-Тоодо" 400дөн ашык петроглифтер, жазмалар жана сүрөттөр сакталып калган. Ошондой эле корукта Асаб-ин Бурхуя күмбөзү, орто кылымдагы мончонун калдыктары, Абдуллахандын мечити орун алган.

Ушундай баалуулуктары үчүн ыйык жай ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилген. Буга чейин шаардык бийлик коруктун этегине түстүү оргума курганда да бул эл аралык уюмдун талаптарына каршы келери айтылган эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG