Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ысык-Көл: баптист аялдын сөөгүн жашырууга жер берилди


Бул тууралуу райондук бийликтен “Азаттыкка” кабарлашты. Акимдин орун басары Элчибек Жантаевдин маалыматы боюнча, 22-октябрда маркумдун жакындары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сөөктү жашырууга жер бөлүштү. Ага ылайык, баптист аялдын сөөгү Теплоключенка айылындагы эски мүрзөдөн алысыраак жерге коюлат.

Өткөн аптада Ала-Бука районунда жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн мусулмандардын мүрзөсүнө койдурбай коюшкан. Натыйжада маркумдун сөөгү улам бир жашырылган жеринен казылып салынып отуруп, үчүнчү жолу жашыруун жерге берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG