Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Жумгалда өспүрүм теңтушун атып алды


23-февраль күнү балдар ата-энелеринин уруксатысыз үйдөн мылтык алып, ууга чыгышкан. Тоодо ойноп жаткан учурда алардын бири кокусунан экинчисин атып алган. Ок жеген бала көз жумган.

Экөө тең Жумгалдын Баш-Кууганды айлындагы орто мектепте 9-классынын окуучулары.

ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда бул ишке байланыштуу иликтөө жүрүп жатат. Ок чыгарган бала суралгандан кийин коё берилген. Маалыматка ылайык, ок атылган курал катталган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG