Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Машаны кыргызча сүйлөткөн Жыргалбек


Карасуулук Жыргалбек Ажиматов 8 жылдан бери чет элдик тасмаларды айылда отуруп эле кыргыз тилине которуп жүрөт.

Жыргалбектин үйүндөгү менчик студиясынан чыккан тасмаларды соода күркөлөрү да күтөт. Кыргызчаланган тасмалар өлкөнүн төрт бурчуна гана эмес, Орусия жана Казакстандагы кыргыздардын арасында да таанымал. Ушул жылдан тарта Жыргалбек которгон тасмалар борбордук телеканалдар аркылуу көрсөтүлө баштады.

“Маша жана аюу” аттуу Орусиянын бул мультфильми кыргыз балакайларынын сүйүктүү тасмасына айланды. Бул тасманы Жыргалбек Ажиматов Кара-Суу районунун Маданият айылындагы үйүндөгү жеке студиясында кызы менен бирге кыргызчалаган. Муну азыр өлкөнүн борбордук телеканалдары да көрсөтүп жатат.

- Карасам, былтыр “Маша жана аюу” деген мультфильм аябай популярдуу боло баштады. Жаш балдар эле эмес, чоңдор да жактырып көрүп жатканын көрүп, кыргызчага которсомбу деген ой келди. Котордум. Анан үн коштоо үчүн кызымды даярдай баштадым. Актер болбосом да, кызыма актерлук чеберчиликтерди үйрөттүм. Ошентип бул котормом аябай ийгиликтүү болду. Кыргызстанда эле эмес, Казакстанга, Орусияга чейин тарап кетиптир.

Жыргалбек 33 жашта, Кыргызстан эл аралык университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн. Чет элдик тасмаларды 2004-жылы которо баштаган, анын аракети менен Жет Ли, Жеки Чан сыяктуу дүйнөлүк актерлор кыргызча сүйлөп келатышат. Ал котормочу эле эмес, режиссер, актер. Монтажды да өз колунан чыгарат:

- Мен 5-6-класста окуп жүргөн кезимде эле кинолорду которууну каалачумун. Эмне үчүн өзүбүз түшүнгөн тилде кино көрө албайбыз? Ушул суроонун тегерегинде ойлоно берчү элем. Ушул максатта чет тилдерин үйрөндүм. Компьютерди өздөштүрдүм. Бул менин хоббим.

Жыргалбек Ажиматов алгачкы жолу Голливуддун “Сүйүүдө көз жок” тасмасын которгон. Үйүнө “Жыргал медиа” аттуу студия ачып, ушул күнгө чейин 50дөн ашуун көркөм, даректүү жана мультипликациялык тасмаларды кыргызчалады.

Жыргалбектин которулган тасмаларын негизинен видеокаражаттар сатылчу күркөлөрдөн табууга болот. Кээ бир сатуучуларга өзү алып барса, айрымдар каракчылык жол менен эле көбөйтүп сатып жүрүшөт.

Каарманыбыз котормочулукту аябай жакшы көргөндүктөн каржылык пайда алып келбесе да, бул ишти таштап коюу максаты жок. Баса, Жыргалбек дээрлик бардык тасмалардын оригиналын интернеттен таап, анан кыргызчалайм,- дейт. Бирок бул үчүн чет өлкөлүк кинокомпаниялардан уруксат албайт:

- Мен эмес, борбордук телеканалдарда деле эч кандай уруксатсыз которуп жүрүшөт. Менин максатым – улутташтарыма өз тилинде чет эл тасмасын көрүүгө мүмкүнчүлүк жаратуу.

Жыргалбек которгон кинолордун ичинде алгач орусча үн коштолгондору жокко эсе. Тасмалардын дээрлик баарына бир киши, тагыраак айтканда өзү үн берет.

- Менин котормом үчүн мамлекет же кай бир телекомпания акча төлөбөйт. Үнү жакшынакай актерлор менен иштешким келет, бирок каржы маселеси бар. Мен аларга он-он беш миң сомдон гонорар төлөй албайм да...

Бир-эки жыл мурун Жыргалбек айрым телекомапанияларга кызматын сунуштап да көргөн. Бирок колдоо тапкан эмес. Ошондон кийин үйүндө отуруп, кесипкөй которууга умтулуп, бул аракети оңунан чыга баштады. Анын эмгеги менен кыргызчаланган тасмалар борбордук жана жергиликтүү телеканаларда көрсөтүлүп жатат. Бирок бул үчүн Жыргалбек эч кандай эмгек акы албагынан айтат.

Өткөн жылдан тарта 4-класса окуган кызы Акбермет дагы атасына жардам бере баштады. “Маша жана аюу” тасмасындагы кыздын үнүн ал коштогон.

Жыргалбек Ажиматов которгон "Маша жана аюу" мульфильминен үзүндү

Машаны кыргызча сүйлөткөн Жыргалбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

XS
SM
MD
LG