Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:45

Оштун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунда кургак учук менен ооругандар саны көбөйгөнү кабарланды. Кыргызстандагы кургак учук боюнча соңку абал тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Автандил Алишеров “Азаттыкка” маек курду.

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунда 6 миң чамалуу жашоочуга 105 кургак учук туура келет экен. Бул бир айылдык округ үчүн азбы же көппү?

- Бул бир айылдык округ үчүн көп. Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат. Бүгүнкү күнү жаңыдан ооругандардын саны бир жылда беш жарым миң. Ошол беш жарым миң кишиге биз грант аркылуу дары алып келебиз, атайын фамилиясы менен бекер берилет.

Күздө, жазда маал-маалы менен дарыланып тургандар үч миңди түзөт. Биз социалисттик коомдогудай артынан барып кубалап, бекер дарылаган замандан өткөнбүз да. Биз бүгүнкү күнү кургак учуктун ачык түрү менен күрөшүп, элге жугузбоо үчүн бекер дарылаганга гана күчүбүз жетет.

Ак-Таш айыл округу

Ак-Таш айыл округу

- Кара-Суу районундагы бул айылдык округда кургак учукка чалдыккандардын көп болушунун себеби эмнеде?

- Кургак учук деген жугуштуу оору, канчалык эл тыгыз байланышып, тыгыз жашаган болсо, ошого да жараша болот. Республикада Кара-Суу районунда 350 миңден ашык калк жашап, эл жыш жайгашкан. Ошондуктан бул жерде көрсөткүчтөр да чоң болуп жатат. Мисалы, Нарынды алып көрөлү, буларда 100 миң адамга 75 деп жүрөт.

- Жергиликтүү адистер кургак учукка кабылгандардын көпчүлүгү чет жактан жуктуруп келгенин айтып жатышат. Бул канчалык негиздүү?

- Эң туура айтып жатышат. Биз республика боюнча үч жылдан бери тактап жатабыз. Жыл сайын каттоого алып жатабыз. Айрыкча Орусиядан жылына 400-500 киши ооруп келүүдө.

- Жалпы эле Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кургак учук боюнча абал кандай?

- Бүгүнкү күндө бизде абал оор. Себеби Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун нормативи боюнча эгерде 100 миң кишиге кургак учуктун 50 учуру катталган болсо, бул бир аз түзүк абал деп айтылат. Андан жогору болсо, өзгөчө кырдаал деп белгиленет.

Ал эми бизде республикалык көрсөткүч 100 миң адамга 97 болуп жатпайбы. Көрдүңүзбү? Ал эми Ак-Ташта 105 болуп жатат. Демек абал оор, жакшы деп айта албайбыз. Бирок бүгүнкү күндө бизде беш миң хроникалык оорулуу каттоодо турган болсо, ошону дарылаганга биздин өкмөт акча бере албайт. Ошону үчүн баягы сөздөр чыгып жатат.

- Түрмөлөрдө, абактарда кургак учук менен ооругандар көп деп айтылууда. Сизде так маалымат барбы? Түрмөлөрдө абал кандай?

- Эгерде он жыл мурда түрмөлөрдө ооругандардын саны жылына 600-700дөн болсо, быйылкы жылы 203тү гана таптык. Себеби 2000-жылдары бул жайлар Ички иштер министрлигине карачу. Эч кимди киргизчү эмес. Андан соң Адилет министрлигине өткөндөн кийин жабык жайларда дарылоо жүргүзүп, үч эсе, төрт эсе азайттык.

- Негизи кургак учук социалдык оору эмеспи. Деги бул оорунун ачык түрүн толугу менен дарыласа болобу?

- Жаңыдан ооругандарды, беш жарым миң деп жатпайбы, ошонун 85 пайызын сакайтып жатабыз. Көрдүңүзбү кандай чоң көрсөткүч. Калганы баягы өлүп калганы, качып кеткени, дарыланбаганы болуп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG