Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Орус соту ЮКОСтун акционерлерине кенемте төлөбөөгө уруксат берди


Адам укуктары боюнча Европа соту ЮКОСтун акционерлерине 1.9 млрд. евро төлөп берүүгө орус өкмөтүн милдеттендирген чечим чыгарган.

Орусиянын Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зоркин орус өкмөтүнө аны төлөбөөгө жол берген чечимге 19-январда түшүндүрмө берип жатып, Страсбург соту “Орусиянын сот системасындагы Конституциянын артыкчылыгын четке кага албайт” жана анын чечими орус жарандарынын укуктарын бузат деди.

"Европадагы адам укуктары боюнча сот орус өкмөтүн компенсация төлөөгө милдеттендирүү менен жарандарга жумшала турган каражаттарды башка багытка бурууга мажбурлаган" деп айтылат Конституциялык соттун чечиминде.

Михаил Ходорковский башында турган ЮКОС мунай компаниясы бириндетилип, аукцион аркылуу сатылган. Ходорковскийдин өзүнө финансылык мыйзам бузуулар боюнча 2003-жылы айып коюлган. Ал 10 абакта отуруп чыкты. ЮКОСтун мурунку акционерлери компания мыйзамсыз таратылган деп, 2004-жылы орус өкмөтүнө 98 млрд. доллар доо койгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG