Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Коомдук каналды төрт жылдан бери жетектеп келген Кубат Оторбаев кызматтан өз каалоосу менен кетип, буга чейин коомдук ЭлТР телеканалын жетектеп келген Султан Жумагулов КТРК башчысынын милдетин аткаруучу болуп шайланды.

Коомдук каналды төрт жылдан бери жетектеп келген Кубат Оторбаев кызматтан өз каалоосу менен кетип, буга чейин коомдук ЭлТР телеканалын жетектеп келген Султан Жумагулов КТРК башчысынын милдетин аткаруучу болуп шайланды.

Жумагулов: КТРК көч башы болууга милдеттүү

“Азаттык”: Байкоочулар кеңешине сиздин талапкерлигиңизди ким сунуштады жана добуш берүү кандай өттү?

Жумагулов: Мен добуш берүүгө катышкан жокмун. Талапкерлигимди президенттик аппарат сунуштады. Менин угушум боюнча добуш берүү альтернативалык түрдө жүргөн. Кубат Оторбаевдин орун басарларынын бири катышты деп айтылды. Мен канча добуш алганымды, атаандашым канча добуш алганын билбейм. Жумушта отурсам “сиз азыр жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында уттуңуз. Байкоочулар кеңешине келип, өңү-жүзүңүздү көрсөтүп коюңуз” деп Илим Карыпбеков чалды. Анан мен барып тааныштым.

“Азаттык”: Өлкөнүн башкы телеканалында кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?

Жумагулов: Менде мурда эле стратегия бар болчу. Келаткан жыл массалык маалымат каражаттары үчүн абдан орчундуу жыл болот – санариптик берүүгө өтөбүз. 80 жылдык тарыхы бар, бардык жагынан алганда ресурсу да чоң, тажрыйбасы да жетиштүү, ошондой эле Кыргызстандын көп аймагына жеткен КТРК көч башы болууга милдеттүү.

Экинчиден, дүйнөдө күн сайын бейтарап, эч кимге тартпаган жаңылыктардын салмагы өсүп жатат. Азыр дүйнөдө 24 саат бою тынымсыз, онлайн режимде чыккан жаңылыктарга артыкчылык берилип жатат. Кечээ Байкоочулар кеңешине да жаңылыктар күчөтүлө турганын айттым. Адамдар жаңылыкка суусап турат.

Биринчи кезекте өз жерибиздеги, региондогу жана дүйнөдөгү жаңылыктарды жеткиришибиз керек. Ошон үчүн бара-бара дем алыш күндөрү да ошондой режимде чыгуу жагын ойлонуп жатам. Ага Коомдук Биринчи каналдын ресурсу жетет.

Үчүнчүдөн, азыр окуялардын көбү түштүктө болуп жатат: чек ара, суу, диний маселелер. Ошол себептен түштүктө, биринчи кезекте Ошто кабарчылар пункттарын кеңейтебиз. Ал жакты бара-бара чоң студияга айландыруу максатым бар.

“Азаттык”: КТРК макамы коомдук болгону менен бийликтин таасири күчтүү, Ак үйдүн айтканын аткарат деген сын айтылып эле келет. Бул канчалык негиздүү?

Жумагулов: Бул салттуу болуп калган сөздөр. Мурда Компартиянын ырын ырдачу, кийин бийликтердин ырын ырдаганы чын. Мен бир нерсени айта алам: ЭлТРде иштеп жатканда, албетте, мамлекеттик, өкмөттүк заказдар болот. Бирок “муну чыгарып кой, тигини жаманда” деген өңдүү басымдар болгон жок. Азыркы бийликте коомдун бардык тарабына үн берүү зарыл деген түшүнүү бар. Ошол себептен “бул бийликтин ырын ырдайт” дегенден алысмын.

Буга чейин деле Кубат Оторбаевдин күчү менен бардык тарапка эркин үн берилип келген. Албетте, алешемдиктер болбой койбойт. Бирок ачыгын эле айтып койсом, толугу менен коомдук каналга айланат деген процесске азырынча жете элекпиз.

Азыр коомдук каналга айлануу жолунда баратабыз. Бардык нерсе салыштыруудан билинет да. Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстандагы каналдар бардык тарапка үн берет. Бул өзү ушундай тарыхый процесс. Аны өтө эле шаштырып, таптакыр эле мамлекеттин эч нерсесин көрсөтпөй коюш керек деген пикирден алысмын. Мен мурда эле ушул ойлорду айтып келгем. Мамлекетибиз азыр калыптануу, ирденүү, чыйралуу, жерден боорун көтөрүү абалында турат. Мамлекеттин саясатын сөзсүз чагылдырышыбыз керек.

“Азаттык”: КТРКге мамлекеттик бюджеттен жылына 350 миллион сом бөлүнөт, өкмөт акча берип атса, бийлик өз таасирин сактап кала берет деп чочубайсызбы?

Жумагулов: Мен Би-Би-Синин да, “Азаттыктын” да мектебинен өткөм. Колдон келишинче коомдун ар кайсы тармагынан тең салмактуу маалыматтарды берүүгө аракет кылабыз. Бийликте "ушуну эле бер, ушуну эле көрсөт, биздин каршылаштарыбызды көрсөтпө" деген буйрук жок. Бул болсо биздин ишибизди кыйла жеңилдетет. Коомдук канал сөзсүз түрдө коомдогу бардык тараптын үнүн жеткире турган ордого айланат деп ишендире алам.

Оторбаев: Көп максаттар ишке ашты

“Азаттык”: Кечээ сиз Коомдук биринчи каналдын жетекчилигинен өз каалооңуз менен кетүү тууралуу арыз жаздыңыз. Буга эмне себеп болду?

Оторбаев: Биринчиден, “Коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга киргизилген акыркы толуктоолорго ылайык, башкы директор төрт жыл иштеш керек. Мен 2010-жылы апрель окуяларынан кийин бул кызматка келгеним менен, 2010-жылы 3-декабрда өткөн альтернативалык шайлоодо шайлангам. Мөөнөтүм декабрда бүтөт. Бирок мен декабрды күтпөстөн азыр эле арыз жазып берүүнү туура көрдүм. Себеби Байкоочулар кеңеши татыктуу кишини тандап, шайлап алганга убакыт керек.

Экинчиден, бардык нерсени аягына чейин күтө берген да туура эмес. Үчүнчүдөн, жаңы телесезон сентябрда башталат. Ошондуктан жаңы келген башкы директор ишти өз убагында баштаса деген ниет менен ушундай чечимди кабыл алдым. Жумуш берүүчү орган катары Байкоочулар кеңеши жыйындын күн тартибине киргизип, маселени талкуулап, добуш берип, көпчүлүк добуш менен менин өтүнүчүмдү канааттандырышты.

“Азаттык”: Сиз төрт жылдан ашык иштедиңиз. Башында келгенде алдыңызга койгон пландарыңызды ишке ашыра алдыңызбы? КТРКны кайсы жагына өзгөртө алдым деп эсептейсиз?

Оторбаев: Апрель окуясынан кийин барган учурда адегенде ачык-айкын маалымат берилсе деген максат коюлган. Мурда эфирден алып салынган бир топ көрсөтүүлөрдү, уктурууларды кайра калыбына келтирдик. Анын ичинде “Азаттыктын” телерадио долбоорлору да бар.

Экинчиден, ал учурда жаңы келген Убактылуу өкмөттүн саясатын колдоо болгон. Ошол саясат колдоо тапты. Андан кийин июнь окуялары болуп кетти. Ошондо маалымат берүүдө биз өз мойнубузга бир топ оор жүктү алып, татыктуу иштедик.

Ошондой эле санарипке өтүүнүн алкагында олуттуу иштер жасалды. “Музыка”, “Маданият” жана “Баластан” каналдары иштеди. “Ынтымак” радиосу ачылды, КТРКнын сайты ишке кирди. Булардын баары мен өз алдыма койгон негизги максаттардын бири болчу. Ошондой эле Алтын фонддогу мыкты шедеврлерди өзүнчө диск кылып чыгарууну мелжеген болчум, ал да ишке ашты.

Компания да өнүгүү жолуна түштү. Ички каражаттардан табылган акчанын көлөмү акыркы үч жылда үч эсеге өстү. Санарипке өтүүгө дагы бир жыл бар. Мунун алкагында дагы бир топ иштерди жасаш керек.

“Азаттык”: Коомдук Биринчи канал бийлик менен оппозиция ортосундагы тең салмактуулукту сактай алды деп ойлойсузбу?

Оторбаев: Көпчүлүк учурда сактады. Албетте айрым бир учурларда кемчиликтер кетти. Бирок ошол эле учурда Коомдук каналга ыраазычылыкты оппозиция тараптан да, бийликтен да билдиргендер болду. Эки тараптан тең сын айтылган учурлар да болду. Демек Коомдук канал өзүнчө институт катары алдыга жылып, бекемделип, түптөлүп жатканын көрсөтөт.

Быйыл май айында Борбор Азия боюнча Коомдук канал Кыргызстанда гана болгондуктан биздин базабызда ЕККУ чоң конференция өткөрдү. Ошол жерде ЕККУнун басма сөз боюнча атайын өкүлү Дунья Миятович Коомдук каналдын түптөлүшү Борбор Азиядагы жаңы көрүнүш экенин, бул чоң окуя болгонун айтып, КТРКга чоң ыраазычылыгын билдирди. Мунун өзү Кыргыз Республикасы үчүн чоң окуя деп ойлойм.

“Азаттык”: Мындан ары эмне менен алектенесиз? Чыгармачылыкка киришесизби, же саясатка аралашасызбы?

Оторбаев: Пландарым көп. Азыр ойлоп турганым – эс алып келүү. Ден соолукту чыңдагандан кийин көрөбүз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG