Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Мурзабеков: Кумтөрдү жаңы өкмөт чечиши керек


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Жоомарт Оторбаевдин Кумтөрдөгү ишкана азыр иштеп жаткан абалында кала бериши керек деген сунушун парламенттин Отун-энергетика жана жаратылыш ресурстары комитети жактырган жок.

"Азаттык" Кумтөр боюнча иш мындан ары кандай нукта өнүгөт деген суроонун тегерегинде Отун-энергетика жана жаратылыш ресурстары комитетинин мүчөсү Кантемир Мурзабековду кепке тартты.

"Азаттык": Кечээ парламент Кумтөр боюнча өкмөттүн сунушун жактырган жок. Тиешелүү комитет мүчөсү катары айтсаңыз, өкмөт сунушунда кандай кынтык бар?

Мурзабеков: Оторбаевге “Центерранын” директорлор кеңешинин эки мүчөсүнөн 30-мартта кат келиптир. 7-апрелде Отун-энергетика жана жаратылыш ресурстары боюнча комитетке аны алып келген эмес. Кечээ жалпы жыйынга келип, “Мына экөөнүн атынан кат келди. Биз ошонун негизинде иштесек, жакшы болот эле дейт. Комитет мүчөлөрү буга таң калдык. Мен андан сурасам, катты комитетке алып келген болчубуз деди. Мен дагы тактайын деп комитет төрагасы Рыспаевден сурасам, "андай материал бизге келген эмес" деди, жалпы жыйында да ошону айтты.

"Азаттык": Маселени ачык калтырып, коалициялык көпчүлүк карасын деп жибербедиңерби. Эми канча күндөн кийин жалпы жыйынга алып келишет?

Мурзабеков: Коалициялык көпчүлүк Кумтөр маселесин чечет деп бул өкмөттү шайлаган. Мен ошондо эле Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт эч нерсени чече албайт деп айткам. Тилекке каршы, ошондой болду. Эми маселе чечилбесе, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатышы керек.

"Азаттык": Ансыз деле бул чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө аз калбадыбы. Ошол убакыт ичинде Кумтөрдү бир жаңсыл кылып үлгүрбөйбү?

Мурзабеков: Эгерде кийинки жумада өкмөттү кетирбесе, анда премьер баш болгон өкмөт мүчөлөрү бул маселени чече албайт.

"Азаттык": Анда Жогорку Кеңеш деле үлгүрбөйт тура. Эгер бул өкмөт кетип, ордуна жаңысы келсе, алар карагыча деле убакыт өтөт да?

Мурзабеков: Бул маселени Өкмөт, Жогорку Кеңеш көп жылдан бери талкуулап келет. Жаңы өкмөт келсе, ага бир-эки ай убакыт бериши керек. Анткени маселе чечилип эле калды. Саясий чечим кабыл алышы эле керек.

XS
SM
MD
LG