Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Кыргыз президенти Р.Отунбаева Будапештте жылуу кабыл алынды


Кыргыз президенти Роза Отунбаева Мажарстан парламентинин имаратында сыйлуу коноктор китепчесине пикир жазууда. Жанында мажар парламентинин төрагасы, Др. Ласло Көөвер мырза. Будапешт шаары. . 06.06.2011. TCh.
Кыргыз президенти Роза Отунбаева Мажарстан парламентинин имаратында сыйлуу коноктор китепчесине пикир жазууда. Жанында мажар парламентинин төрагасы, Др. Ласло Көөвер мырза. Будапешт шаары. . 06.06.2011. TCh.

6-июнда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Мажарстанга (Венгрияга) расмий сапары башталды.



Оболу эки өлкөнүн президенттери Пал Шмитт менен Роза Отунбаева жолугушуп, эки өлкө ортосунда кызматташуунун болочогу кең экендиги, бирок экономика тармагында алакалар алгылыктуу өнүкпөй жаткандыгы айтылды.


Эми сөздү президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровго узаталы:

- 6-июн күнү президент Отунбаева Венгрияга расмий сапар менен келди. Биринчи эле Р.Отунбаеваны Венгриянын президенти Пал Шмитт кабыл алды. Тар жана кенен чөйрөдө болгон жолугушууларда өлкө башчылары кызматташуунун форматтары менен формаларына токтолушту.

Эки тарап тең экономикалык кызматташтык канааттандырарлык деңгээлде эмес деп табышып, мындан ары кызматташтыкты жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн кандай иш чаралар зарылдыгын талкуулашты.

Венгриянын Балатон көлүндө жылына алтымыштан ашуун парустук регаталар (жел кайыктар жарышы) өткөрүлүп турат экен. Ал эми "көлөмү боюнча андан чоң Ысык-Көлдө ошондой чоң жарыштардын өтпөгөнү өкүнүчтүү" деген кыргыз президенти Венгриянын Кыргызстан менен биринчи тажрыйба алмашуусу ушундан баштала тургандыгын белгиледи.

Андан сырткары президент Отунбаева Кыргызстандын жаш парламенттик демократиялык системасы үчүн Венгриянын парламенттик тажрыйбасы абдан чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө токтолду.

Ошондой эле кыргыз өлкө башчысы делегациянын курамында парламенттин дээрлик ар бир фракциясынын өкүлдөрү келгендигин айтып, эл аралык сапарларда ар дайым оппозициялык фракциялардын өкүлдөрүн алып жүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Мамлекет жетекчилери эл аралык деңгээлде кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгын депутаттар көзөмөлдөп туруусу чоң маниге ээ, деп президент баса белгиледи.


6-июндагы башка жолугушуулар тууралуу маалымдай кетсек, кыргыз мамлекет башчысы мажар окумуштуулары жана интеллектуалдары менен да баарлашты.

Ага атактуу түрколог окумуштуу, профессор Иштван Вашари мырза, кыргызча суудай сүйлөгөн полилот чыгыш таануучу Дөөт Кара Шомфайи мырза (ал - котормочу Аида Казыбаеванын жолдошу), ошондой эле атактуу бедизчи Ласло Месароштун кызы, кинорежиссер Марта Месарош, Мажарстандагы Кыргызстандын ардактуу консулу Эндре Эрдөөш мырза жана башка чыгармачыл топтордун өкүлдөрү катышты.

Алар мындан ары дагы Мажарстан менен Кыргызстандын чыгармачыл, илимий, көркөм өнөр тармагындагы байланыш-алакалары ырааттуу чыңдалышы керек деген пикирлерин билдиришти.

Мажар парламентинде кыргызстандык делегация менен мажар спикери, доктор Ласло Көөвер (Dr. László Kövér) жетектеген жергиликтүү мыйзамчылар парламенттик демократия шартындагы саясий жараяндын оош-кыйыш жактарын талкуулашты.

Ласло Көөвер мырза парламенттик башкаруу системасын түптөй баштаган Кыргызстан элин чын дилден куттуктап, 21 жылдык пост-коммунисттик тажрыйбасы бар мажар парламенттик башкаруу системасынын оош-кыйыш жактарын белгиледи жана дал ушул башкаруу системасы өзүнүн иштиктүү жана натыйжалуу экенин өлкөдө тастыктай алды деп баса айтты.

Бул жолугушуу маалында парламент имаратынын сыртынан автоунаалардын улам-улам сигнал бергени угулуп турду.

“Сырттагы дооштор бизде да айрым социалдык чараларыбызга макул эместер бар экенин, мыйзамчылар аткарчу арбын иштер дагы эле алдыда күтүп жатканын айгинелейт”, - деди спикер Көөвер юмор менен.

Мажарстандагы Кыргызстандын ардактуу консулу Эндре Эрдөөш мырза коалициялык өкмөттүн жаңы пенсия саясатына өрт өчүргүч, полиция кызматтарында ж.б. иштеген айрым катмарлардын өкүлдөрү макул эместигин билдирип жатышканын “Азаттыктын” кабарчысына түшүндүрдү.

Президент Роза Отунбаева Мажарстандын парламентинин ишмердүүлүгү кыргыз мыйзамчылары үчүн алгылыктуу экенин белгилеп, андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровго сөз берди. Жапаров мырза кабыл алынган мыйзамдын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө жаатында мажар кесиптештеринин тажрыйбасына кызыкты.

Ушул эле күнү кыргызстандык делегация Будапешттеги тоталитардык доордун курмандыктарынын музейин көрүп чыгышты.

Бул имарат оболу германдык фашисттердин жазалоочу мекемесинин, андан соң коммунисттик жазалоочулардын кеңсеси болгон экен.
Азыр анын дубалына Мажарстандагы тоталитардык режимдин курмандыктарынын сүрөттөрү жерден шыпка чейин тартылып коюлган экен.

Ушул эле музейдин жыйын залында кыргыздын даңазалуу жазуучусу жана коомдук ишмери Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган чыгармачыл талкуу болду. Анда мажар өнөрпоздору Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү өз эне тилинде аткарып беришти.

Жазуучунун кызы, депутат Ширин Айтматова менен президент Роза Отунбаева чогулгандарга жана мажар интеллектуалдарына кыргыздын көөнөргүс мурасына астейдил мамилеси үчүн ыраазычылык билдиришти. Мажар окуучулары үчүн Айтматовдун чыгармалары адабият сабагында да окутулган маанилүү тема экенин президент Отунбаева баса белгиледи.

Белгилүү мажар кинорежиссеру Марта Месарош өз атасы - мажар-кыргыз бедизчиси (скульптору), 1936-жылдан тартып Кыргызстанда жашаган жана сталиндик жазалоо машинесинин бейкүнөө курмандыгы болгон Ласло Месароштун тагдыры жана Чыңгыз Айтматовдун атасынын тагдыры окшош болгонун белгилеп, Чыңгыз Айтматов менен тыгыз баарлашып келгенин, чыгаан жазуучу өзү үчүн дагы эле тирүү жүргөндөй сезилээрин айтты.

Бул кечеге Будапешттеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана учурда Мажарстанда таалим алып жаткан студенттер менен аспиранттар да келишти.

Кечкурун Мажарстан президенти Пал Шмитт (Pál Schmitt) кыргызстандык конокторду сый тамакка чакырып, анын маалында Кыргызстандагы былтыркы ыңкылаптан кийинки олуттуу демократиячыл саясий реформаларга тилектештигин билдирди.

Шейшембиде кыргызстандык делегация топ-топко бөлүнүп, мажар кесиптештери менен ар кыл тармактарда сүйлөшүүлөр жүргүзөөрү маалымдалды.

7-июнда президент Отунбаева жетектеген кыргыз делегациясынын тобу Балатон көлүнө бармакчы. Ал жерде дагы экономика, туризм тармагында болочок кызматташтык тууралуу сөз козголоору айтылууда.

Андан ары кыргыз расмий делегациясы сапарын Австриянын борбору Вена шаарын карай улантат.

XS
SM
MD
LG