Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Отунбаева: Килюнен мындай сынга татыктуу эмес


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди персона нон-грата деп жарыялаган парламенттин чечими ашкере болуп калды деп билдирди.

Бүгүн (16-июнда) өткөн басма сөз жыйынында Отунбаева эл аралык комиссиянын отчетунда алгылыктуу да, алгылыксыз да жерлер бар экенин ортого салды.

Өз резиденцияда журналисттер менен жолугушуу маалында Роза Отунбаева эл аралык комиссиянын отчетун дыкат окуп, айрым кемчиликтерин айтышкандыгын белгиледи. Ошентсе да Жогорку Кеңеште Килюненге карата ашкере баа айтылды деген пикирде:

Киммо Килюнен
- Мен Киммо Килюнен мындай баага татыган иш жасады деп ойлобойм. Баса, Ташиев ошонун эртеси эле "аны бул жакка алып келели, алдыбызда жооп берсин" деди. Башкача айтканда, парламент эмнени каалаганын билбей атпайбы. Бир туруп келбесин деп добуш берсе, бири чыга калып келсин деп атат.

Эл аралык комиссиянын баяндамасы маанилүү жана керектүү. Бул олуттуу иш. Ал эми биздин комментарийди жакшылап окусаңар, эл аралык комиссиянын баяндамасынын бардык жетишпеген жактары көрсөтүлгөн.

“Сен акмак, мен акмак” деше бербей, аргументтин тилинде иш алып барыш керек да. Биз да абдан салмактуу нерселерди таап чыгып, аларга адамдык акыл эстин деңгээлинде, олуттуу фактылар топтому менен жооп беришибиз керек. Бул өтө маанилүү.


Парламенттин пикири башка

26-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш былтыркы июнь калабасын иликтеген эл аралык комиссиянын отчету бир жактуу болуп калган деген тыянак чыгарган.

Ал эми комиссия жетекчиси Киммо Килюненди Кыргызстанга кирбесин, башкача айтканда, персона нон-грата деп жарыяланган.

Буга чейин өлкө президенти парламенттик чечим боюнча оюн ачык айта элек болчу.

Исмаил Исаков
Ал ортодо парламенттин позициясы боюнча Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Исмаил Исаков мындайча түшүндүрмө берди:

- "Бир тараптуу, объективдүү эмес, кыргыз тарапты жамандаган отчет болуп калды, Батыровду колдогон" деп биз ачык айтып чыктык. Баары ошондой болгон. Ал эми эмне деп айтыш президенттин өзүнүн иши.

Биз депутат катары, Кыргызстандын жараны катары өзүбүздүн позициябызды так, ачык айттык. Бул ошондой болуп калган. Кыргыздарды басмырлаган, Батыровдун сөзү менен жазылып калган отчет.


“Келтирбей коюш оңой...”

Бирок Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар парламенттин чечимин сынга алууда. Алардын жүйөсү боюнча, мындай кескин чечим эл аралык эрежелерге сыйбайт жана Кыргызстандын беделин түшүрөт.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эл аралык комиссияны киргизүү менен Кыргызстан ачык өлкө экенин далилдеди жана ар кандай ушак-айыңдарга бөгөт койду деп эсептейт.

Анжиян, 14-май, 2005-жыл
Айталы, 2005-жылдагы Өзбекстандын Анжиян облусундагы кан төгүү окуясын иликтөөгө эл аралык коомчулук баа бере албай калгандыктан бүдөмүк пикирлер арбын бойдон калганын эске салды.

Ошону менен катар Исмаилова парламенттин баасына көз карашын билдире кетти.

- Парламент саясий коррупцияны аябай колдонуп атат. Ошон үчүн эл аралык келишимдерге жана Кыргызстан БУУ жана ЕККУнун мүчөсү катары көп тоскоолдуктарды алып келип жатат. Ошон үчүн парламенттин чечимин бүгүнкү күнү токтотуш керек болчу. Анткени персона нон-грата кылыш оной, андан эч ким утпайт.

Саясий серепчи Кубанычбек Өмүралиев да Килюнен өлкөгө кирбесин деп так кесе бүтүм чыгарбай, "баяндамадагы айрым жерлер боюнча ийри отуруп, түз кеңешсе, орундуу болмок" деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG