Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Аш-тойлордун чоңу, айтылуу тамада, театр жана кинонун актеру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүзбеков арак ичүү маданияты тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Асылбек мырза, сиз бир топ аш-тойлордо тамадалык кылып жүрөсүз. Эми кыргыздын кыйласы той бергенде ичкиликти суудай агызып жибермейи бар. Арасында ичкиликти суудай ичкени да, ичпегени да бар дегендей. Сиз алып барган тойлордо "тоголонуп" калгандар, тоюп алып тополоң чыгаргандар болобу? Байкап жүрөсүзбү, ошол ичкилик ичүү маданияты кандай, кай жагына баратат?

Асылбек Өзүбеков: Илим, бул ичкилик темасын таң атпай баштаганың кызык болду (күлүп). Элестетип атам, эгерде “Азаттык” радиосун угуп жаткан, кечээ ичип алып, азыр башы ооруп отургандар болсо экөөбүздү тилдейт болуш керек.

Бул турмушта мунуң оңой менен арыла албай турган нерсе экен да. Көйгөйлүү маселелердин бири - ичкилик. Кээде керек деп ойлойт экенсиң, кээде “атаңгөрү, ушуну эмнеге чыгарды” деп да ойлойт экенсиң. Эми канчадан бери талаш-тартыштарды жаратып келсе да мунсуз жакшылыктар, тойлор өтпөйт экен.

Туура айтып атасың, мен ишиме байланыштуу тойлордо көп болом. Акыркы убактарда, акыркы жылдарда бир нерсени байкап атам: ичкиликти тойго келген коноктордун арасында, эмнегедир тартынып, "ушуну ичпей эле койолу" деп азыраак ичкендерди көп байкап жатам. Мурда чындыгында томолонуп-жумаланып ичип, мушташ болгон тойлордо, бычакташкан тойлордо, эки жаат болуп мушташкан тойлордо кыйла болдум. Ичкиликтин айынан баары.

Мына калп айтпайын, акыркы 4-5 жылдан бери бир нерсени байкап жүрөм. Ушу тойлордо ичкилик канчалык көп болсо да эмнегедир элдин байкап ичип атканы, тандап ичип атканы, уурттап татып ичип атканы мени сүйүндүрүп жүрөт. Тойлордун акырында ушунчалык сонун бүтүп атканы сүйүндүрүп жүрөт. Демек кыргыздын ичкиликке болгон өзүн-өзү тарбиясы дейбизби, түшүнүүсү дейбизби, айтор ушул жагы сүйүндүрүп атат. Болбосо майда-чүйдө, ондон бири, 200 киши болсо ошолордун 2-3 кишиси мас болуп калганын көрүп калам. 200 коноктун арасынан бул аз да. Жокко эсе. Мурда бул көп болчу. Ошондуктан элде ушул ичкиликке болгон башкача мамиле, аны көп ичүү терс нерсе экенин түшүнүү мамилеси пайда болгонуна сүйүнөм.

“Азаттык”: Ичкилик ичкенге келгенде кеээде айтып калышат го, “ичкилик ичкенди билбейт экен” депчи. Демек сиз ичсе да чегин билип, канча ичүүнү эл үйрөнүп баратат деген мааниде айтып атасызбы?

А.Өзүбеков: Ооба, ошондой мааниде айтып атам. Анан акыркы убакта байкап жүрөм, ошол тойлорго да, кичинекей отуруш болсо да таза арак издеп, “накта арак болсун”, “таза арак болсун” деп издегендерин байкап атам. Баягыдай эле арзанына карап, туш келди дүкөндөрдөн ала коюп, коё коймой эмес, кымбат болсо да таза арак берели дегендей, “ооруп калбасын, кыйналып калбасын конокторубуз” дегендей багытта кетип аткандарды көп байкап жүрөм.

“Азаттык”: Мен да байкап жүрөм, элитардык топтордун арасынан, чет элдиктерден дегендей, ал топтордо ичимдикти таптап, тандап ичип, ичсе да чеги менен 2-3 рюмкадан ичишет экен. Ушундай тенденция кыргыздын арасында өсүп атканын айтып атасыз. Ошол эле маалда биз көрүп эле атабыз да, ичип алып аш-тойлордо мушташ чыгаргандарды. Деги кыргыз ушул ичимдик дегенди кимден үйрөндү? Эскиден ата-бабаларыбыз арак-шарап иччү эмес да?

А.Өзүбеков: Иччү эмес. Бизде бозо деген болгон жана бар. Бозо эми ата-бабадан келаткан, илгерки өзүбүздүн дене жумшарта турган сонун ичимдиктердин бири да. Угуп отурсаң илгери отуруштарды деле өткөрүп келишкен экен ошол бозо менен. Бирок өзгөчө өткөрүп келген экен.

Бул арагың кийин эле Орусиянын курамына киргенден кийин эле башталды да. Муну мен Алтай жергесинен да көрдүм. Ошол алтайлыктар өздөрү моюнга алышты, “200 жылдан ашык убакыттан бери Орусиянын курамында туруп, ушинтип алтайлык кыргыздар тукум курут болуп баратабыз, кийинки муун жок болуп баратат” деп сыздап, чоң өкүнүч менен айтып атышат.

“Азаттык”: Ичкиликке байланыштырып айтып атышабы? “Арактын айынан ушундай” деп?

А.Өзүбеков: Ооба, ичкиликке байланыштырып айтып атышпайбы. Деградация болуп баратышкан экен. Себеби 30-35 жаштагы балдарын көрсөң, карып кеткендей көрүнүшөт экен да. Бизде ошондой нерсе, Илим, байкайсыңбы, шаардан айылга барып калган да так ошол Алтайдагыдай нерсе.

Шаарда жашоо ритми башка, ичкиликке болгон мамиле башкача. Мен айткандай, шаарда ичкенди билип калышты. Ал эми айылдарды кыдырып, өзүңдүн айылыңа барып көчөдө басып көрчү, жөө. Бурч-бурчтарда төрт-бештен карта ойноп отургандарды көрөсүң. Ары-бери өткөндөрдөн арак үмүт этип, “кел, он беш сом тайштай кет”, “кел, жыйырма сом таштай кет” деп шаардан келаткандардан бирдеме өндүрүп калайын дегендер, чогулуп алып бөтөлкө издемейлер, арак издемейлер, апарзан эле алып ичкендерди көрүп алып жүрөгүң ооруйт. Кээде тамаша-чынга аралаштырып айтам, “эй, ушинтип отургандан көрө огородуңарды казып, тияк-биягыңарды тазаласаңар болбойбу” десең, “жок” деп уруп да койбойт. Анан кебетелерин карасаң, 40-50 жаштагы кишилерди карачы, абышка болуп калган. Арактын, тамекинин айынан. Мына ушул нерселердин баарын козгоп атканыңар жакшы болуп атат. Бул маселени биз мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG