Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Кыргызстанда жол кырсыктарынан күн сайын үч-төрт адам каза табат. Жылына жети миңден ашуун жол кырсыгы катталып, миңден ашуун адам анын курмандыгы болууда.

Андан келтирилген экономикалык зыян миллиондогон долларга бааланууда. Көйгөйдүн түпкү тамыры эмнеде? “Азаттык” ушул суроолорго жооп издеди.

Жаңы-эски кызмат...

Ички иштер министрлиги сунуштаган реформага ылайык, Кыргызстанда 1-апрелден тарта Кайгуул-күзөт кызматы ишке кирди. Бул мурдагы Жол кайгуул кызматынын жана МАИнин милдетин аткарат. Жаңы кызмат ишке кирген биринчи күнү эле миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысын каттады. Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов кызматтын алгачкы күнүндө айдоочуларга түшүндүрүү иштери көбүрөөк болгонун билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн ИИМдин алдында түзүлгөн Кайгуул-күзөт башкармалыгы жалпы республика боюнча 1-июлдан тарта ишке кирет. Жол коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоого азырынча Бишкекте 800, Чүйдө 400, ал эми Ысык-Көл облусунда 160 милиционер тартылмакчы.

Белгилүү болгондой ар бир кайгуул-күзөттө жүргөн милицияга видеокаттоо берилет. Видеокаттоо анын ар бир иш кадамын тартып турат. Кызматкер аны өз алдынча өчүрө албайт.

ИИМ министри Мелис Турганбаевдин айтымында, эгер милиция кызматкеринин видеокаттоону өчүрүп койгону аныкталса, ал иштен алынат.

Жол кырсыктарынын саны жогору бойдон калууда

Ички иштер министрлиги билдиргендей, былтыр өткөн жылдарга караганда жол кырсыктары бир топ азайды. Бирок кырсыктардан мерт болгондордун саны жогору бойдон калууда.

Кырсыкка учурагандардын басымдуу бөлүгү тажрыйбасы жоктор экенин республикалык Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” маалымдады:

- Статистика боюнча, кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгүн жаңы эле күбөлүк алып, рулга отургандар түзөт. Чоң трассаларда жогорку ылдамдык, туура эмес буйтап өтүүдөн улам кырсыктар көп болсо, шаарларда жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар арбын.

Көйгөйдүн түпкү себептерин азыр талдоочулар да иликтеп жатышат. Жол кырсыктарын изилдеп жүргөн Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун мурдагы кызматкери Чынара Эсенгул жол кайгуул тармагындагы коррупция, айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн билим деңгээлинин, маданиятынын төмөндүгүнөн кырсыктар курч көйгөйгө айланганын айтат:

- Башкаруу системасында чечилбеген маселелер бар. Реформа деп коюп эле андан майнап чыкпай жатат. Мындан тышкары унаалардын саны көбөйүп кетти, алардын сапатына көңүл бурулбай жатат. Айдоочулук күбөлүктү окубай эле алгандын кесепетин көрүп жатабыз. Бул көп тараптуу, чырмалышкан көйгөй.

Күбөлүк сатууга бөгөт коюлдубу?

Ошол эле маалда Кыргызстандагы айдоочулар бирлигинин төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакунов азыр күбөлүк сатууга бөгөт коюлганын, жарандарга сөзсүз окуп, сынак тапшыруу талабы коюлуп жатканын билдирди. Анын көз карашында, Кыргызстан эгемендик алгандан берки башаламандыктын кесепети эми билинүүдө:

- Жакшы иштер жүргүзүлүп, онлайн система аркылуу иштөөгө өттүк. Баары ачык, кайсы убакты сынак болору ал жерде жазылып турат. Сынак тапшырбаса, күбөлүк берилбейт. Жыйырма жыл бою иштеген чар-жайыт саясаттын залакасы тийип жатат. Ошол кезде өзүн-өзү даярдоо деген ыкма менен бир-эки саатта эле документ берилип келди. Алар автоунаа башкарып жүрүшөт да азыр.

Кыргызстанда жыл сайын 100 миң кишиге айдоочунун күбөлүгү берилет. Анткен менен алардын айдоочулук чеберчилиги төмөн бойдон калып жатканы ИИМдин жол коопсуздугуна арналган баяндамасында айтылат. Анда айдоочулук күбөлүккө ээ болуу менен унаа айдай билүү жөндөмү эки башка маселе экени да белгиленген.

Айдоочуда да, унаада да айып бар

Бишкек жол кайгуул кызматынын мурунку жетекчиси Токтосун Сатаров айдоочуларды даярдап чыгарган курстарды жакшыртуу керек деген ою менен бөлүшүп, оң рулдуу унаалар да кырсыктардын көбөйүшүн шарттап жатканына токтолду:

- Айдоочуларга жетиштүү билим берүү керек. Ошондой эле унаалардын сапатына да көңүл бурулса жакшы болмок. Ар кандай өлкөлөрдөн ташталган унаалар ташылып атат.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касмамбетова кырсыктардын чоо-жайын иликтеп, анын алдын алуу менен алектенген атайын штаб түзүүнү сунуштоодо:

- Штаб түзүү зарыл. Алар кырсыктарды алдын алуу иштери менен алектенмек. Биз мындай демилгени көтөрүп атабыз. Бирок ал колдоо табабы-жокпу белгисиз.

Ошентип, адистер айдоочулардын эреже билбегени, оң рулдуу автоунаалардын көптүгү, жолдордун ага ылайыктуу болбогону, жол белгилеринин жетишсиздиги, катуу ылдамдыкта рулду башкаруу кырсыктарга түрткү болуп жатканын белгилешүүдө.

Буга кошумча Кайгуул-күзөт кызматынын жемкордукка малынган мекемелердин катарын толуктай турганы коррупция боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөр аркылуу далилденгени маалым. Аны реформалоонун алкагында 1-апрелден тарта ишке кирген жаңы кызмат жол эрежелери бузулган учурларды видео менен каттоо ыкмасын ишке киргизүү аракети көрүлүп жатат. Жол коопсуздугу боюнча эксперттер башка мамлекеттердин мындай тажрыйбасы элдин маданиятын көтөрүп, кырсыктарды болтурбоого көмөктөшөт деп үмүт артууда.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын саны

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын саны

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG