Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Каржы издеген айылдар


Иллюстрация
Иллюстрация

Жергиликтүү бийликтин аймактарды өнүктүрүү багыттары, аракеттери менен көйгөйлөрү "Азаттыктын" апта темасында.

Жалал-Абад: дотацияга байланбайбыз

Жалал-Абад облусунда өткөн жылы төрт айыл өкмөтү өзүн өзү каржылоого өткөн. Быйыл анын саны дагы өскөнү турат. Сузак районундагы көп улуттуу Ырыс айыл округу кийинки жылы толугу менен дотациядан чыгууга бел байлап жатат. Жергиликтүү бийлик киреше булагын эмненин эсебинен көбөйтүп, өз бюджетин кантип аткарып жатат?

Ош: жугуму жок киреше

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтү жыл сайын 149 миллион сом тапканына карабай, турмуш-тиричилиги жагынан дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнөн олуттуу айырмаланбайт. Маселен, мектеп, ФАП куруп жатабыз деген менен алты-жети жыл мурун пайда болгон эң ири жаңы конушуна бир сом жумшай алган эмес.

Талас: карама-каршы мыйзамдар

Таластагы Ак-Дөбө айылдык кеңештин колдоосун алган айыл өкмөтү билим берүү, байланыш, салык, социалдык коргоо, аскер тармактарынын жергиликтүү кызматтарынын чыгымдарын төлөөдөн баш тартуу менен өз каражатын үнөмдөөгө киришти. “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” жөнүндөгү мыйзамга таянган бул аракет бир катар мыйзамдардын бири-бирине каршы келерин көрсөтүүдө. Айылдык кеңеш төрагалары ушуну жөнгө салууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылганы жатышат.

Баткен: жарды айылдын көйгөйү көп

65 миллион сомдой каражаты бар Баткен облусунун жана райондун борбору болгон Баткен шаарында тез арада чечилчү көйгөйлөрү бир топ. Бирок бир да өндүрүш же кайра ишетчү ири ишканасы жок, капчыгы жука шаар бийлиги өнүгүүнүн программасын түзүп алып каржы булактарын издеп жатышат.

Нарын: айыл өкмөттөр кашаң болсо...

Өндүрүштүк ишканалары аз Нарын облусунун бир жылдык бюджети 700 миллион сомдун тегерегинде. Ал эми облустун дотациялык көрсөткүчү 48 пайыз. Облус жетекчилери бул санды азайтуу үчүн үч жылдык өнүгүү стратегиясы түзгөн. Бирок айрым адистер жергиликтүү бийликтин мындай аракетин айыл өкмөт башчылары кош колдоп көтөрүү ордуна артка тартып жатат деген пикирде.

Борборду тиктеген бийликтер

Жергиликтүү бийлик органдары өзүнө берилген ыйгарым укуктарды пайдала албай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк жергиликтүү жетекчилер демилгелүү болбой, борбордон буйрук күтүүдөн арылбай жатат.

Радиобаяндарды толугу менен бул аудиодон уга аласыз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG