Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Эл аралык маалымат каражаттары террорчул “Хаккани тармагы” уюму Кыргызстанда өзүнүн союздаштарын таап, иш алып бара баштаганын жазып чыгышты.

Террорчул уюмдардын “Хаккани” тармагы Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышып, жашыруун кызматташа баштаганы айтылууда. Алардын өз ара кызматташуусу азырынча маңзат соодасын жүгүртүүгө гана байланышкан.

Аталган уюм айрым уюшкан кылмыш топторунун башчылары куугунтуккка кабылганда Пакистандан башпаанек берип, аларды өздөрүнө тарткан учурлар катталган. Мунун жыйынтыгында кээ бир кримчөйрөнүн лөктөрү өз ара ымаланын таасири менен намазга жыгылган учурлар да аз эмес.

Коопсуздук органдарынын генералы Артур Медетбеков кримчөйрөнүн айрым өкүлдөрү динге жамынган күмөндүү күчтөрдүн таасирине кирген учурлар туурасында маалыматтар бар экендигин белгиледи:

- 2007-жылдары уюшкан кылмыш топторунун ортосундагы өз ара таасир талашуудан кийин айрым криминалдык лидерлер өлкөдөн качып, “Таблиги жамаат” уюму аркылуу дааватка чыгышып, Пакистанда жашырынып жүрүшкөн болчу. Анан ал жактан кандайдыр бир “таалим-тарбия” алып келип, азыр эми бул жерде өздөрүнүн “ишмердигин” жаңыча уюштуруп жатышат. Бул тууралуу тартип коргоо органдарынын маалыматы бар. Бирок динге берилгендей болуп көрүнгөн мына ошол кримчөйрө аталыктарынын бетин ача турган иш-чаралар жүргүзүлбөй жатат.

Уюшкан кылмыштуулукту диндештирүү

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Көлбаевдин тобу менен каршылашкан кримчөйрө өкүлдөрү 2010-жылы 7-апрелде өлкөгө кайтып келишкен. Ал гана турсун алардын айрымдары 7-апрелде аянтта колуна курал алып жүргөндүгүн гезитке курган маектеринде ачык шардана кылганы бар.

Коопсуздук органдарында мына ушуга окшогон күмөндүү байланыштары байкалган ондогон кримчөйрө өкүлү учурда каттоодо турат. Уюшкан кылмыш топтордун мүчөлөрү жапырт намазга жыгылган көрүнүштөр өзгөчө күчөгөн. Ал гана эмес айрым кримчөйрө аталыктары мечит-медресе курууга киришкен.

Бирок бул алардын кылмыш чөйрөсүнөн алыстап, такыр эле такыба болуп кетти дегендикке жатпайт. Анткени салттуу исламдан алыс агымдар кримчөйрө өкүлдөрүнө өз ишин улантканга жол ачкан диний өкүм чыгарып бергендиги аныкталган.

Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков кримчөйрө менен террорчулуктун кызматташуусу маңзат аткезчилиги менен гана чектелбей турганына токтолду:

- Террорчулукка идеология болуп берген радикалдык салафизм агымында “тагфир” деген түшүнүк бар. Ал кээ бир мусулман эместерди же ыйманга кирбеген мусулмандарды талап-тоноого же алардын жанын кыйууга болот деген түшүнүктү алып жүрөт. Мына ушул жагдай кримчөйрө өкүлдөрүнө жол ачып берүүгө шарт түзөт. Азыр кылмыш чөйрөсүндө ал түшүнүк кеңири жайылып турган учур. Мына ошондуктан өз ара кызматташтык өрчүп, салафиттик көз караштагы экстремисттик уюмдар аларды өздөрүнө тартып кетип жатат.

Кримчөйрөдөгү “реформа”

Буга 2010-жылдын аягында Бишкекте “Жайшул-Махди” уюшма тобунун мүчөлөрүнүн камакка алынганы мисал боло алат. Бирок мындай көрүнүш башка бир жаңыдан пайда болгон уюшма топторго кулачын жайа баштаган. Чекисттер мурдагы уюшкан кылмыш тобунун ордун жаңы диний типте уюшулган кримчөйрө өкүлдөрү ээлеп, жаңыча иштерин жүргүзө баштагандыгын байкашкан.

Мурдагы “смотрящий”, “положенец” деген кызматтардын ордуна ар бир аймакты караган “амирлер” пайда болгон. Динди өзүнүн кызыкчылыгына карап бурмалап, кылмышка уруксат берген радикалдык диний агымдардын бар экендигин исламий аалымдар да жокко чыгарбайт. Мунун бардыгы алар тарабынан жасалган террорчулук, жанкечтилик, каракчылык жана маңзат аткезчилиги сыяктуу туура эмес иштерин актоо үчүн ойдон чыгарылган түшүнүктөр дешет аалымдар.

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов аталган агымдардын диний өкүмү ислам жоболоруна туура келбей тургандыгын мындайча чечмеледи:

- Бул айтылгандардын кандайдыр бир чындыгы бар. Анткени жанагы “Тагфир” түшүнүгүн алып жүргөн жамаат өздөрүнөн башканы мусулман эмес деп эсептешип, ошол эле кезде дин исламга туура келбеген иштер менен алектенүүгө жол ачкан фатваларды (чечимдерди) чыгаргандар болуп жатат. Исламды туура эмес түшүндүрүү менен калпыс иштерге барууга негиз берүүнүн өзү туура эмес. Мындай көрүнүштөр динден тышкары нерселер.

Канатын өстүргөн “Хаккани”

Мына ушуга окшогон идеология менен куралданган “Хаккани” тармагы террорчул уюмдардын башын бириктирип, алардын ишмердигин көзөмөлдөөчү борбор катары Пакистандын Түндүк Вазирстан аймагында түптөлгөн. Ал Ооганстанда коалициялык күчтөргө каршы “ал-Каида” жана “Талибан” кыймылы менен биргеликте жанкечтилерди пайдаланган ондогон террордук актыларды уюштурган.

Уюмдун негиздөөчүсү Задран Жалалиддин Хаккани Ооганстандагы таасирдүү можахеддердин бири. Учурунда советтик аскерлерге, андан соң НАТОго каршы согушкан анын жоочуларынын саны атайын кызматтардын маалыматы боюнча 15 миңге чукул. Ыкчам маалыматтарга караганда “Хаккани” уюму кызыкдар аймакта жергиликтүү террорчул уюмдардын тармагын түзүп, аны каржылоону ишке ашырып турат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов террорчул уюмдардын түйүнү бир жерден башкарыла тургандыгына токтолду:

- Мына ошол экстремисттик-террорчул уюмдар бири-бири менен биргелешип алышкан. Бир куралдуу каршылык көрсөтүү менен алектенсе, экинчилери идеологиялык иштерди жүргүзүү менен алектенишет. Булардын бардыгы бир жерден буйрук алып, керек учурда биригип, же болбосо ар бири өз алдыларынча иштешет. Ачык согуш жүрүп жаткан учурда алар бир муштумдай болуп бир жоочулардын сабында болушса, кайсы бир аймактарда алар тактикалык жүрүштөрдү ар кайсы топторго бөлүнүү менен ишке ашырышат.

НАТО 2014-жылы Ооганстандагы аскерлерин кыскартса, “Хаккани” андагы көзөмөлдү колго алып, Борбор Азияга коркунуч келтирбейби деген түпөйүл суроого эл аралык коомчулук азырынча жооп таба элек. Аталган уюм аймакта идеологиялык таасирин күчөтүп, таламдаштарынын санын арттырууга кызыкдар болушу мына ошого байланыштуу болуп жүрбөсүн деген күмөн саноолор да күч.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG