Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

21-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жаңы талапкерлер шайланат. Азия-Тынч океан чөлкөмүнө бөлүнгөн жалгыз орун үчүн Кыргызстан менен Пакистан атаандашууда.

18-октябрда Бишкекте бул өлкөнүн тышкы иштер министри болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Пакистан басма сөзү бул сапарды расмий Исламабаддын Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгү үчүн күрөштө Кыргызстанды жарыштан чыгууга ынандыруу аракети катары мүнөздөдү. Коопсуздук кеңешине мүчөлүк эки тарапка тең эмне үчүн маанилүү?
Биз Коопсуздук кеңешинде болсок өзүбүздүн кызыкчылыктарды коргоп, аймактагы башка өлкөлөрдүн көз караштарын, зарыл болсо Кыргызстандыкын да айтып чыга алабыз.

БУУнун эң жогорку жана аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алуучу органы – Коопсуздук кеңеши он беш мүчөдөн турат. Алардын бешөө туруктуу орун жана анын ээлери Коопсуздук кеңешинин чечимдерине вето салып, өткөрбөй койо алат. Мындай укукка ээ болбогону менен Коопсуздук кеңештин эл аралык турмуштун тигил же бул маселелери боюнча резолюциясына добуш берүүчү он мүчөсүнүн ээлери ротациялык жол менен алмашып турат.

Башкы ассамблеяда 21-октябрга мерчемделген шайлоодо ошол туруктуу эмес он мүчөнүн бешөө тандалмакчы. Анда шайланган беш өлкө Коопсуздук кеңешине 2012, 2013-жылдарга мүчө болот.

Мүчөлүктүн чоң жана кичине өлкө үчүн мааниси

БУУга 1992-жылы кирген Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө туңгуч ирет талаптанып жатса, атаандашы Пакистан бул органда азыркыга чейин алты мөөнөт, акыркы ирет 2003-2004-жылы кызмат өтөгөн.

Албетте Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөсү болсо эле дүйнөлүк оюнчуга айланып кетпейт. Бирок Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси, азыр Юта штатындагы Валлей коллежинин окутуучусу Бакыт Абдрисаев мүчөлүктүн мааниси жөнүндө мындай дейт:

- Кыргызстан үчүн бул эмне себептен маанилүү? Бир жагынан эгемендүүлүктү бекемдөө. Экинчи жагынан кичинекей өлкөлөрдүн ролун көтөрүү. Ошондой эле аброй, башка өлкөлөр үчүн белги. Мүчөлүк биздин дипломатияга, эгемендикке жардамын берет.

Расмий Исламабад жүргүзүп жаткан дипломатиялык аракеттерге караганда, бул орундун Пакистан үчүн мааниси азыр да чоң болуп тургандай. Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Сартаж Азиз “Азаттыкка” курган маегинде мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Ооганстан, Кашмир, Палестина өңдүү маселелерде Пакистандын саясий кызыкчылыгы чоң жана булардын куну да Пакистан үчүн олуттуу. Өзүңүз билгендей, Индиянын лоббиси Кашмир маселесинде Пакистанга каршы иштеп келет.

Тынчтык орной элек Ооганстан да Пакистан үчүн олуттуу көйгөй. Ооганстандагы бейстабилдүүлүк иш жүзүндө Пакистандагы туруктуулук менен тынчтыктын маселеси. Андыктан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө шайлануу Пакистанга коопсуздук боюнча өтө зарыл кызыкчылыктарын коргоо үчүн маанилүү.

2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин Пакистан экстремисттердин мурда болуп көрбөгөн кысымына кабылууда. Биз Коопсуздук кеңешинде болсок өзүбүздүн кызыкчылыктарды коргоп, аймактагы башка өлкөлөрдүн көз караштарын, зарыл болсо Кыргызстандыкын да айтып чыга алабыз.


Коопсуздук кеңешине мүчөлүк маселеси Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кхардын Бишкекте шейшемби күнкү сапары учурунда көтөрүлгөнүн Тышкы иштер министрлиги жана президент Роза Отунбаеванын басма сөз кызматы да ырастады.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар бири-бирине ийгилик каалашып, Роза Отунбаева Хина Раббани Кхар менен жолугушуу учурунда “Кыргызстан элинин Пакистанга көз карашы, ниети түз жана Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди азыркыдан бийик деңгээлге чыгарууга кызыкдар”,-деп билдирген.

Шейшемби күнкү сүйлөшүүлөрдө, Тышкы иштер министрлигиндеги булактардын айтымында, Кыргызстан он төрт жыл мурда көрсөтүлгөн талапкерлигин бул шайлоодо Пакистандын пайдасына албай турганын ачык ишара кылды.

Пакистандын өтүнүчү

Мунун алдында Пакистандын айрым гезиттери өлкө тышкы иштер министринин Бишкектеги сапары Кыргызстанды талапкерлигин алууга ынандыруу максатын көздөөрүн жазып чыгышкан.

Маселен Исламабадда чыгуучу The Exppress Tribune басылмасы Пакистандын Тышкы иштер министрлигиндеги булактарга шилтеме жасап жазгандай, алдыдагы шайлоодо жеңерине ишенип турган Пакистан Кыргызстандан анын пайдасына талапкерлигин алып коюуну буга чейин бир нече ирет өтүнгөн.

Мындай өтүнүч Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилланинин март айында Бишкекке жасаган сапары учурунда да айтылган. Бирок анда Пакистан тарап расмий Бишкектен, The Exppress Tribune басылмасы жазгандай, “дүйнөлүк дипломатияда роль ойноо жаш демократия үчүн артыкчылык” деген жооп алган.

Ким кимди колдойт?

Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлануу үчүн Башкы ассамблеяда БУУга мүчө өлкөлөрдүн үчтөн биринин же 128 мамлекеттин добушун алуу керек. Ушундан улам учурда эки тарап тең дипломатиялык аракеттерин ургалдуу жүргүзүүдө жана ким кимди колдойт деген суроо чыкпай койбойт.

Адатта Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция тигил же бул талапкерди акыркы мүнөттөргө чейин ачык колдобойт экен. Бирок Пакистандын айрым гезиттеринде АКШ бул шайлоодо Кыргызстанга демөөрчүлүк кылып жатат, расмий Бишкектен Исламабаддын өтүнүчүн улам-улам четке кагуусунун бир жүйөсү ушунда деген жоромолдор жазылууда. Жогорудагыдай пикир The Express Tribune басылмасынын шейшемби күнкү санында айтылат.

Ал эми Пакистандын БУУдагы мурдагы элчиси Мунир Акрам Dawn деген басылманын 9-октябрдагы санында Вашингтон Пакистандын Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө келишин колдобой жатканынын себебин Исламабад бул органды АКШнын учкучсуз башкаруудагы учактарынын Пакистан аймагына соккулары өңдүү татаал маселелерди көтөрүүчү платформа катары пайдалануусун каалабаганына байланыштуу деп түшүндүрөт.

Соңку айларда АКШ менен Пакистандын алакасы татаалдашып кеткени белгилүү. Америкалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөр Пакистандын аскерий чалгын кызматын согушкерлердин “Хаккани” тобун колдоп жатканы үчүн айыптаган.

АКШ Ооганстандагы бир катар кол салууларды Пакистанда жайгашкан “Хаккани” тобунан көрүүдө.

АКШ БУУдагы шайлоодо Кыргызстанды чын эле Пакистан менен мамилеси начарлай түшкөнүнөн улам колдоосу мүмкүнбү? "Азаттык" бул суроо менен Вашингтондогу Жорж Мейсон университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис Эрик МакГлинчиге кайрылганда, ал буга так кесе жооп бере албасын, бирок азыр бир нерсе анык экендигин белгиледи:

- Анык айтууга боло турган бир нерсе - АКШ Пакистанда болуп жаткандарга тынчсызданууда. АКШнын Ооганстанга жүк ташууда соңку жылдары Түндүк түйүндү пайдалануусу өсүп жатат, бул өзгөчө Пакистандагы стабилдүүлүк боюнча камтамачылыктардан улам өстү. Менимче АКШ өкмөтү Пакистан мамлекети карманган багыттан тынчсызданып жатканы четке кагууга болбой турган факт. Бул добуш берүүгө кандай таасир тийгизерин билбейм. Бирок АКШ өкмөтү Пакистан менен мурунку алакаларын алмаштыруу үчүн өкмөттөрү абдан проблемалуу Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен карым-катнашка барууда. Бул, менимче, АКШ Пакистандын жагдайынан абдан камтама экендигин ишара кылууда.

Ал эми Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиcи Бакыт Абдрисаев эгер Вашингтон жана анын европалык өнөктөштөрү БУУдагы добуш берүүдө Кыргызстанды колдосо, бул демократияны колдогондук болорун белгиледи.

Пакистандын БУУдагы мурдагы элчиси Мунир Акрамдын пикиринде, Кыргызстан Башкы ассамблеяда үчтөн эки добушту ала албай турганы анык болгон соң Пакистанды жеңе албашы айныксыз. “Бирок анын талапкерлиги Кошмо Штаттар тарабынан колдоого алынып жатканы чын болсо, үчтөн эки добушту Пакистан да ала албашы мүмкүн".

Анткени АКШнын БУУда Пакистандын мүдөөсүн татаалдаштыргыдай таасири бар. Мурдагы шайлоолордо ал туңгуюкка кептелген учурда компромисттик чечим кабыл алынчу. Мүчөлүктүн мөөнөтүн эки өлкө тең бөлүп алчу же ошол аймактан тараптардын баары үчүн ылайыктуу үчүнчү талапкер шайланчу.

БУУнун Кооопсуздук кеңешинин жаңы ээлери ушул аптада аныкталууучу беш орунунун калган төртөөсүнүн экөө Африка тобуна берилип, ага үч мамлекет ат салышууда. Чыгыш Европа өлкөлөр тобуна берилген бир орунга да үч мамлекет талаптанса, алардын арасында эски совет аймагынан Азербайжан бар. Латын Америкасы менен Кариб боюндагы өлкөлөргө берилген бир орун талашка түшкөн жок жана ал үчүн бир гана Гватемалла талапкерлигин койгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG