Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Жогорку Кеңеш эс алууга кеткенге чейин президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөттүн жарыялоого үлгүрбөй калышы мүмкүн. Парламенттин 24-июндагы отурумунда “Шайлоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кароо күн тартибине шашылыш киргизилди.

Парламент отурумунун башында талаш-тартыш “Шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кароонун кечеңдеп жатышынан чыкты.

Мыйзам долбоорунун авторлору буга чейин Жогорку Кеңеш бекиткен тиешелүү мыйзам долбоорунун президенттин кеңсесинде көпкө кармалып, анан каршы пикир менен кайра жөнөтүлгөндүгү себеп болгондугун белгилешти.

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев жаңы мыйзам долбоорун бекитип, БШКнын жаңы курамын аныктоодо маселе атайын создуктурулуп жаткандыгына токтолду:

- Жогорку Кеңештин иш графиги боюнча быйыл апрель айында БШКнын жаңы мүчөлөрү шайланмак. Бирок президент "Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу" мыйзамга кол койбогондуктан улам минтип эки ай өтүп кетти. Ошентип эски БШК курамы калып калды.

Аларда шайлоону өзүбүз өткөрөбүз деп чыгышкандыгын билесиздер. Мына ушундай ары тарт, бери тарттын айынан биз эки ай убакытты жоготтук.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев мындай дооматтар менен макул эмес. “Шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдүн учурунда даярдалбай калышын жана БШКнын жаңы курамын бекитүү иштеринин кечеңдешин Акылбек Сариев демилгечи тараптын өздөрүнүн ыкшоолугунан көрөт:

- Бул эми саясатчылардын сөзү. Андай аракеттер болгон эмес. Андай боло турган болсо ошондой болгонун тастыкташ керек болчу. Баары эле билет. Мурдагы курамдын мөөнөтү бүткөн. Муну эми өздөрү үлгүрүп жетише албай калып, күнөөнүн баарын башкаларга оодара берген болбойт.

Создуктуруунун себепчиси ким?

Баш мыйзамга ылайык, президенттин мөөнөттү бүткөнгө төрт ай калганга чейин шайлоо жарыяланышы керек. Эгерде парламент эс алууга кеткенге чейин “Шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр бекитилип, жаңы БШК курамы аныкталбаса, анда шайлоону жарыялоо мөөнөтү сентябрь айына жылып кетиши мүмкүн.

Мына ошондуктан саясий чөйрөдө президенттик шайлоону жарыялоо атайын чоюлуп жатышы ыктымал деген түкшүмөлдөр басымдуулук кылууда.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев мурдатан макулдашылбагандыктын кесепети ар кандай саясий оюндардын жанданышына негиз берип жатат деп эсептейт:

- Ө. Текебаев мына ошол мыйзам долбоорунун автору болгондон кийин башында президент, фракциялардын башчылары менен алдын ала макулдашканда эле мындай талаш-тартыш чыкмак эмес.

Эми мындан ары кандай саясатты чыгара беришет. Бирөөлөр атайылап Р. Отунбаева мөөнөтүн узартып жатат деген ушактарды таратышы мүмкүн. Ошол эле учурда президент каалабаган күндө деле анын жанындагылар мына ошондой оюндарды уюштуруп коюшу ыктымал. Анткени алар убакыттан көбүрөөк утуп, отурган май талкан орундарында узагыраак турганга жандалбасташы турган иш.


Анткен менен өкмөт башчысы менен президентке жакын деп саналган саясий күчтөр президенттик шайлоону создуктурууга алардын кызыкчылыгы жок экендигин айтып чыгышты.
Мурдагы курамдын мөөнөтү бүткөн. Муну эми өздөрү үлгүрүп жетише албай калып, күнөөнүн баарын башкаларга оодара берген болбойт.

КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков Баш мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо күнүн тезирээк аныктоого ынтызар экендиктерин белгиледи:

- Эгерде биз бул мыйзам долбоорлорун кароону 30-июнга калтыра турган болсок, анда ага президент кол коюп, күчүнө киргенге чейин бир канча күн өтүп кетип, шайлоону жарыялоону кийинкиге калтырууга аргасыз болобуз деп айтып жатабыз. Биз Баш мыйзамга ылайык шайлоону өз учурунда жарыяланышы керек деген эле турумдабыз.

Парламенттеги бир катар талаш-тартыштан соң “Шайлоо тууралуу” мыйзамды кароо күн тартибине акыркылардан болуп киргизилди. Андан соң эл өкүлдөрү кезексиз шартта БШКнын жаңы курамына талапкерлерди талкуулай башташты. Бирок парламент мунун бардыгын бир күн ичинде карап бүтө алабы же жокпу – бул шайлоо күнүн аныктоодогу башкы маселе болуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG