Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Абдурасулова: Иликтөөлөргө парламент чекит коюш керек


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова июнь окуясы боюнча парламенттик комиссия түзүлүшүн туура көрбөйт.

25-майда бул окуяны иликтеген Жогорку Кеңештин комиссиясынын корутундусу боюнча парламенттик угуу өтмөк. Бирок комиссия үчкө бөлүнүп, үч башка бүтүм чыгаргандыктан бир жыйынтыкка келүүгө убакыт берилди.

- Азиза айым, азыр интернетте отчеттун бир нече варианты жайгаштырылыптыр. Бирок биз уккандай, анын мазмуну менен биз эле эмес депутаттар да таанышып чыга элек экен. Бизди кызыктарган маселе, бул үч отчеттун сунуш кылынышы. Бир эле комиссия үч бүтүм чыгарганын сиз кандай баалайсыз жана бул эмнеден кабар берет?

- Биринчиден, бир эле комиссиянын үч башка бүтүм чыгарышынын эч бир карама-каршылыгы жок, туура эле деп эсептейм. Себеби ал жерде ар түрдүү фракциянын өкүлдөрү кирген жана ар кандай көз караштар болушу мүмкүн. Депутаттык комиссия бул саясий орган. Ошондуктан мен негизинен депутаттык комиссиянын түзүлгөнүн туура эмес деп баалайм. Себеби биринчиден, биздин парламент Оштогу июнь окуясы болгондон кийин түзүлгөн парламент, ал ишке киргенден бир жыл өткөндөн кийин гана өзүнүн жыйынтыгын чыгарганга аракет жасап атышат. Экинчиден, парламент көзөмөл орган болгондуктан башка чыгарган жыйынтыктарга көзөмөл кылып, туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп, укуктук жагына көбүрөк көңүл бөлүш керек эле. Азыр өзүнүн акыркы чекитин коё турган парламент өздөрү процесске катышып алды. Ошонун өзү туура эмес болуп калды.

- Бир жалпы жыйынтык чыгарганда ар бир отчеттон, ар бир баяндамадан жалпы жерлери алынып жарыяланабы, механизми кандай болот?

- Ал кандай болуп жарыяланаарын мен билбейм. Эл аралык комиссиянын отчету, ага чейин биздин Улуттук комиссиянын отчету, бир нече эл аралык укук коргоо уюмдарынын отчеттору жарыяланган. Ошолорду жалпылап туруп парламент өзүнүн баасын берип, акыркы чекитти коё турган орган болчу.

- Өзү иликтебей эле…

- Өзүлөрү иликтегендин зарылчылыгы жок эле. Себеби парламент бул окуядан кийин жарым жылдан кийин түзүлүп атат. Андан кийин бир жылга жакындагандн кийин комиссиясы түзүлүп атат. Ошондуктан булар процесске аябай кеч киришти жана ошол окуянын маанилүү издери, маанилүү тарыхый документери, күбөлөрү жок болгон убакта өзүлөрүнүн ишине киришишти. Булардыкы кайра эле саясат, оюн болуп калды. Ошондуктан булар колунда болгон отчеттор менен жыйынтык чыгарып, акыркы чекитти коюш керек болчу.

- Башкача айтканда, сиз жаңы эч нерсе күтпөйсүзбү бул бүтүмдөн?

- Бир эле комиссия үчкө бөлүнүп аткандан кийин биз кантип жаңы нерсени күтө алабыз?

- Сиз эл аралык комиссия деп кеттиңиз, талкуу аябай кызуу жүргөндөй. Депутат Каныбек Иманалиев а түгүл эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюнен өзбек сепаратисттеринен пара алган деп күнөөлөдү. Сиздин реакцияңыз кандай мындай сөздөргө?

- Пара алганын колу менен кармап албагандан кийин күнөөлөө туура эмес болуп калат. Депутат Каныбек Иманалиевдин бир нерсесине макулмун, кандай комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарган күндө дагы, Кыргызстан өзүнүн мойнуна алган эл аралык милдеттемелерге, мойнубузга алган келишимдерге таянып чыгарылган отчетту Кыргызстанда укуктук талаада карап чыгышыбыз керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG