Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Парламенттик оппозиция депутаттарды шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыштыруу демилгесин көтөрүүдө. “Ата Мекен” фракциясынын айрым мүчөлөрү президенттик шайлоого чейин мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөшүүдө.

Мындай жагдайга карата Боршайком “биз мыйзамды гана аткаруучубуз” деп кол куушурууда. Ал эми айрым серепчилер бул кадамды депутаттардын өзү билемдиги катары баалап жатышат.

Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн

“Ата Мекен” фракциясынын айрым өкүлдөрү “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө белсенип жатышат.

Ага ылайык, жергиликтүү жана парламенттик депутаттарга кайсы бир талапкерди колдоп, үгүт жүргүзүү укугу берилмекчи.

Фракция мүчөсү Эркин Алымбеков мындай демилге парламенттик башкаруу системасына ылайык, партияларды күчтөндүрүү үчүн көтөрүлүп жатканын билдирүүдө:

Эркин Алымбеков
- Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештин депутаттары эл назарындагы адамдар. Азыркы жаңы системанын негизиндеги саясий атаандаштыктын принциптерин эске алсак, депутаттар ошо партиялык түзүлүштү бекемдеп, партиялардын саясий-экономикалык платформасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн аларга үгүт иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Бул боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштадык.

Президенттик шайлоого аттангандардын арасында Жогорку Кеңештеги көпчүлүк фракциялардан өкүлдөр бар. Ал гана эмес бир нече депутат президенттикке талапкерлигин өз алдынча көрсөтүшкөн.

Мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, жергиликтүү жана парламенттик депутаттар жумуштан кийинки бош убактарында партиялаштарынын пайдасы үчүн үгүт жүргүзө башташат.

БШК эмне дейт?

Боршайком мүчөсү Нурмамат Ашымов мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине катыша албастыгын, бирок Жогорку Кеңеш ал мыйзамга өзгөртүү киргизсе, БШКнын аны аткарбоого аргасы жоктугун белгиледи:

Нурмамат Ашымов
- Ал жерде "мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын кызматкерлери үгүт иштерине катыша албайт" деп так жазылган. Биз эми БШК мыйзам аткаруу органы болгондон кийин аны аткарабыз да. Бирок кабыл алган чечим канчалык мыйзамдуу экенин башка органдар териштириш керек.

Президенттик шайлоо үчүн үгүт иштеринин башталышына аз күн калганда көтөрүлгөн бул демилге коомчулукта түрдүү кабыл алынууда. Эгер депутаттарга үгүткө катышуу укугу берилсе, калган мамлекеттик кызматкерлердин жагдайы кандай болот деген суроолор да туулууда.

Өзүм билемдикпи?

Боршайкомдун мурдагы курамынын төрагасы Акылбек Сариев Кыргызстандын буга чейинки шайлоо мыйзамдарында мамлекеттик кызматкерлердин үгүт кылышына уруксат берилген учурлар болгонун айтат. Бирок жаңы мыйзамда буга тыюу салынгандан кийин, аны кайра өзгөртүү демилгесин, депутаттардын жеке кызыкчылыгы менен байланыштырат:

Акылбек Сариев
- Баягы эле депутат билгенин кылат, каалаганын жазат, каалаганын кабыл алат дегендик. Шайлоо жакындап калганда, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнүн кажети барбы, жокпу - кеп ушунда. Массалык маалымат каражаттары деле кайрылып жатпады беле, мыйзамдарга өзгөртүү киргизгиле деп. Анын эмнеге карабайт? Өздөрүнүн кызыкчылыгы келгенде мыйзамды кабыл ала коебуз дегени туура эмес. Ошол партиялардан, депутаттардан талапкерлер болбогондо, анда бул мыйзамды эч ким көтөрмөк эмес.

30-октябрда өтө турган президенттик шайлоого үгүт иштери 25-сентябрда башталганы жатат. Ага чейин демилгечи депутаттар мыйзамга өзгөртүү киргизип, өнөктүккө жетишип калууну көздөшүүдө. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште колдоо тапса да, президент ага кол койобу?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG