Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Жогорку Кеңеш кыз ала качууга бөгөт коюунун дагы бир мыйзамдуу жолун талкуулай баштады. Депутаттар “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизип, "жубайлар үй-бүлө куруу алдында мамлекеттен атайын уруксат кагазын алуусу керек", деп мыйзамга жазмай болушту.


“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор эл өкүлдөрүнүн кызыл чеке талашын жаратты.

Үй-бүлө куруп жаткан жаштар сөзсүз түрдө мамлекеттик нике каттоодо (ЗАГС) турушу керек деген депутаттардын саны көпчүлүктү түздү.

Мыйзамдын демилгечиси, “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда жаңыдан турмуш курган жаштар мамлекеттик никеге каттоого турбай жатышынын кесепетинен улам жүздөгөн аялдар жана балдар жабыркап жатканын айтты:

- Бул азыр Кыргызстанда чоң көйгөйгө айланды. Кызды ала качканда, молдо нике кыйганда, кыздын макул болгонун, кантип биле алабыз? Кандай документ аркылуу? Ошон үчүн үйлөнөөр алдында никелешүү тууралуу күбөлүк, же үйлөнүүгө болгон арыз болуш керек. Ошол документ аркылуу биз эки жаш үйлөнүүгө макул экенин билишибиз керек. Кыз унчукпай койсо эле макул болду деген туура эмес болуп калат.

Алтыбаеванын демилгесин аял депутаттар ошол замат колдоп чыгышты. Үй-бүлө курууда күбөлүк талап кылууну мыйзамга киргизүү аркылуу көп аял алган эркектерди да чектөөгө болоорун Социал демократтар фракциясынын өкүлү Дамира Ниязалиева айтты:

- Бул ала качууга болгон бөгөт. Экинчиден, жоопкерчилиги жок, 3-4 аял алган эркектердин жоопкерчилигин карай турган мыйзам. Эч кандай каттоосуз эле турмуш курган аялдар кийин балдарын ээрчитип, көчөдө калып атышат. Мыйзамды колдоп берели.

"Колдойун десем чийки экен..."

Депутаттардын көпчүлүгү бул мыйзам долбоорун колдогону менен, анын чийки жактары өтө эле арбын экенин айтышты. Алыскы айылдарда үй-бүлө кургандар мамлекеттик нике каттоо кызматынан күбөлүк алдыбы, же алган жокпу - муну ким көзөмөл кылаары жана молдолордун уруксат кагазы жок нике кыйбашын ким текшере тургандыгы суроо жаратат. Керек болсо бул мыйзам молдолордун гана баркын көтөрүп, аларга пара берүү күчөйт деп шектенген депутаттар болду.

Эл өкүлү Зайыр Сулайманов кыздын макулдугусуз нике кыйган молдолор жазага тартылбай жатканын белгиледи:

- Кыздын макулдугусуз нике кыйып койгон молдолорду кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек болчу. Ала качкан жигитти да жоопко тартуу керек. Бирок кыз макул болсочу? Анда "силер койо тургула, мамлекеттик нике каттоодон уруксат алып келгиче болбойт, күтөбүз" дейби? Уруксат алыш үчүн бир ай күтүш керек, муну билесиз.

Бишкек, Бакыт үйү. 10.10.2010.

Бишкек, Бакыт үйү. 10.10.2010.

Бул мыйзамдын иштешине диний кызматкерлер да каршы экендигин билдирип келишет. Алардын айтымында, элетте мамлекеттик нике каттоо кызматына баруудан баш тарткан жаштар нике кыйдыруудан да баш тартып, үйлөнүп алышы мүмккүн. Анда мыйзамсыз, ал тургай никесиз балдардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Бирок депутат Кожобек Рыспаев соңку кезде күчөп бараткан кыз ала качуу сыяктуу аял укугун одоно бузган көрүнүштөр ушундай мыйзам аркылуу гана тыйыларын айтат:

- Ала качууга бөгөт болот. Үйлөнө турган адам алдын-ала арыз жазып, каттоодон өтүп койсун. Азыр кызды зордуктап кат жаздырып, анан молдо билбей эле нике кыйып атат. Кызды алып барышса, кемпирлер босогого туруп алып, алдына жата калып, токтотуп атышат. Буга мыйзам керек. Колдойлу.
Эч кандай каттоосуз эле турмуш курган аялдар кийин балдарын ээрчитип, көчөдө калып атышат.

Ошентип “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга үйлөнүү алдында мамлекеттик нике каттоо кызматынан сөзсүз уруксат кагаз алышы керек деген депутаттардын саны басымдуу болду.

Эл өкүлдөрү буга чейин да нике кыюу учурунда молдолордун жоопкерчилиги жок болуп жатканын айтышып, уруксатсыз нике кыйган имамдарга айып пул салуу демилгеси да көтөрүшкөн.

Аялдар укугун коргогон уюмдар бул демилгени колдоп, нике расмий катталбагандыктан, аялдардын жана балдардын укуктары бузулуп жатканын айтып, даттанышкан. Эми уруксат кагазсыз эле молдолор нике кыйып, бүлө курууга көнүп калган коомчулук парламент мыйзамын кандай кабылдайт болду экен?
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG