Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы коалиция жана анын экономикалык программасына байланыштуу маселелерге арналды.

Талкууга катышкандар:

“Республика” партиясынын төрагасынын орун басары, коалиция боюнча “Республиканын” жумушчу тобунун жетекчиси Замирбек Эсенаманов

Социал-демократиялык фракциясынын мүчөсү, КСДПнын коалиция боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Чыныбай Турсунбеков

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов

“Азаттык”: Адегенде эле коалиция түзүлдүбү, түзүлгөн жокпу ошого байланыштуу суроодон баштасак. Анткени коалиция түзүлдү деп кабарланып жаткан менен ал расмий түрдө жарыялана элек. Коалицияны түзүп жаткан “Республика” партиясынын өкүлүнө кайрылсак. Замир мырза, коалиция барбы? Болсо кандай курамда түзүлдү?

Замирбек Эсенаманов: Азыр кечки саат алтыдан 34 мүнөт өтүптүр. Жарым саат мурун үч фракциядан турган коалиция түзүлдү. Бул “Республика”, СДПК, “Ата Журт” фракциялар.

“Азаттык”: Ушул фракциялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдө жогорку кызмат орундары абдан талаштуу болуп жаткан эле. Кызмат орундары кандай бөлүштүрүлдү үч фракциянын ичинде?

Замирбек Эсенаманов
Замирбек Эсенаманов: Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биринчи аракетте болбой калбады беле. Анан ушул биздин “Республика” партиясына тийген мезгилде фракцияны түзүү маселесине келгенде, биз башка ой менен, негизги коалицияны түзөбүз деген максат койдук эле. Ошондо айырмаланып жумушчу топ түзүлгөн, анын ичине беш өкүлүбүз кирди. Ушул жумушчу топ менен биз ар бир партиядан суранып, “Республика” партиясы башынан эле кеңири коалиция түзөлү деген ойдо болчубуз.

“Азаттык”: Бирок ошол кеңири коалиция болбой калды. Азыр үч партиянын ортосунда КСДПга өкмөт башчылык, “Республика” партиясынын лидери биринчи вице-премьерлик, “Ата Журтка” төрагалык кызматына кирише турган атабы?

Замирбек Эсенаманов: Эми буйруса ошондой бөлүштүрүүнүн аягына чыктык.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, бул парламенттин жыйыны эртеңкиге расмий түрдө чакырылдыбы?

Чыныбай Турсунбеков: Ооба, мындан 40-50 мүнөт мурда, азыркы төраганын милдетин аткаруучу Ташболот Балтабаевичтин колу менен чакыруу алдык, биз өзүбүздүн депутаттарга кулактандырдык, эртең саат 9-30да отурум уланат.

Көз кызарткан кызматтар

“Азаттык”: Замир мырза, коалиция өкмөттүн жана парламенттин структурасы боюнча маселени чечтиби? Чечсе кандай структура сунушталып жатат?

Замирбек Эсенаманов: Өзүңүздөр билгендей, өкмөттүн структурасында бүгүнкү мамлекетибиздеги экономикалык кырдаалды карап отуруп өтө деле өзгөртүүлөр белгиленген жок. Себеби жүрүп аткан арабаны ары көздөй дөңгөлөгүн айлантыш бүгүнкү өкмөттүн милдети.

Экинчи, Жогорку Кеңештин структурасы боюнча биринчи коалиция түзүлгөндө, ошол жерде оппозиция менен позициясы түзгөн 16 комитеттен турган Жогорку Кеңештин структурасы түзүлгөн. Ошол бүгүнкү күндө каралып атат. Бирок кээ бир сунуштар түшүп калышы ыктымал, кээ бир депутаттар 17 комитет болсун деп айтып атат.

“Азаттык”: Парламентте бюджет жана укук коргоого байланыштуу комитеттер оппозицияга берилери Конституцияда каралган. Бирок бул тармактагы комитеттер майдаланып, оппозициянын ролу азайтылып жатканы мурда эле сындалган. Аликбек мырза, сунушталып жаткан структурага кандай баа бересиз?



“Азаттык”: Бийлик структуралары үч фракциянын ортосунда бөлүндү. Кайсы фракция кайсы тармакка жооп берет? Замир мырза, жогорку кызматтар бөлүнгөндөй эле иштер конкреттүү түрдө бөлүндүбү?

Замирбек Эсенаманов: “Ата Журтка” мындай болду, тигиге тигиндей болду деп айтууга эрте. Себеби үч фракциянын башы бириккен соң мамлекеттин экономикасын оңдоо керек. Адегенде башчылар жөнүндө сөз болду, талаш-тартыштар болду, анын жөндөмдүүлүгүнө, профессионалдык даярдыгына жараша “Ата Журт” парламенттин спикерлигине, А.Атамбаев премьер-министрликке, Ө.Бабанов биринчи вице-премьерликке, экономикалык блок жагына деп үстүртөдөн сүйлөшүүлөр болду.

“Азаттык”: Конкреттүү министрликтер бөлүштүрүлгөн жокпу? Мисалы, “бизде бул адистер бар, бул тармакты көтөрүп кетет, бизде бул бар” деген?

Замирбек Эсенаманов: Андай майда-чүйдөгө чейин бөлүштүрүлө элек. Себеби, Аликбек Жекшенкулов айткандай, беш партия Жогорку Кеңештин депутаттыгына келгенде 120 болуп отурбайбы. Ошол жерде биздин башынан келаткан көз караш кеңири коалиция деп атабыз, ошонун ичинен эр-азаматтар бул министрликти мен тартып кетем десе, ошого жараша отуруп чогуу чечкенге мүмкүнчүлүк ачылды.

Өлкө абалы кимди ойлондурат?

“Азаттык”: Замирбек мырза, сиз кеңири коалиция жөнүндө көп сөз айтып атасыз. Бирок кеңири коалиция, менин оюмча, ишке ашпай калды окшойт?

Замирбек Эсенаманов: Абдан туура айтып атасыз. Жумушчу топ түзүлгөндөн баштап, адегенде сөздү кеңири коалиция түзөлү деген партияларга сунуштаганбыз. Мисалы мурда түзүлгөн коалициянын ичинде КСДП, “Ата Мекен” бар эле, биринчи жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү ушул эки партиядан башталды. Принципиалдуу маселелердин баарында тең биз өзүбүздүн көз карашыбызды айттык. Ошол жерде силердин көз караш боюнча биздин максат барыңыздардын оюңарды билели, ошолордун баарын эске алалы, жыйынтыгында коалиция түзүлсүн деген сунуштарды биз конкреттүү түрдө ар бир партияга айттык.

“Азаттык”: “Ар-намыстын” өкүлү бул жерде болбой калды. Бирок алардын максаты өкмөттү алуу болгон да. Эми аларга жооп бербей калды окшойт?

Аликбек Жекшенкулов: Мен “Ар-намыстын” ордуна жооп бере албайм.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, парламент, коалиция качан иштөөгө даяр, же иштейт. Анткени жыл аяктап баратат. Бюджет таңсыктыгы 28 млрд. сомго жеткен. Ага кошумча мугалимдер айлыгын көтөрүүгө дагы 1 млрд. 300 млн. сом табылыш керек?



“Азаттык”: Бул жерде “Республика” шайлоо өнөктүк учурунда убада кылган 7 пайыздык насыя, 9 пайыздык ипотека, өз баасындагы электр энергиясы качан ишке ашат?

Замир Эсенаманов: Биз жумушчу топту сунуштаган мезгилде адегенде “Республика” партиясынын программасы менен макулсуңарбы дегенди биринчи пунктка жаздык. Себеби 7%, 9% сиз айткан, ошолордун баары тең ишке аша турган нерсе. Албетте бүгүн 28 млрд. дефицит деп атасыз. Булардын баарына тең биздин мамлекетте эгемендүү мамлекет болгондон бери бюджетте дифицит бар. Ошонун баары тең сырттан мамлекеттик инвестиция долбоорунун эсебинен бюджетти толтурууга жана башка иштерди алып келүүгө грант акчалар жана кредиттер келип турат. Ошонун негизинде биз бул программаны ишке ашырабыз деген оюбуз бар. Ал алдын ала сүйлөшүлгөн нерсе.

Чыныбай Турсунбеков: Мен бул боюнча кошумчалап кетейин, биз дефицит деп атабыз. Биз эки күн мурда азыркы техникалык өкмөттүн өкүлдөрүн чакырып маалымат алдык. Каржы министринин орун басары Кылжыровдун бизге берген маалыматына караганда, дефицит 16,3 болуп атат. Ал эми кечээ эле каржы министринин агенттикке берген маалыматтарында, ошонун 11 миллиардын жапканга булак табылып атыптыр. Демек бул жылдын дефицити 5 млр. 13 миң сомдун тегерегинде болот экен. Бул анча коркунучтуу эмес дегенди билдирет. Ал эми азыркы суроого жооп берип коеюн, биз “Республика” менен коалиция түзгөн учурда да сүйлөшкөнбүз, ошондо да сиз айткан маселелер талкууланган. Ошонун негизинде биздин орто мөөнөттөгү нерсе, пайыздарды түшүрүү боюнча шарттарын этап-этап менен даярдоо деген атайын киргизилген.

Аликбек Жекшенкулов
“Азаттык”:
Аликбек мырза, бул айтып жаткан төмөнкү пайыздагы насыялар боюнча программа реалдуубу?

Аликбек Жекшенкулов: Менин оюмча, эң негизги коалициянын максаты бүгүнкү күндө саясий стабилдүүлүк болуш керек. Саясий стабилдүүлүк болсо инвесторлор, гранттар, жардамдар келет. Анан саясий эрк керек. Жаңы өкмөттүн саясий эрки болсо, албетте мүмкүн. Анткени билесиңер, мурун Орусиядан акчаны алып келгенде нөл-нөл канча пайызга берилген, кийин карасак эле 24-25 пайызга ашып кетти. Ошон үчүн бул жалпы экономикабыздын абалына, жалпы саясатыбызга жараша, анан эң негизгиси өкмөттүн жетекчилигинин, парламенттин саясий эркине жараша болот.

Каршы добуш: кимди ким тыйды?

“Азаттык”: Мына үч фракция келишимге жетишти, коалиция курууну макулдашты. Бирок биринчи коалиция куроо учурунда макулдоого жетишип, анан кыйроо болгон эле. Бул ирет да ошондой болбойбу деген чочуркоолор бар. Мисалы Жалал-Абаддан журналист Сапар Галилов ушундай чочулоосун айтып атат.

Сапар Жалилов: Бири-биринин бутун басып, бири-биринин дөңгөлөгүнө жыгач коюп, ушинтип эле, орусча айтканда экинчи жолу “провал” кылып коюшу мүмкүн. Менде ошондой коркунуч ой бар.

Замирбек Эсенаманов: Биз жумушчу топ түзбөдүкпү. Биринчи коалиция түзүлгөн мезгилде жеке лидерлер сүйлөшүп, алардын убактысын да, талкуулай турган маселесин да толук карай албай калдык. Мүмкүн ошондон ушул нерсе чыккан. Бул жолу көбүрөк депутаттар менен, ар бир партиядан 5-6дан мүчөлөр менен сүйлөшүп, алар алмашып да турду. Ошонун негизинде мен жетекчи катары айтып коет элем, кудай буйруса бул маселе ишке ашат.

“Азаттык”: Аликбек мырза, сиз кандай деп ойлойсуз, бул үч фракциянын келишиминин бешик боосу бек болобу, булардын ортосунда сиз байкаган кандай карама-карышылыктар бар коалициянын өмүрүнө коркунуч туудура турган?



“Азаттык”: Замирбек мырза, мурункуда сиздердин партияга көп күнөө түшкөн эле, бул ирет ичара бекемделдиңиздерби?

Замирбек Эсенаманов: Жалпы угармандарга айтып коюш керек, бул ачуу чындык, гезиттерде да айтып атышпайбы, ошол жерде биздин эки депутатыбыз добуш берип атканда ачык айтып эле “мен каршы салам” деп чыккан экен. Калган партиялар жөнүндө айта албайм. ММКларда жазылып жүргөндөй, 7-8 каршы берген депутаттар биздин депутаттар эмес, экөө биздики. Калганын өздөрү териштирип алсын.

“Азаттык”: Анда кызыктай жагдай түзүлөт го, анда "биздикилер 100 пайыз берген” деп КСДП отчетун берди.

Чыныбай Турсунбеков: Биз дале айтабыз, бул жолу да биздин команда макул болуп коалицияга барабыз дегенден кийин, биз да сөздүн аягына чейин турдук, бири-бирибизге ишеним бар. Бул жолу да ошондой эле негизде баарыбыз макулдаштык, биз коалициялык маселени карап ушул курамда барганга бир добуштап макулдугубузду бердик. Ошондуктан биз маселеден коркпойбуз. Ал гана эмес, кошумча иретинде угармандарга айтып коеюн, кечээ-бүгүн “Ата Мекен” партиясынын балдары менен сүйлөштүк, алар да өздөрүнүн фракциялык жыйынын өткөрүп, ошол жыйында бизди, жалпы коалицияны колдой турганын билдирип атышат, ачык эле түрдө добуш бере турганын билдирип атышат.

Чыныбай Турсунбеков
“Азаттык”: Мурдагы оппозиция азыр бийликте. Мурда оппозиция азыркы бийликтегилердей болуп куугунтукталып, чектелбеши үчүн Конституцияга атайын жазылып, буларга кызмат орундар бөлүштүрүлүп берилген. Бирок азыр ошол акыбал бузулуп, комитеттер ченелип, кечилип атат деп атат. Буга кандай баа бересиз, бул жерден эски оорубуз кармап жаткан жокпу?

Аликбек Жекшенкулов: Албетте кармагансыйт. Бийликтин негизги өзөгү ушунда болот экен да, бийликке бирөө жетсе ошол бийликти кандай ыкмалар менен болсо да сактап калсам деп. Экинчи жагынан, парламенттик мамлекетке өттүк деп айтылып атпайбы азыр. Өтө элекпиз, аракет кылып атабыз. Эгерде экинчи жолу да коалиция болбой калса, анда биз парламенттик мамлекетке даярбызбы, даяр эмеспизби, элибиз жактырабы, жактырбайбы деген чоң суроо туулат. Эртең жеке парламенттин тагдыры эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тагдыры, Кыргызстандын келечеги чечилип атат. Ошон үчүн депутаттар жооптуурак мамиле кылса деп чакырат элек биз.

Убадалар урааны

“Азаттык”: Чыныбай мырза, сиз экономика, бюджет жаатында көңүл тойдура турган башкача сөздү айттыңыз. Бирок ошол эле кезде сиз бюджеттин кандай аткарылып жатканы боюнча кабарыңыз барбы? Азыркы мезгилде менин маалыматым боюнча, мен анча-мынча адамдар менен сүйлөшсөм, кээ бир акимдер ссуда алып айлык бере баштаптыр, салык төлөнбөйт, кээ бир ишкерлер ишин жаап качып атат, казынада эмне бар азыр?



Чыныбай Турсунбеков: Мен азыркы айткан маалыматты Каржы министрлигинен алдым. Биз да чындыкты айталы деп аракет кылып, өкмөттүн мүчөлөрүн чакырып алып “бизге так маалымат бергиле, биз эртең элге чыгабыз, элге чыкканда уят болуп калбайлы, силер калп айтпагыла” деп атабыз. Ошолордон алган маалыматтарын айтып атабыз. Аликбек мырза туура айтат, эгерде чындыкты айтпасак, элди алдасак эртең тас кейпибизге түшөбүз. Болгонду айтсак эл түшүнөт.

“Азаттык”: Акча табуунун булагы катары “Ата Мекен” партиясы бир сунушту айтыптыр, учактар үчүн күйүүчү майга кошумча биз бажы төлөмүн киргизели ар бир тоннасына 55 доллардан деп. Бул “Манаска”, америкалыктарга байланыштуу иш болот го. Бул чечимди турмушка аткаруу реалдуубу?



“Азаттык”: Коалиция биринчи кезекте эмнени чечиш керек?

Чыныбай Турсунбеков: Өкмөттүн биринчи кезектеги иштерине келсек, албетте бүгүнкү кырдаалда элдин биримдигин сакташ керек. Аликбек мырза айткандай, элдин ишеними, тынчтык биринчи кезектеги маселелерден. Андан тышкары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу да бүгүнкү күндө өтө чоң маселелерден болуп атат. Анын ичинде адамдардын укуктары, кепилдиктери керек. Ошондой эле өлкөнүн бүткүл аймагында мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүү милдети болуп эсептелет.

Аликбек Жекшенкулов: Эки маселе. Биринчи, ички коопсуздук, регионалдык коопсуздук. Экинчи, экономика маселесин чечиш керек.

Чыныбай Турсунбеков: Ал да бар, өлкөнү социалдык-экономикалык кризистен алып чыгуу маселеси биринчи кезектеги маселелерге кирет. Үч маселеден туруп атат биздин программа. Андан кийин анын чечилиши.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG