Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Орусия Сирияга каршы жаңы санкцияларды колдобойт


Сириядагы орусиялык учак
Сириядагы орусиялык учак

Орус президенти Владимир Путин бул тууралуу бүгүн Бишкектеги пресс-конференцияда билдирди.

Путин “санкциялар азыркы шартта ылайыксыз жана сүйлөшүү жараянына жардамын эмес, зыянын тийгизерин” айтты.

Жарандык согуш учурунда уулуу газ колдонгону үчүн Сирия өкмөтүнө каршы санкция киргизүү демилгесин Европа өлкөлөрү жана АКШ көтөрүүдө.

Резолюция долбоору бүгүн добушка коюлат деп күтүлүп жатат.

Президент Башар Асаддын өнөктөшү Москва 2011-жылдан бери БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы жаңжалга байланыштуу алты резолюциясына вето салган.

Улуттар Уюмунун буга чейинки иликтөөлөрү Сириянын өкмөттүк аба күчтөрү 2014-2015-жылдары оппозиция колунда турган үч кыштакка курамында хлор бар бомба таштаган деген бүтүмгө келген.

Башар Асаддын өкмөтү болсо ал жарандык согуш учурунда химиялык курал колдонгон деген маалыматтарды төгүндөп келет.

Орусиянын пикиринде, БУУнун иликтөөсү учурунда табылган далилдер Коопсуздук кеңеши чара көрүүсү үчүн жетишсиз. (UE)

XS
SM
MD
LG