Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

«Республика» фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалицияга кошулбай турган болду. Мындай катты бүгүн аталган фракция өкүлдөрү расмий жарыялашты.

Бул тууралуу аталган фракция лидеринин орун басары Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” маегинде айтып берди. Башкаруучу коалицияга кошулуу боюнча бир нече айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген “Республиканын” мындай чечимине эмне себеп болду?

"Азаттык": Курманбек мырза, “Республика” фракциясы бир нече айдан бери башкаруучу коалицияга кирүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүп келген эле. Бүгүнтөн тарта бул сүйлөшүүлөр расмий токтоптур. Мындай чечимге эмне себеп болду?

Дыйканбаев: Өзгөрүү жасаганга эби жок, өз ишин жөндөй албаган өкмөт менен жоопкерчиликти бирге тартпаш үчүн ушундай чечим кабыл алдык. Учурдагы башкаруучу коалиция түзгөн өкмөттүн убада кылган реформалары ишке ашпай, чыгарган токтомдору аткарылбай жатат. Маселен, бүгүнкү күндө бир эмес, эки мэрге кылмыш иши козголду. Кадр саясаты да туура эмес жүрүп, жакшы иштегендердин ордуна “базаркомдор” дайындалып жатат.

Ошол эле маалда Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеп, "50 миллион сом коррупциялык схемалар аркылуу пайдаланган" деген корутунду чыгарды. Аны азыр Эсеп палатасы да далилдеп жатат. "Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекеттик бийликте отуруп алып, өз ишканаларын тендерге катыштырып, коррупцияга жол берүүдө" деген дооматты да депутаттык комиссия иликтеп жатат. Мына ушул кемчиликтерди эске алып, биздин фракция коалициялык көпчүлүккө кошулбайбыз деп чечтик.

"Азаттык": “Республика” фракциясынын мындан аркы кадамдары кандай болот?

Дыйканбаев: Биздин фракция мыйзам чыгаруу, мыйзамдарды көзөмөлгө алуу жана шайлоочулар менен иштеп жатат. Муну менен катар жер-жердеги штабдарды бекемдеп, курултайга даярдык көрүүдөбүз. Бирок учурдагы өкмөт отставкага кетсе, башка фракциялар менен коалицияга биригип, жаңы өкмөттү түзүүгө даярбыз.

"Азаттык": Сиз белгилеп жаткан Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы мыйзамсыз иштердин аныкталганын депутаттык комиссия мүчөлөрү жарыя кылган. Бирок бул парламенттин жалпы жыйынында талкуулана элек. Буга эмне себеп болууда?

Дыйканбаев: Бул маселени Жогорку Кеңеште кароого бут тосуулар болуп жатат окшойт. Болбосо депутаттык комиссиянын корутундусу эчак эле даяр болгон. Биз бир канча жума мурун эле талкууга алып чыгууну сунуштаганбыз. Эки-үч ирет парламентте да көтөрдүк. Ошондуктан, кийинки апталарда бул маселени сөзсүз түрдө парламентке алып чыгууга аракет кылабыз.

"Азаттык": Ал эми Тайырбек Сарпашевдин маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иликтөө башталган эле. Анын жыйынтыгы качан даяр болот?

Дыйканбаев: Негизи Сарпашев депутаттык комиссия ишин жүргүзүп жаткан учурда эмгек өргүүгө чыгып кетсе туура болмок. Бул боюнча маселени биз бүгүн да көтөрдүк. Ал эми комиссия учурда иштеп жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG